КЕПТАКЫЯ

Кошкон | 07.09.2017

«Калем тарткан сыядай,
Кашынды бирпас ырдайын,
Кеп такыя жарашкан,
Башыңды бирпас ырдайын» (Эл ыры).

Бул — ургаачылардын баш кийими. Ал башка ылайыкталып, элечектин четинен этеги чыгып калбагыдай бийиктикте ак жердиктен шырылып жасалат. Аялдар мойну талыганда элечегин алып, жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө берет. Ал элечекти алууну жана кайра аны кийүүнү жеңилдетет. Элечекти терден сактап, шырылган ак болотнай чыккан терди сиңирип алат. Ошондо элечек сарала болбойт, бат-бат жуулбайт, өңү өчпөйт. Кеп такыяны кийүүдө аймактык айырмачылыктар бар.

Күйөөгө аттанаарда кызга кийгизүүчү кеп такыянын эки жагындагы кызыл жердикке сайма көчөттөрү айрыкча «терс кайык» саймасы менен так жана өтө майда берилет. Анын ажарын «ала мончоктолушу» ачып турат.

Түштүк Кыргызстандын Алай, Совет, Ноокат тарабында жашаган уздардын жасаган кептакыялары баш кийимдин даана үлгүсүн түзөт. Мында кептакыянын жаак учтарындагы тор чачыктарына шуру, каухар жана башка асыл таштардан «акак мончоктолот», «коңгуроо» дечү кулакчындын учтарынын жээктерине зер тартылат жана берметтелет. Кийимдин маңдайы сөзсүз «кыргакталат» да, кийимдин «куйрулчулугуна» (чач жапкычына) өзүнчө «жээк» түшөт. Анын учтары тор чачыкталат жана шуруланат. Кийим жердиги, ага түшүрүлгөн көркөм көчөттөрүнүн түрлөрү, боегу жер бөтөнчөлүктөрүнө карабай, бири-бирине айкашып жана үндөшүп турат.

Мындан эки кулакчындан төмөн карай эки жаакта 16— 18 тал түрдүү шурулар төгүлүп, мунун төрт-беш жеринен төрт бурчтуу жалпак тактачаларга күмүш
тоголокчолор илиштирилип, шурулар менен бириктирилип турат. Ал зер тактачаларга «чапкылоо» («иш түшүрүү»), «сыялоо» (зооткерлөө) жана «сирке төгүү» (таруулатуу) өңдүү көркөм зергерчиликтин бүтүндөй ыкмалары колдонулат. Анын чокторунун сабактары дүйүн гүлдөр байчечек сыяктанып өтө кылдат кармалат. Жаак мончокторунун учуна жарым тегерекче муунактуу-муунактуу күбөктөр биригип, андан барпайган төкмө чачылар чыгат. Ал эми кептакыянын тор чачыланган саймалуу куйрулчугунун учундагы «чаян түйүшкө» сүйрү жана жарым тоголок күбөктөр «төкмө чачылана» түшөт.

Кептакыянын шөкөттөрү менен саймалары ар кыл, түрдүү түстө майда болот. Зер менен кездемеге түшкөн көркөмдүктөр ич ара ширелишип, буюм шаңдуулукту жана асемдүүлүктү тартуулап турат.

Кептакыя кулакчындарынан кудум уштуктай шуруланган, зери бар төрт-үч бурчтуу үч канат төгүлүп чыгат. Алардын аралары бөлөк зер шөкөттөрү менен кооздолот да, учтары тегерек, сүйрү зер же кол чачыктары төгүлөт.

Кептакыянын куйрулчугу сайма аркылуу өтө кооз болот. Анын чачыктарына күмүш зымчалар оролот да, «карга тырмак», «байчечек» өңдүү көркөм көчөттөр «илме сайма» менен сайылат. Мында кызыл өң үстөмдүк кылат. Албетте, сайма өнөрүндө бир көчөт көңүлдүн борборуна алынат да, калган кооздуктар ага жардамчы көчөттүк милдетти аткарат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *