ЖЕЗ

Кошкон | 07.09.2017

«Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык).

Бул — зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана «жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жезди түшүнөбүз.) Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, үзөңгү, камчы), салттуу буюмдарга (ала бакан, жагдан, сандык), ашкана буюмдары (чыны кап, көөкөр, көнөчөк, көнөк) жана башкалардын беттерине чаап, шөкөттөөдө жез арбын колдонулат.

Сары жез — таза жез. Күмүштөй чоюлуп, бирдемелерге пайдаланууга ийкемдүү келет. Үзөңгүнү туюк куюуга да жез бирден-бир жердик катары тандалат. Илгерки самоор, чылапчын, чайнек сары жезден болгон да, аны эритип, уютуп алып, күмүштөй чайкоого (темирди жабуу) жана жалатууга да өтө ийкемдүү келген. Жез бат эрийт, бат муздайт. Мисалы, бир тегерекче жасап туруп , сары жез чоюлуп сынбайт, коло сынып кетет.

Чеберлердин үзөңгүнү такай сары жезден уютуп жатышы — таза жездин нарктуулугу. Муну эритүүнүн табын усталар билет. Алсак, «жез өзү эле эмне болуп баратканын шыбырап турат». Жез эрий баштаганда жашыл түтүн чыгат. Бул заттын чала эригенин баамдатат. Ал даана эриген кезде анын үстү ак күлгө (карагайдын күлүнө) окшошот. Мына ошол тапта «чий көбүгүн» (үстүндөгү ыпласын) алат. Ошондон кийин кайра ак күл чыгат. Мына ошол боюнча ысык калыпка куят. Эгер калып муздак болсо, эритинди бытыроондой чачырайт.

Сары жез азыр шартка байланыштуу күмүштү алмаштырууда. Өтүмдүү жана иштетүүгө ийкемдүү аны салттуу, нарктуу, алгылыктуу жердик катары карайбыз жана баалайбыз. Жез күмүштөй жашыбайт, эрийт, чоюлат. Аздыр-көптүр анын касиетин сактайт. Бул «күмүштү кармоочулар жезди да так ошондой даражада кармоого болот» — деген ишенимди берет.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *