КЕРМЕ

Кошкон | 07.09.2017

КЕРМЕ (жаа) — өрмөчүнүн өрүмдү жүзөгө ашыруучу кол куралы. Ал — жарым айлана түрүндөгү жыгач. Чебер өрүмдү баштоодо кермеге (жаа) кайыш өзөктү керип алат да, аны суулап, анан ак самындап, (илгери мал майы менен) жибитип, сыдыргыга алып, күч менен кырдырганда, керилген өзөк жылмаланат. Анан тилинген көктүн талдарын өрүү башталат. Мыкты чеберлер отуз-кырк тал көктү көз алдыда бирдей калыпта тиле да, өрө да алат. Тоо текенин мүйүзүн алып, аны сууга кайнатып, түздөп, жаа формасын берип ийишкен. Ал бир калыпта катып, урунтулуктуу болгон. Өрүмдүн өзөгү үчүн мурун пайдаланылып калган эски кайышты алып, (анда өрүм өрүлүп бүткөндөн кийин да, камчылануу учурунда да өзөк чоюлуп кетпейт өрүм аралары ачылбайт) өзөктүн бир башын жаага бекем бекитет. Эми жаанын экинчи башын күч менен катуу басып туруп, атайын жасалган илгичине илет. Айрымдары өрүм жаасын ат тырмоонун тишинен жасап жүрүшөт. Болот темир ийилгич келип, өзөк менен өрүмдү керүүгө оңтойлуу келет.

Жыгачтан да жаа жасалат. Теректен тал бышыктык кылат. Талды суу кезегинде кыйып келип, эки-үч күнү күнгө коюу зарыл. Ойдогудай кургаган тал кийин жарылып кетпейт. Улам баскан сайын ийилип турган жерин сууга салып коет. Сууга салынган жыгач жибип, жарылуудан сакталат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)