КЕМСЕЛ

Кошкон | 07.09.2017

«Кыздарын кызыл кийгизип,
Кызыл кымкап этегин,
Кыйгачтап жерге тийгизип» («Манас»).

Бул — адими калың кездемеден, таардан тышы, жука кездемеден ичи бар элдик кийим. Муну бешмант, күрмө деп да коет. Ал тизеге дейре бычылып, жеңи узун да, чолок да болот. Мунун жалаң каты, жүн, кебез ичтелип (астарланып) жасалган түрү бар.

Кемсел чепкендин ичинен кийилет. Көркөм көчөттөр менен саймаланат. Анын жаш өзгөчөлүккө байланыштуу жердиги кызыл, кара, көк, күрөң баркуттан жана чий баркуттан тандалат. Муну жөнөкөй кемселдердей тик жака кылып тигет да, түшкөн көркөм көчөттүн элементтери негизинен «бармак боочудан» турган «кыял оюмунун» араларын «сегиздик» (88888) формасы бөлүп турат. Кемселдин эки өңүрүнүн учунан эле эмес, жүрөк тушунан ылдый этекти тегерете жээктей жазылыгы бир жарым, эки элидей (3—4 см) көчөт көрүнөт.

Бул кооздук кийимдин тик жакасына, жең учтарына да тегерете берилет. Адатта, кемселге кемер кур курчалат. Мындан тик жака кемселдин кездеме курунун энине жана түшкөн көчөтүнө жогорудагы кооздуктар дал өзүндөй кайталанышы керек.

Жакасы тик, бели кыз-келиндердикиндей кыпчараак келген кемселдер да тигилүүдө, буга топчу же илгич гана тагылат. Жакасына көркөмдүк берүү анча салтка айланбайт. Жаканын түбүнөн ылдый жээктей бадырайта сайма көчөттөрүнүн жана кийиздин «мүйүз», «ит куйрук», «бычак учу», «бармак боочу», «кыял» өңдүү оюмдарынын элестүү элементтери кара күрөң, же көк жердикке ак өңдө берилсе, мунун эки жагынан жарыш жээк чыгаруу жарашык ыйгарат.

Кемселдин бир аты «бешбел». Анткени, ага чөнтөк салынат. Бешбел — колтуктан чөнтөктүн оозуна чейин кынала тигилген тигиштер. Мында чөнтөк түз салынат. Кыйгачыраак кылып, кемселдин тик жакасы келет. Аны өзүнчө бычып алат.

Кийимдин топчулуктары ичилик менен кошо жасалат. Ичилик — «ичинен ичтөө», «ичинен тордоо» деген түшүнүктү берет. Кемселдин этеги менен, бели-белге кыналышы зарыл. Кемсел эки жеңден, жакадан, үч бойдон турат. Үч бой, бул — эки капталы, бир бели. Мында үч бойду бириктирип тигип, жака салып, анан жеңдери тигилип, чөнтөк тигиштери болот.

Танап коюу — курсакка ылайыктап, кынап тигиш түшүрүү. Ансыз жаканын түбү калдайып, кийим бойго чакталбай калат. Кемсел ичи көбөө менен кошулуп, үч бойго биригет да, буга жукараак ийин коюлат. Кыз-келиндер кийүүгө өтө көрктүү кийим кемселди «Беш бел» деп да айтат. Себеби, этеги төгүлүп, бели кыналып турат. Мындай беш жеринен бел кыналып, этеги жайылып турган кийим тизеден беш эли узун болот. Ага кийүүчүнүн жаш өзгөчөлүктөрүнө карай сайма көчөттөрү түшүрүлөт. Мунун байбичелерге куп жарашкан үлгүлөрү да бар.

Кийимдин жердигине карай ага берилүүчү көркөмдүктөр аныкталат. Эгер буюмдун жердиги кара, күрөң өңдөрдөн турса, анын өңүрүнө түшүүчү көчөт үчүн ак менен кызылдан «суу» салып, ортосуна жашыл өңдү чуркатат. Ошондо «суу» түшүрүлүп жаткан көркөм көчөттөрдүн араларын ачып, ажарына чыгарып турат. Анан сары өң аркылуу «чабалекей канат көчөтүн» берип, андан кийин анын учуна көк жана кызылдан «суу» жүрөт. Кийимге кайырма жака ордуна сайма көчөттөр түшүп, анын булуңчасына келтирилген кооздуктан белдемчи жана чепкен сыяктууларга түшкөн көчөттөрдөн анча айырмаланбайт.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)