АТ ЖАБУУ

Кошкон | 07.09.2017

АТ ЖАБУУ (тикек) — Ат жасалгаларынын мерчемдүү бөлүгү. Ээрдин алдынан, тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу көркөм буюм. Сынга толуучу аруу буюм ат жабуу өрмөкчүлүк (терме, кажары, беш кеште) менен катар саймачылык менен асемделет. Демек, эндей таарга жана кездемеге сайма көчөттөрүн көчүрүү үчүн уздар ботонун, койдун жүнүн ипичке ийрип, аны оңго жана солго чыйратышкан. Ат жабууну кадимки жүн жиптер менен саймалаган.

Четтериндеги түймө чачыктары шуруланып, төкмө жана топ чачыкталган түрүн «тикек» (дикек) дейт. Мында буюмдун жердиги, сары таарыдан турат да, ага кызыл, көк өң менен сайма көчөттөрүн түшүрүшөт. Ал сайылган кештелер балыш- жаздыктарга берилген: «тогуз төбө», «байчечек», «кайкалак», «допу талаа» көчөттөрүнө окшошуп жана үндөшүп турат.

Тикектин жердиги кездемеден да тандалат. Анда ага көбүнчө «илме дос» (илме- илме, илип саюу) мүнөздүү келет.

Ат жабуу кийизден да болот. Демек, ар түрдүү жердикке мына ушундай сайма көчөттөрдү алмак-салмак түшүрүү Түштүк Кыргызстанда бөтөнчө өнүгөт. Тактап айтканда, мында буюмдун жердиги үчүн чеберлер төөнүн, койдун жүнүн даярдашат. Кийинчерээк кебезди да ийрип чыйратышкан. Өрмөктү курууда бир өңчөй өңдөгү жиптер гана күзүктөлүп, эриш жип (өрмөктүн үстүңкү-астыңкы жиптери) ичке ийрилген. Ага аркак (эриш жиптердин ортосунан өтүүчү шоона жип) өткөрүп, эч кандай көркөм көчөтсүз, эндей согулат. Адатта, жүндүн түсүнө карата анын өңү саргыч, ак, кызгылт, кээде кара да болушу ыктымал. Демек, ушул таарга уздар «илме дос», «илме сайма» өңдүү сайма ыкмалары аркылуу көркөмдүктү беришет.

Саймачылар буюмдун четине «төкмө чачык», «тор чачык» берет. «Жээк» катары кажары таарынын ыкмасында ак менен карадан «кош кайкалак көчөтүн» (багжагай) эки элидей эндүүлүктө келтирет. Анын четинде өрмөкчүлүк жана саймачылык аркылуу четтик көчөт көчүрүүгө да болот. Анын эки тарабына «чычкан изин» түшүрөт. «Багжагайдан» кийин буюмдун жердигине сайма көчөттөрү сайыла баштайт. Анда көркөм көчөттөр «жарым кайкалактын» элементтеринен турат да, бөз жердикке түшкөн, көк, сары, кара, кызыл өңдөрдү көк (ток көк) өзүнө оодарып, буюм түшкөн четтик көчөттөгү «чычкан изи» (суу) өзүнчө «ала мончоктоло» берилет да, анын четтерине теке мүйүздөнгөн көркөм элемент-көчөттөрү болот. Ортолук көчөт эки чоң тегерекчеден, тактап айтканда, табакчадан турат. Андан бутактанып экиден төрт кичине көчөт бөлүнүп чыгат. Табакчалардын ичи-сырты жарым кайкалак жана жылдызчаларга жыш толтурулган. Жалпы көз карашта алганда, мында өңдөрдүн ич ара айкалышын жана сайманын ыкмасын биринчи орунга коёбуз.

Элүүнчү жылдары улуулардын нускоолору менен чеберлер бул буюмга жапырт узданууга аттанышат. Сайманын мындай үлгүлөрү салттуулукта кармоонун көөнөрбөс нускаларын далилдеген. Бул сайманын эски ыкмаларын дал өзүндөй сактоо менен көркөм көчөттөрүбүз элдик нукта, андагы уздардын уздук кызыкчылыктары да элдик мүнөздө болот.

Ат жабуунун четине «чымын канат» түрүн калтырып, ал өрмөктө ак-карадан терилгендиктен бир аз ала чакмактана берилет. Мунун четтик көчөттөрү өтө эндүү болот. Аттын соорусунун эки жагына жаба этектеле түшүрүлгөндөй бештен он окшош көркөм көчөттөр кабыргаланып, тоту куштун канаты сыяктантып, «жарым кайкалак көчөтүнүн» элементтерин арбын пайдалануу керек. Анын чачылары чыйрак чыйратылган кара шоонадан төкмөлөнө берилип, атка жабылганда кооздуктун өзүнчө ажарына келет.

Терме таар ат жабуу адими буюмдардын катарына кирет. Ат жабуунун формасы, жасалышы жана пайдаланышы боюнча бир нече түрлөрү бар. Ал «кара терме», «кажары терме», «беш кеште», «пиязы таар» түрүндө да болот. Эгер сайма көчөттөрү түшүп, чети түймө-чачыкталса, аны «тикек» дейт. Мисалы кажары терме түшкөн ат жабууга үлгү катары «тай туяк» деген көчөттү түшүрүүдө термечи өрмөк күзүгүнө жыйырма алты тал жипти жүгүртүп алат. Ал он үчтөн бөлүнүп, асты-үстүнө чыгат. Ал жиптер кызыл менен көктөн болсо, абалы бир көк жипти өйдө терип, анын бирөөсүн алдына калтырат. Биринчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн алдына калтырат. Экинчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн алдына келтирет. Үчүнчүсүндө, төрт көк жипти өйдө терип, төрт кызыл жипти алдына таштайт. Эми беш көк, жети көк, тогуз көк жиптен кийин алты кызыл жипти калтырат. Дагы он көк жип үстүнө чыгат. Кызыл жиптен беш талы алдына түшөт. Мындан кийин төрт көк жип, эки кызыл жип үстүнө, дагы төрт көк, анан беш кызыл жип үстүнкү «кеште үчүн» түшөт. Эми үчтөн кызыл-көк үстүнө, дагы төрт көк менен беш кызыл жип, бир көк жип, беш кызыл жип, жети кара жип, бир көк жип, беш кызыл жип, тогуз кара жип чыгат. Кажары көчөтү биротоло түшкөндөн кийин анын четинин «секиртмеси» («чычкан изи», «ала мончок», «бычак учу») үчүн үч ак, үч кара жипти күзүктөп кетет.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *