БАРАҢ

Кошкон | 07.09.2017

БАРАҢ — «Балдары бараң аткан жер, Баракатта жаткан жер» (Токтогул). Бул — оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери «алма баш», «көк жал», «тыргоот», «ак бараң», «чаар бараң», «алты сай», «кара келте» өңдүү түрлөрү болгон. Бараң ар кандай формада, узун-кыска жасалышына карата мына ушундайча айтылат.

Мылтык үчүн темирдин орточо жашыгы керектелет. Бирок, бараңдын түтүгүнүн (стволу) учуна төрт элидей ак курч темирден улап ширеткен. Дары тээп, окту чыгарып баратканда ошол ак курч темирге жеткенде музга тайгандай ок ого бетер катуу тебе чыгат. Атылган ок алыс учушу үчүн, ошентип, мылтыктын учун тарттыра жасайт. Бараңдын түтүк темиринин ичине оңдон-солго карай эки-үч айлантып, сай салат. Бул буралып, октун окторулуп алыс кетээрине шарт түзөт. Демек, адегенде темирди карышкарыш кертип, текши кетип, аларды жалпак чозуп алат. Мунун калың-жукасы бирдей келет. Катуу темирди төрт эли жумуру жасап, анын ийилбеши үчүн сугарып алат. Темирдин узун-кыскасына карай жалпак чозгон темирди шакекче кылып кызартып, ошол төрт эли темирге орнотот. Темирдин узун- кыскасына карай төрт эли темирден 8—9—Юго чейин жасап алат. Буларды көрүккө салып, бири-бирине улай кынтыксыз ширетет.

Албетте, буга өтө таптуу чычырканактын жана арчанын көмүрү гана жарайт. Мунун ичин эки жаак тепме өгөөнү темир сүмбөнүн (мылтыктын темир түтүгүнүн сайын тазалай жана майлай турган курал) башына ороп алып, ичин түздөө үчүн, ушинтип тартат. Ичин биротоло жыпжылма кылышка кум сүргү тартылат. Оттук ташты, май ташты, чарык ташты, кайрак ташты таап алып, аларды аралаштыра майдалап, ага аз-аз айнек кошуп, торко электен өткөрөт. Муну колдон жасалган сары желим менен кездемеге «ичирет», ширетет.

Табылгыдан, ыргайдан мылтыктын ичине кенен баткыдай сүмбө жасалат. Тигил кум сүргүнү ушунун быдырлуу башына ороп, анын ичине кум сүргү тартат. Мылтыктын ичине сүрүлүп-чийилип баткыдай үч кыр өгөө калыбында курч темирден сай салгыч жасап, мунун кырын анча-мынча тектир кылат. Тектирдин башын оңго-солго бир тарапты көздөй бурап коет. Эми он чакты кыска темир сүмбөдөй калтекче жасап, аны түтүкчөнүн ичине жеңил балка аркылуу бири-бирине куудуруп-шишкектетип уруп отурат. Түтүктүн башына чыкканда анын ичине кадимкидей сай түшүп калат. Анан эки ачакей темирден тепме сүмбөнүн (бүлөө ташты торко элекке элеп, желимге ичирип алуу) башына ороп, түтүктүн ичин бүлөгөндө ал жылтылдай түшөт. Ал жеңил жана бышык болгондуктан кызыл табылгыдан тандалат. «Келтенин огу кетпеген, Бараңдын огу батпаган» («Сейтек») — деп айтылат.

Бараңдын кундагы, шыйрагы ыргай менен чыргайдан (ал көк жашыл келип, ыргайдан айырмаланат) жасалат. Мылтыктын башына оолан толгойт. Башы бурама келип, бир башын бурама аркылуу кундакка чебер бекитет.

Ооландын жалына чүрпө салынат. Мунун түтүкчө тешигинин башына мистөөн бекийт. Ага туташ келип, жаак жатат да, бириктирген бараңдын балкасы орун алат.

Алдында илгич болуп, аны шыкаалап тартканда балка мистөөндү чабат. Мистөөн от алып, дарыны күйгүзүп, ал окту айдап чыгат. Анан усталар чарык жип менен тактайга кадимки танап тарткандай түп-түз кароол жасайт.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *