ЖАБЫК БАШ

Кошкон | 07.09.2017

«Жабыш башы кундуздан, жана токсон үй болду» («Манас»).

Бул — көбүнчө кийиз оюм менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири. Анын түрдүү үлгүлөрү бар. Мисалы, четине шырдактыкындай эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат, «Бычак учуна» жана эки четине дейре көбүнчө ак менен кызылдан сөөм-карыштай «кыял», «жарым кыял», «бадам» оюмдарынан «ак этек» берилет. Жабык баштын ортолугуна көбүнчө шырдакка таандык «табак оюмунун жана «түр оюмунун» бирин ирээти менен көчүрүлөт. Жабык баш, адатта, кадимкидей шырдактык шырык аркылуу шырылат. Боз үйдүн аянтына карата тегерете бычылган бул буюм эки же төрт бөлүктөн турат.

Айрым учурда ак өргөөлөргө илгери кош жабык баш да тартылган. Бул бир эсептен ал үй ээсинин дөөлөтүн жана даражасын көрсөтсө, эң негизгиси ошол боз үй тиккен чебердин узчулук дараметин айкындайт. «Жабыгын ачык ойдурган, Жабыгынын жээгине, Жалпы кундуз койдурган» (Жеңижок) — дегендей уздар жабык башты жасоодо көркөм үлгү катары мына муну пайдаланууда.

Адатта, «жабык баштын» четине кызыл менен карадан «жээк» түшүрүп алат. Анан ак-карадан «ара тиш», «бычак учу», «ит куйрук» оюмдары берилет да, кызыл- карадан кош «бадам оюмун» келтирет. Кайрадан кара-актан жогорудагы оюмдардын бирөө түшүп, андан кийин эки-үч элидей кызыл жана кара өңдө «жээк» берилет. Эми берилүүчү «аламычы» кызыл-көктөн болот да, ак-көктөн «бадам оюму» анан кайрадан «аламычы» түшүп, ал кызыл өңдө жээктелет. Мында оюмду айырмалоодо, аны кооздук даражасына ойдогудай келтирүүдө жеке эле «араа тиш» (бычак учу) сыяктууларды арбын бербей, «ит куйрук оюмун» да, «бармак боочу оюмун» да, «кыял оюмун» да, «бадам оюмун» да ортолук оюмдун ыңгайына карата пайдалана берүүнүн зарылчылыгы бар. Кийизден оюм түшкөн көркөм буюмдарды шыруу, ак-кара, көк-кызыл өңдөрдү ирээттүү колдоно билүү буюмдун жүзүн ойдогудай ачат.

Кийизге чымкый кызылдан жээк берип туруп, кызылкөктөн «жүрөк оюмун» же «табак оюмун» түшүрүп, астына кайрадан кызыл өң менен жээктеп, ак менен чымкый көктөн «бадам оюмун» берип койсо, андан бетер жакшы көрүнөт.

Жабык башка көк менен кызылдан «капкан оюмун» түшүргөн уздар кездешет. Ал табакча сыяктуу тегерекче-тегерекче келет да, ар бир тегерекче өзүнчө курчалып, кудум кош жаактуу капкан сыяктанып, үзүл-кесилсиз улаштыра берилип кетет. Бул да «жалпы оюм» аркылуу жүзөгө ашып, шырдак оюмдарынын нукура үлгүсүн билгизет. «Капкан оюмдун» ортосу төрт мүйүзчөдөн турат. Мунун четтик оюму «бычак учу», «ит куйрук», «бадам» оюмдардан болушу ортолук оюмун ого бетер кооз көрсөтөт. «Тиштиш» өңдөнтүп аламычтантып берген «ортолук оюмдун» табакча- табакча болуп көрүнүшү, буюмдун өзүнө таандык көркөмдүгү белгилүү чекте ача алат.

Жабык башта азыр жашыл-кызыл өң арбын беттешүүдө. Анда «кыял», «мүйүз», «кочкор мүйүз» оюмдарынын элементтери ич ара ширелишип, мындайынан караганда көркөм буюмда «ийрек», «ит куйрук» оюмдарынын негизги элементтери элестеп кетет.

Боз үйдүн ички жасалгасынын жалпы танабын «ак этек» ачат. Ал көбүнчө ак, кызыл өңдө берилет. Адатта, боз үйгө баш баккан адам шырдак оюмдарын өзүнө камтыган «жабык башка» үңүлөт. Эгер «табакча оюму» аркылуу берилсе, мунун ичинде «мүйүз», «кош мүйүз», «сыңар мүйүз», «кочкор мүйүз», «бадам» оюмдарын кыялдантуу керек. Анда табакча-табакча болуп түшкөн ортолук оюмдун аралыктарын «бадам оюму» бириктирип, ал көк менен кызылдан беттешсе, кооздуктун элдик мүнөзгө эгедер наркын билгизет. Анда ак-карадан кыялданта берилген «ак этек» түшөт да, ал буюмдун башындагы «бычак учуна» үндөшүп кетет. Буга «жүрөкчөлөнгөн» көркөм оюмдун четтерине «ит куйрук оюмун» кыйыштырып, анын четине «бадам оюмун» берсе, ал «ак этек» болуп көрүнөт. Жабык башта «табакча оюмунун» ичинен «мүйүз оюмун», «бармак боочу оюмун» жарым кыялданта берүүбүз туура болот. Табакча-табакчалардын араларын «бадам оюму» бириктирип турса, ал көк-кызыл менен беттештирсе, андай буюм сөзсүз кооз көрүнөт.

