АТА-ЭНЕМ — ЫРЫСЫМ, АТА-ЭНЕМ — БАКЫТЫМ.

По | 27.07.2017

Ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы. Таалим көргөн ыймандуу,ыкластуу эне- Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү, үй-бүлөнүн бакыты,бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү, бүлөсү үчүн күйүп-бышкан боорукер камкор жан. Биздин жарык дүйнөгө келишибизге ата-энелерибиз себепкер болгон жана алар биз үчүн эң зарыл, эң улуу жана кадырлуу адамдар.Тогуз ай бою курсагында, бир нече жыл кучагында,андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн ардактуу энелерге тең келе турган зат, аларга тең аталык сүйүүгө, сыйга татыктуу эч бир жан жаратылбаптыр. Акылга салып таразалап көрсөк кичинекей алсыз балдар төрөлүп, чоңоюп,таалим-тарбия алууда ата-эненин жардамына муктаж болушат. Ата-эне болсо аларга тарбия берип жана бактылуу кылып чоңойтуп, өстүрүү үчүн канчалаган азап, кыйынчылыктарды көрөт. Күнүмдүк эле кийим-кече, тамак-аштары үчүн, кечинде келип балдарына кубаныч тартуулаш үчүн, кээчке эмгектенишип кыйналышат. Ал эми ата болсо жаны тынбай иштеп акча таап, балдарым деп жаны кыйналып иштейт. Мына ушундай сыяктуу дагы көптөгөн вазыйпаларды кайратынан жазбай аркалап келаткан кутман ата-энелер чындыгында сүйүүгө, жогорку урмат-сыйга татыктуу, аларды өмүр бою башыбызга көтөрүп жүрсөк да аздык кылат. Өзүлөрү жебегенди жедирип, өзүлөрү кийбегенди балдарына кийдирип, балдарыбыз элден калбасын деп эч нерсесин аябай окутуп-чокутуп, жайлуу жашашсын үчүн каражанын карч уруп эмгек кылышат. Ата-эне баласы үчүн баарына даяр болуп, кандай кыйын акыбал болсо да баарын көтөрөт. Күндүз чарчап-чаалыгып,түнкүсүн уйкусунан азат. Ушундай азап, кыйынчылыктардан кийин убакыт өтүп, күндөрдүн бир күнү бала чоңоюп, алдуу-күчтүү болот. Ата-эне болсо карып күч-кубаттан таят. Мына ошондо жардамга муктаж болуп калат. Ошондой учурда ата-энеге жардам берүү,тамак-аштан, кийим-кечеден көмөк көрсөтүү биздин милдет болот. Канчалык баласы ата-энесине чын жүрөгүнөн кызмат кылып, муктаждыктарын аткарып турса, ошончолук ата-эне да көңүлдөрү көтөрүңкү болуп, кубанычтуу өмүр сүрүшөт. Жараткандын деңиз сымал чалкыган мээриминин тамчысы энелердин жүрөгүндө экени талашсыз чындык. Эненин аруу жан дүйнөсүндөгү ошол оргуштаган мээриминин чен-өлчөмүн так аныктаган бир курал же бир каражат бар болду бекен? Бул жашоонун ар кандай оор шарттарында, жан кейиткен кыйын кезеңдеринде перзентине чаң жугузбай, бүт өмүрүн биздин жыргалчылыгыбызга арнаган ата-энелердин ак эмгегин кайтаруу мүмкүнбү? Эненин ак сүтүн, опол тоодой мээнетин актоо, аны башыңдын таажысы катары асырай билүү керек. Энелер сай-сөөгү сыздап, тамыры үзүлүп кеткидей болуп толгоо тартпаганда балдар бул дүйнөгө кантип келмек эле? Эне-атанын балдарына кылган санмиң жакшылыгын кайтаруу мүмкүн эмес. А бирок эне-атасын чыныгы ыраазы кылган инсан кандай гана бактылуу! Бейиш- энелердин таманын астында деген сөздүн чындыгында калет жок. Себеби бул тууралуу Мухаммад пайгамбар (с.