КЕРЕГЕ КӨКТӨӨ

Кошкон | 07.09.2017

КЕРЕГЕ КӨКТӨӨ — Матоодон чыккан талдарды бириктирүү. Керегени көктөө үчүн көзөлүүчү жерин темгектеп чыгат. Көктөөгө чеберлер кийинчерээк жылкынын терисин да колдонуп жатышат. Буюмду чүпүрөк менен кайрадан сүртүп чыгат. Усталар мунун бир жерин он жолу кармоого туура келет. Аны туташ көктөөдө кереге баштарын эсептеп чыгат. Башынан ылдый ийри-муйру саканактарын кескен чакта бири-бирине аштала калат. Айрым зергерлер илгертен бери карай түйүлгөн кереге көгүн көрсөтпөө үчүн ага атайын кооздук келтирүүдө жука жез менен күмүштөн көрчөгө урат. Андай ар бир көрчөгө — топчунун калыптары болот да, ал көк арасынан өткөрүлө кагылат.

Илгери төө тери үй жыгачын көктөөнүн негизги жердиги болгон. Азыр уй териси менен көктөлөт. Кереге көктөөдө беш-алты адамдын колу тиет. Боз үйдүн жыгачтарын кармоодо, төтөн, керегенин көгүн жапырт көктөй коюу үчүн атайын «ашар» чакырат. Алты-жети адам келип, анын экөө эпилдете көктү тилип, калгандары керегени көктөй баштайт. Демек, уста көк үчүн уйдун терисин жыдытып, жүнүн бычак менен кырат, аны көктөө учурунда кайрадан жибите коет.

Чеберлердин өзү көктү жасап, аны тилип даярдап, жардамчыларына үйрөтүп турат. Көктү көзөнөктөн өткөрүп, күч менен басып тартып, өзүнүн жекече ыгы менен көктөлөт. Көктүн түп жагынын орто ченинен бир смдей тешик кылып тилинип, ошол эле түп жагы имерилип түйүлүп жасалат. Анан көктүн учтуу жагы керегенин тешигинен өткөрүлүп, чирене тартылып, кайрадан тешилип (1 см) түйүн чыгат. Көктүн түгүн устара аркылуу кырып алат. Андыктан, аны түздөбөй туруп, бетине улпакты калың төгүп, жылуу жайга ороп коюп жибитип, сууга таза жууп, араларындагы ширелишкен чаңдарын кетирип, анан түгүн кырып алат.

Жерди чуңкур казып, көлчүккө жаңы сыйрылган төөнүн терисин көөмп таштап, жүнү жыдыры менен көк тилген чеберлер да бар. Кереге Көктөөгө жаш өгүздүн териси да аябай бышык да, ийкемдүү да келет. Тал ордуна карагайдан тилип, алкактап, үй жыгачын матагандар да кездешер. Мында бутагы жок жерин ийге салып, жоон-ичкесин жонуп-кесип алат.

Кереге үчүн бардык эле көк жарай берген эмес. Көк төөнүн, өгүздүн терисинин боор жаккы бөлүгүнөн жана жылкынын баш терисинен алынган. Терини чийкилей жүнүн жыдытып алып, жазылыгы бир смдей көк менен көктөйт. Көктүн эки жаккы тарабы топчу сыяктуу түйүлөт.

Тор көз кереге майда (төрт чарчы) келип, уук жыш уланат. Отуруктуу үйдүкү тор көз, жайлоо үйлөрүнүкү жел көз болуу максатка ылайыкталат. Айрымдар төө тери эмес, уйдун терисинин соорулуу жеринен көк тилишет. Кереге карыш келсе «жел көз», сөөмгө жетпесе «тор көз» деп аталат. Көк тегиз тилинүү керек. Мунун үшкүсүн бир метр «үшүп» (көзөп), бир адам көктү тилип, бирөө көктү көзөнөктөн өткөрүп, бери болгондо үч адам аракеттенет.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *