«ЖӨРГӨМ ӨРҮМ»

Кошкон | 07.09.2017

ХАЙПТЫН БАЛЕКЕТИН АЛАБЫЗБЫ?


«ЖӨРГӨМ ӨРҮМ»— (уй мурун өрүм). Бул уйдун таноосуна окшоштугунан ушундай аталат. Төрт-төрттөн төрт кыр болуп түшөт. Өрүмдө өзөктү чыңай керет. Аны бир-эки күн коюп, өзөктү катырып алып, өрүшүбүз зарыл. Эгер көгүбүз узун болсо «түшкүнүн» өзү менен кошо тилип бекитет. Эгер көк кыска болсо, кошумча көк улаштырылат. Түшкүн негизинен үч эли (5 см) болот. Эгер 8— 12 тал көк тилинсе, көктү төрттөн же алтыдан экиге бөлүп, анан бир жак четинен бир көктү алдынан орой үстүнө карай ордуна келгиче бири-бирине бастырып алып кетет. Демек, көктүн бирөө астына, бирөө үстүндө келип турат. Өрүм оң жагынан башталса, сол жагына барат. Сол жагы оң жагына келет. Ошентип, бири-бирин басуу аркылуу алмаштыра өрүм түшөт.

Өрүм аракети көккө байланышат. Буга кийиктин териси табылгыс жердик. Ал тегиз да, бышык да келет. Анан торпок менен тайдын терисинен көк жасалат. Тайдын териси тегиз болгону менен андан торпоктуку бышыктык кылат.

Терини чылгый кезинде чиритпей жыдытып алат. Теринин узунун чыгарып (илгери түз жерге, азыр тактай бетине керет), катуу керип, ошол боюнча кургатып коет. Мында теринин туурасын катуу чойбой тегиздеп алат. Көктү тиле билүү, аны сыдыргыга салуу, кыртышын кыруу — мына ушулар өрүм талдарынын кынаптала түшүшүнө өбөлгө түзөт. Ансыз өрүмдөгү көк менен кайыш алжайып калат. Көктүн майдараак болушу өрүмдү кооз көрсөтөт. Эң мыкты эски үлгүлөрдү таасын жасоонун өзү чоң чеберчилик, ал бирөөлөрдүкүн кайталоого жатпайт. Демек, шарттуу кайталоо да оңой кылдаттык эмес.

Камчы өрүмүн «Суйсалма өрүм» кылып өрүүдө сегиз тал кайыш тилип, талдары сыйда алар экиден басылып, бири үстүнө чыгып отурат. «Түшкүн» аягын «чаян» түйүм кылып, өрүмдүн учу беш см. калганда тал көктөр бирден астына калып, бирден үстүнө чыгып, «суйсалма өрүм» башка түспөлгө өтөт. Андай ыкма кийин түшкүн жанып кетпөөсү үчүн болгон чеберлер ойлоп тапкан айлакердиги.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)