а.в.) өзүнүн осуяттарында тагыраак айтканда хадистеринде баса белгилеп айтуу менен бирге ыйык Куран китепте эне-атага моюн сунууну жана жылуу мамиле кылууну буюрган. Аларга жакшылык кылууда Мухаммад пайгамбардан (с.а.в.) бир адам келип минтип сурайт: Мен эң биринчи кимге жакшылык  кылуум керек? Ошондо Мухаммад пайгамбар (с.а.в.): Энеңе, дейт. Андан кийин кимге?-деп сурады алиги адам. Энеңе!-деп жооп берди. Андан кийин кимге?- деп кайталап сурады ал киши. Энеңе. Ал киши дагы кайталап сурады: — Андан кийинкиси деги ким?- дегенде, атаңа жана жакындарыңа,- деп жооп берди. Мухаммад пайгамбардын (с.а.в.) бул хадисинде жакшылык кылууда жана жардам берүүдө эне биринчи кезекте укуктуурак экендигин айтып жатат,себеби ал атага караганда алсызыраак болсо да, баланы төрөө, эмизүү, көтөрүп жүрүү, аны багып, тарбиялап чоңойтуу түйшүктөр энеге жүктөлгөн. Ата болсо алдуу-күчтүү болсо да,бала багуу түйшүгүнөн алыс болот. Ошонун негизинде бул хадис баланын жакшылыгына эне үч ирет андан кийин ата, андан кийин гана жакындары укуктуу экендигин айтып жатат. Сөзүбүз кур болбошу үчүн дагы көптөгөн мисалдардан эки-үчөөсүн айтып бекемдегим келип турат. «Ата-эне сенин бейишиң же тозогуң», «ата-энеңерге жадакалса өх, уф-ф деп да айтпагыла жана аларга үнүңөрдү бийик көтөрүп сүйлөбөгүлө. Анткени оор болот алардын жүрөгүнө», «энеңди Меккеге жөө көтөрүп барсаң да, бир дем алуусун (тамчы сүтүн) да актай албайсың» деген көптөгөн накыл кептер бар. Албетте эне-ата ырысыбыз, бакытыбыз. Анткени, эне-атага жардам берип, аларга кызмат кылуу жана бир туугандар менен байланышып жакшы мамиледе болуу өмүрдүн узун болушуна жана ырыскынын кенен болушуна себепчи болот. Ошондой болсо да көпчүлүк жаштар, болгон мүмкүнчүлүгүн аялына, үй-бүлөсүнө жумшашып, мойнундагы милдети болгон ата-энесине кызмат кылууну унутушат. Ошондуктан кээ бир карып калышкан ата-энелер, өзүлөрүнүн балдары болуп туруп, карылар үйүнө түшүп калышы зээнимди кейитет. Ата-энесине мына ушундай таш боордук кылып, алардын жүрөгүн оорутуу, убайымга салуу түбөлүктүү азапка дуушар болот. «Ата-эне ыраазы болбосо, Жараткан ыраазы болбойт. Ата-энени капалантсаң, Кудай Тааланын каары келет» деп бекеринен айтылбаса керек. Аларга колунан келип туруп жардамдашып,каралашпаган болсо, анда ал чоң сооптордон кур калганы аз келгенсип, ырыскысынын кемүүсүнө да себепкер болот. Андыктан жыйынтыктоо ирээтинде айта турган болсок, адампенденин мойнундагы ата-эненин акысын эч бир тараза менен да, эч бир өлчөгүч курал менен да өлчөй албайбыз. Ал ошончолук маанилүү, нары баш тарткыс зарыл вазыйпа. Эң негизги милдетибиз ата-энеге кызмат кылуу, аларды кубантуу экенин жаныбыздан чыгарбасак. Бейиштин жолу ата-эненин ыраазычылыгында. Бейишти Кудай Таала энелердин таман астына таштады, аталарды бейиштин ортоңку каалгасы кылып койду. Ким кааласа, ата-энесин кубантып ак батасын алсын, ким кааласа, алардын көңүлүн оорутсун…