Кийизге «жүрөкчө» болуп түшкөн көркөм оюмдун четтерине «ит куйрук оюмун» кыялдантып, четтик оюмга «бадал оюмун» берсе, ал «ак этек» болуп саналат.

Оймочулук — сулуулукту күндөлүк турмуш менен айкалыштырып, кылымдардын кыйрын кыркып, элдик чыгармачылыктын жемиши. Элибиз көчмөңдүү жашоо мезгилинде эле натуралык чарбачылыктын астында көркөм табит салттуулукта өнүгүп келүүгө жана калыптанууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Кутмандуу кыргыздар өзүнүн оюм-чийимдерин ар кандай шарттарда жараткан. Демек, ала тоолор, арсак-арсак зоолор, арстан тиш аскалар, күмүш өзөндөр, гүлдүү өрөөндөр, торгой көз булактар, карагай черлер, көз кыйкыткан мейкиндиктер, мал жайыттар, алакандын отундай адыр белестерди курчаган кыйма-чийме жолдор буларга шыктануу аркылуу жаратышканы баамдалып турат. Оюмдун жүзү кийизде ачылат. Чебердикте «кочкор мүйүз оюму» ар дайым четтик оюмдун ордун ээлейт. Буюмга өзөк болот да, буюмдун ортолугу бүтүндөй «мүйүз оюмдардан» да болушу шарттуу көрүнөт. Жалаң «мүйүз оюмдарын» көркөм каражат кылып, кийиз кармоодо анын «аламычын», «бычак учулап», «чагармактап», же «жарым кыялдантып», ак-карадан жупташтыруу гана буюмга кооздук ыроолойт. Мындай кылдаттык кызыл-көк беттешкен көркөм оюмга укмуштай жагым берет.

Уздар айрым учурларда «мүйүз оюмдарынын» ортолорун сары-көк түстө тиш- тиш кылып да көрсөтө алат. Анда төрт «кочкор мүйүз оюму» табакчаны түзөт да, алардын четтери «араа тиш» (бычак учу), «жарым чагармак оюму» аркылуу курчалат. Мында «табак оюму» оюмдун бир нече элементтеринин туундусу болуп көрүнөт. Анткени, төрт-беш эле табакча көзгө толумдуу бир оюмду жарата алат. Бир эле табакчадан бир чакан үлгү жаратууга да болот. Мында чеберлер оюм баштарынан оюм чыгарууга да уз келишет. Көпчүлүк чеберлер «кочкор мүйүз оюму» өңдүүлөрдүн баштарына «карга тырмак оюму» сыяктууларды берип жүрүшөт. Көркөм оюмдардын түпкүлүктүү наркын сактаган жана улап жаткан уздар жердиги манатка да, ноотуга да кооздуктардын өзүнчө кыялданган жакшынакай формаларын сактайт.

Кээ бир аймактарда жабык башка да көркөм сайма көчөттөрүн түшүрөт. Мунун четине кадимкидей туш кийиздей эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат. Эки четине ак менен кызылдан сөөм-карыштай айырмалана турган сайма көчөттөрү берилет. Бул боз үйдүн аянтына карата тегерете эндүүрөөк бычылып тартылат. Жабык баштын «аламычын» «бычак учтантып», «чагармактатып», же «жарым кыялдантып», ак-карадан жупташтыруубуз буюмга кооздук берет. Мындай уздук кызыл-көк беттешкен көркөм оюмдарга таандык.

Айрым учурларда «мүйүз оюмдарынын» ортолорун сары-көк түстө тиш-тиш да көрсөтүүгө болот. Анда төрт «кочкор мүйүз оюму» бир табакчаны түзөт да, алардын четтери «араа тиш» (бычак учу), «жарым чагырмак» аркылуу курчалат. Мында «табак оюму» оюмдун бир нече элементтеринин туундусу болуп көрүнөт. Анткени, төрт-беш эле табакча көзгө толумдуу бир буюмду жаратат. Бир эле табакчадан бир чакан үлгүнү жаратууга да болот. Мында чеберлер оюм баштарынан өзүнчө оюм чыгарууга да уз келишет. «Кочкор мүйүз оюму» өңдүүлөрдүн баштарына «карга тырмак» сыяктууларды берип, көркөм оюмдардын түпкүлүктүү наркын сактаган жана улап жаткан уздар жердиги манатка да, ноотуга да кооздуктардын өзүнчө кыялданган жакшынакай түрлөрүн сактайт.

Жабык башка да көркөм сайма көчөттөрүн түшүргөн аймактар бар. Мунун четине кадимкидей туш кийиздей эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат. Эки четине дейре ак менен кызылдан сөөм-карыштай айырмаланган сайма көчөттөрү берилет. Мында да жээк (четтик) жана борбордук көчөттөр түшүрүлөт. Бул боз үйдүн аянтына карата тегерете эндүүрөөк бычылат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)