КЕМЕР КУР

Кошкон | 07.09.2017

КЕМЕР КУР (Эр кемери) — «Күндөй бетин нур чалган, Күмүштөн кемер курчанган» («Семетей»). Бул — азем буюм. Зергердин зиректигин айкындай турган нускалардын бири. Кадимки курдай белге чактала булгаары, кайыштан жазы тилинет да, каттай тигилет. Анын бетине түркүн түспөлдө жазы жашык темир чабылат. Кемер тогоосу маңдайынан караганда берки шөкөттөрдөн калкандуу келет. Ал ичинен темир илгич менен курчалат. Буга чабылган темирди шөкөттөөдө калдыркан күмүш жалатылат. Ошондуктан, ал күмүш кемер болуп калат. Буга берилген оюм-чийимге «Сыялоо» (себет төгүү) жана «чапкылоо» (из түшүрүү) аркылуу жүзөгө ашырат.

Кол булгаарыга чабылган шөкөттөрдөн өзүнчө кооздукта болгон мунун биринен- бири өткөн бир нече түрлөрү бар. Андай көзгө дароо урунаарлык кооздук кемердин тогоосуна бөтөнчө таандык. Бул төрт чарчы тегерек болот. Абалы кара темирден формасы алынат да, ага да жука күмүш жалатылат. Төрт башына жылдызчаланган көрчөгө (тегерек кооз шөкөт) урулат. Анын ортосуна жатак жасап, акак таш жана ага тете асыл заттар чөгөрүлөт. Анын тегереги майда күмүш зым жипчелери менен торчолонот.

«Тогуз төбөлөө» (акак чөгөрүү) кемер курдун тогосунун экинчи учуна да так ошол шөкөт өзүндөй кайталанат. Кемердин кайышына тегерете урулган шөкөттөр тегерек, төрт чарчы, сүйрү келип, ал жыш да, сейрек да чабылышы ыктымал. Мында шөкөттөр кадимки сайма көчөттөрү сымал ирээти менен кайталанат.

Кемерге калкан кейиптенген жазы чөгөрүлгөн күмүш шөкөттөр жарашык ыйгарат. Ага көбүнчө «себеттөө» («сыя төгүү») ыкмасы мүнөздүү. (Атагы таш жарган зирек зергерлер ойдон-ой жаратат, жоктон бар кылат. Алардын күлүк ою кайда барса, ошол тарапка бурулуп, кыял чабыктарынан зор чыгармачылык шыктануу алып, күтүүсүз кооздуктар ошондо жаралат. Азыр атайын кемер кур курчануу салты жоюлууда. Аны кармоочу зергерлер да суюлууда). Артисттер, өздүк көркөм чыгармачылыктын мүчөлөрү гана муну кастарлоодо. Асыл буюмдарды кармаган айлакер усталардын көзү өтүп, алтын колдору жер астында да, керез катары калган буюмдары эл арасында, коомдук маданий орундарда, тарых, этнографиялык, сүрөт музейлеринде түбөлүккө сакталууда.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)