АК ӨРГӨӨ

Кошкон | 07.09.2017

АК ӨРГӨӨ — «Торум кыздын ак сарай, Салтанаты бир далай, Асемдүү боо тактырган, Ак манат менен жаптырган». «Жалаң үйдүн форумун, жарым күнү ырдаган» («Манас»). Бул — жасалгалуу боз үй, үйдүн көлөмдүүсү. Күнөстүү Кыргызстанда салтанаттуу тойлордо, «Малчылар күндөрүндө», эс алуу жайларында жана урматтуу меймандарга карата атайын тигилген боз үйлөр Ак өргөө болуп саналат. Ал мурун обочо, бийигирээк жайга тигилген. Актыгы, чоңдугу менен кооздугу аркылуу берки үйлөрдөн айырмаланган. Өргөөнүн жасалгасына атактуу усталар жана уздар катышат. Ак өргөөнүн чаканы «алты канат», чоңу «он эки канатка» дейре жеткен. Ак өргөөгө чыгдан тартылбайт, от жагылбайт.

(Мындан алты жыл мурун ГДРдын Лейпциг шаарында Бүткүл дүйнөлүк көркөм көргөзмө-ярмарка ачылган. Анда кыргыз боз үйү аалам алкактарынан келген сынакай көрүүчүлөрдү таң калтырат. Боз үйүбүз кошо катышкан форумдар ГДРде, Индияда, Канадада, Сирияда, Турцияда, Алжирде, Швейцарияда, Монголияда жана башка ушул өңдүү ондогон чет өлкөлөрдө болду). Ак өргөөнү көтөрүүдө айлакер зергерлердин, суусун ичкен жыгаччынын, кайкач бармак оймочунун, көз каргыткан саймачынын жана термечинин, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин аруу колдору катышат. Ичинен тегерек «тегирич» илинет да, сыртына кыдырата «кылдыраач» тартылып, ак өргөөнүн төрт жери кооз «төтөгөлөнөт». Анын эң чоңу «ак сарай» деп аталат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)