КАПКАН

Кошкон | 07.09.2017

«Күмүш жаак капканың,
Күндө күмүш тапканым» (Эл ыры).

Бул — аңчылык куралы. Карышкыр, илбирс, аюу, кулжа, теке сыяктуу жапайы айбанаттардын ички мүнөздүү жагдайларына карата усталар көлөмдүү капкандарга көп узанышкан. Мындай капкандардын жаактары катуу болгондуктан, эки-үч адам араң басат. Усталар капкандарды чаптырып көрүп сынашат. Анын ийи сугаруудан билинет. Капкандын тышкы катмарын жашык, ички катмарын курч бойдон сугаруу үчүн көрүктүн жалынына тышкы бетин бир аз кармап, аны жашытып, сыртын кургак бетеге менен жоруптап сүртүшөт. Темирдин табына келген кези устанын баамында ал бетеге чала күйгөн убак деп божомолдонот.

Капканды жасаган адам аны салуунун ыкмаларын да мыкты билет. Капкан салуу учурунда бул да чоң өнөр болгон. Буга атайын аттанып түшкөн капканчылар учурунда бир айыл элди баккан.

Капкан көбүнчө темирдин ак курчунан жасалат. Капкан чарасынын жумурусун 0,2 дм. тереңдете ийет. Анын серперин жети смдей жука темирден өз өлчөмүндө жасайт. Мунун жаагы жарым болоттон тандалат. Адатта, буюмдун тээги жыгачтан жасалуучу. Бирок, түшкөн жырткыч чайнап кое тургандыктан айрым чеберлер темирден жасап жүрүшөт. Аны ысытып иет да, өз өлчөмүндөгү курч темирден кесип туруп, жаакка бекитет.

Капкан жырткычтардан тартып кемирүүчүлөргө чейин өз-өзүнчө салынат. Темир капкан үч бөлүктөн турат: жаагы, түндүгү жана серпөөрү делет. Жырткычтарга текөөр берүүчү бул куралды жасоодо чебер анын темирин тандайт. Мунун жээк жаачасы менен түндүгүнө жашык темирди, ал эми серпөөлөрүнө курч темирди керектейт. Ал болоттон жасалып, пружинадай шамдагай серпилип турат.

Уста абалы темирди сомдойт. Серпөөрдүн калыңдыгы үч мм. келет. Эгер сугаруусу жетишкен капкан чапкан чакта бир карыш (10—15 см) өйдө секирет. Анын биринчи сугаруусу катуу болот. Жаакты сугарууда он беш градусча ысытат да, аны суу тал менен улам жышып сугарат. Анан улам эки кычкач менен ийип, күчүнө келдиби, же жокпу көрүп турат. Темир сынбай турган болгондо сууга ширетип, мелүүн муздатып алат.

Сугаруу бул — курчутуу деген түшүнүк. Тап жылдырбай сугарган капкан узак убакытка чейин айбанаттарга салынат. Ал бир жаак, эки жаак тиш-тиштүү да болот. Эки жаак капкан өтө катуу келет. Муну такай карышкырга, аюуга, илбирске салат. Бир жаак капкан менен түлкү, суур, коён өңдүүлөр кармалат. Эки жаак капкандын тишине кийиз коет. Антпесе, курч капкан жырткычтардын сөөгүн талкалай кыя чаап, айбанат бутун жулуп кетет. Ошондуктан, капкандын кандай чабышын кандим аңчылар байкашат. Капканда тээк, күлтүк, (тегерек кийиз, бул капкандын түндүгүнө чак келет) чынжыр, казык, сойгок болот. Мунун чарыш жиби менен кийизинин үстүнөн аң келип басканда тээк тайып, жаактын серпилгич күчү менен кош серпөөрү кыймылга келип, тарс чаап калат. Куралдын чарасын 0,2 кумурулап тереңдеп ийет. Серпөөрүнө 7 смдей жука темирден тандап, өз өлчөмүндө карыш болоттон жаагын жасашат. Айрым капкандардын тээги темирден да болот. Жыгач тээкти карышкырлар чайнап ташташы мүмкүн. Ошондуктан, муну курч темирден өз өлчөмүндө кесип туруп, жаакка катар бекитет.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *