ЗЕРГЕР

Кошкон | 07.09.2017

«Эл кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет» (макал).

Бул — алтын-күмүш устасы. Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор, нейзильбер жез, мис, датчалабас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары: шакек, билерик, сөйкө, желбирөөч, иймек,

Сөздүн төркүнү зер жасалгалары жөнүндө бара жатат. «Кулактары куйма алтын» — Мында сөйкө-сырганы айтууда. «Куюлуп түшкөн мурду алтын» — адатта, элечек, кеп такыянын кыргагы зерден болот да, анын калакчалары мурундан түшүп көрүнөт. «Ак үйүнүн куту алтын» — мында үй ичиндеги: алабакан, сандык, жагдан, ат жабдыктары, кыз-келиндердин жасалгалары өңдүүлөрдүн жалпы көрүнүшү көз алдыга тартылат. «Аккари кийген буту алтын» — аккари — ургаачылардын адими бут кийими. Ал көң булгаарыдан (кол булгаары — колдо иштетилген булгаары) тигилет. Буга да чеберлер алтын-күмүш жана башка ага тете түстүү металлдарды чабышкан да, бут кийимдин маңдай бети жалтылдап турган. «Оромол салган башы алтын» — оромол жасоолук. Негизи кыргак элечек, кеп такыя өңдүүлөрдүн жээгинде болот. Мында баш кийимдерге да алтын-күмүш тагууга болот — деген түшүнүк бар. «Олоңдой кара чачы алтын» — чачка чачкап, чач кап, чолпу, күбөк, учтук өңдүүлөр тагылат. Алар сөзсүз зер менен шөкөттөлөт. Мындагы акындын «алтын» деген кайталоо сөзү күмүш менен да алмашылышы тийиш, анткени, кыргыздар үчүн алтынга караганда күмүш нарктуу жана салттуу болгон. Мындан биз элдик зергерчиликтин бир учурда укмуштай өнүккөндүгүн билебиз.

Кээде жабдык шөкөттөрүнүн (кайыш бетине чабылуучу темир кооздук) формасы сөлпү да узунураак да келет. Мында элдик эски салттуулуктун мүнөздүү белгилери болот. Мунун эки-үч түрүн усталар пайдаланып жүрүшөт.

Айрым зергерлер шөкөттөргө оюм түшүрүүгө, ага «сыя төгүүгө» — «зооткерлөөгө» бөтөнчө умтулушат. Арийне, жездин табияты антип оюм-чийимди түшүрүүнү анча жактырбайт. Экинчиден, жез үчүн шөкөттүн өз формасы оюм- чийимсиз эле көркөм көрүнөт. Демек, томпогураак, казанкөмкөрүк шөкөт, «колдун салаасындай, кыздын баласындай» сыйда жана шарттуу көрүнөт.

«Сыялоо», «зооткер түшүрүү» — күмүштүн гана касиетин арттырып, анын жаны катары сезилет.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *