АЛА БАКАН

Кошкон | 07.09.2017

АЛА БАКАН (ача бакан) — «Баканды жакшы көрсөткөн, Башында майлуу сүр болот» (Осмонкул). Бул — салттуу үй буюму. Анын эки түрү бар. Төр ала бакандын түп жагы төрт бурчтуу келет да, андан өйдө төрт-беш жерден муунакталып, илгич кадалган жерлери гана муунакталышы шарттуу көрүнөт. Бул бакандын аяк-башы ичкерээк, ортосу муунакталып, ага күмүш шөкөктөр салынат. Ал жоон көрүнүшү да ыктымал. Буга чабылган көркөмдүк «сыя төгүү», «көрчөгөлөп чабуу» сыяктуу ыкмалар аркылуу бөтөнчөлөнөт. Мында «кочкор мүйүз», «ит куйрук», «куш тырмак» өңдүү элдик оюм-чийимдин элементтерин берүүгө зергерлер көбүрөөк көңүл бөлүшкөн.

Мындан сырткары ар бир муунакка экиден илгич тагып, анын тушуна тегерек томпок көрчөгөлөр чөгөрүлүп, анын ортосуна зергерчиликтин саймасы «зооткор» түшүрүлөт. Ала бакандын аягынан башына дейре жука темир бет бурулуп урулуп, адатта, ага күмүш жалатылат. Мында мык ордуна кагылып, көрчөгөлөр атайын эле көркөмдүк үчүн чабылгандай элес берет. Кээде буга түшкөн шөкөттөр «мүйүз», «жарым ай», «тегерек», «байчечек», «жарым бадам» оюмдарынын жарым жартылай элементтеринен турат.

Ала бакандын мындан бөлөкчө шөкөттөлгөн түрлөрү да бар. Ага төрт кыр жыгач тандалат да, мунун маңдай бетине гана жыш көркөмдүк түшүрүлөт. Ала бакан көбүнчө иймек темирден алты бутактуу болот. Ага берилген кооздук абалы жукартылган жазы темирге жалатылып, даана күмүш көрүнгөн тактаны кайчылап, кудум шырдак оюмдары түшүрүлөт. Анын ортолоруна айырмалана берилген тегерек көркөмдүктөр буюмдун көркүн ачат. Ала бакан башы уукка найза учу кейиптенип барып, ачакейлене тандалат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *