КИЛЕМ БУЮМДАРЫНЫН КӨЧӨТҮ

Кошкон | 07.09.2017

КИЛЕМ БУЮМДАРЫНЫН КӨЧӨТҮ — Буюм бетине түшүрүлгөн кооздук, түр. Буюм — көркөм көчөттөрү аркылуу даңазаланат. Мунун салттуу көчөттөрү көркөм кол өнөрчүлүктүн берки түрлөрүнүн оюм-көчөттөрү менен мыйзамченемдүүлүктө жалпы үндөшүп турат.

Килем буюмдарынын төрт жүздөн ашуун көчөтү кездешет. Алар өрмөкчүлүктөгү жана чырмакчылыктагы көркөмдүктөр менен айкалышат. Мисалы, «мүйүз оюму» («кочкорек», «кайкалак») килемчиликтеги оюм-көчөттүн негизин түзөт. «Кабырга», «ашкана көчөт», «тогуз төбө» көчөт өңдүүлөрдү азыр арбын учуратабыз. «Ит таман», «тайлак таман», «жолборс таман», «мышык таман», «машаты» — айтор айбанаттардын изи эски жүл килемде көп кездешет. Алардын ордуна элет жерлеринде «кош кайкалак», «машаты», «казан кулак», «бычак учу», «нампар» жана «шапалак», «кырк шак», «жарты кырк шак», «бото моюн», «пашайы», «кыңыр моюн», «ала мончок», «нокто башы», «тамаша көчөт», «кытай көчөт», «күйдүм көчөт», «кызгалдак көчөт» бар.

Окчун айырмаланган көчөттөрдүн эски-жаңы форумдарын бир эле килемге ритмдүү жана ажардуу пайдаланып жатышкан уздар арбын кездешет. Ушундай адаттан тышкаркы жөрөлгөлөрдү Ноокаттык, Лейлектик, Баткендик килемчилер ынтызардуулукта пайдаланышат.

Көркөм көчөттөрдө жырткыч айбандын же канаттуулардын элеси, диндик касиеттер да чагылдырылат. Килемге кызгылт, чыйкандай кызыл, кырмызы түс фон болсо, көк, жашыл «аламыч», же аралаш өңдөгү жип көчөттөрдү улам өзгөртүп отурат. Килем беттериндеги көчөттөрдү дааналап тирмийсең, мында бир түр — айбалтырканды, тигиниси — куузан кумай жерди, беркисиниси кумай өтөктү, аркынысы көк канатты, тияктагысы — ковлоч чөмүчтү, айтор, тиктеп отурсаң сыр кашыкты элестетесиң. Килем беттеринде «чаян», «кош кулак», «ала күлүк», «дагыра», кетмен куйрук (бүркүттүн түрү) «көк кашка» (өсүмдүк), көрө (өрүк), алманын жаш түйүлгөнү, «зарынза» (өсүмдүк)… Айтор, айта берсек анын аягы түгөнүп койбойт. Кайсы бир килемдердин чачылары төгүлүп, көчөтү төөнүн коюу жондорун, самсаалаган чуудасын, кучак, кучак мамык, мөңгү күнгө жаркылдаган, асманда калкыган сур булуттарды элестетип кетет.

Килем токуучулукка жана өрмөк согуучулукка бирдей таандык «кайкалак» башы беш жиптин жүгүрүшү менен баштап, улам бир талдан терилип, андан соң ичине бир жиптен чалынып, анан да ичине бир жиптен жылдырылып, туташтырылып согулат.

Жаратылыштагы тигил-бул элестер чагылышат да, ошол көрүнүш көчөткө негиз болууда. Маселен, «топчу баш» деген өсүмдүктөн улам «топчу баш кайкалак» пайда болот. «Мышык таман», «чөмүч», «тал барки», «сегиз писте», «өнөр көчөт»… Мындай көчөттөрдү айта берсек арбын да, ал жалаң элестөөлөрдөн пайда болгон. Ал эми «аркар туяк», «кой көзү», «кой шыбак», «кылыч көчөт», «кыйгач көчөт», «кыңыр моюн», «бото моюн» көчөттөрү менен килем токуу кийинки кездери ушунчалык ургалдуу өнүккөн. Булар өз ара бири-биринен кичине-кичине айырмаланбай койбойт.

Килем көчөттөрү көркөм кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрүнүн оюм-түрү сымал мезгил талабынын коштоосунда өзгөрүү-өнүгүү жана жаңыруу касиеттерине тушугуп турат. Мындай килем токуучулукта элдик салттуу жагдайдан четтеп, карандай сүрөт тартуу аракеттери ийгиликтен баш аламандыкта алып барууда.

Килемдин ортолук көчөттөрүнө «каз аякты» (каз таманды) уздар арбын түшүрүшөт. Анын алдына «кош мүйүз» берилет. Буга «каз аяк көчөтү» таажы сымал көрүнүп кетет. Мындан «карга тырмак көчөтү» айырмаланып турат. Төрт бурчтук өзөктүн төрт тарабынан кадимки «карга тырмак» түшөт. Ал килемге эң эле ичке берилет.

Килемчиликте «кочкор мүйүз» («кочкорек», «кайкалак») бир эле табакчаланган көчөттөрдүн төрт жеринен «кочкор мүйүз», «кочкорек», «кайкалак» ич ара жупташа чыга келет. Мунун татаал элементтери бар. Эки «кочкор мүйүз» же «жарым кочкор мүйүз» тутумдашат. «Кош мүйүз кайкалак», «илмек кайкалак», «кайкалак» — булар бири-биринен айырмалана алат. Бир табакчада ичке төрт «илмек кайкалак» болот.

Уздар килем үчүн «омуртка көчөтүн» арбын пайдаланышат. Анын ортосу таңдай саймадай төрт бурчтанып, чакмак сызыктанып кетет. «Омуртка көчөтү» мына ушундай жагдайдан келип чыкканы туюлуп турат. Мунун төрт бурч эң майда элементтери бар. «Жылдыз көчөтүн» сегиз үч бурч түзөт. Мындайынан алып караганда анын ар бири «бычак учу» болуп көрүнөт. Анын тегерегине «суу» түшөт да, өзүнчө кадимкидей жылдыз сыяктуу көрүнөт. Бул таарга, кездемеге түшкөн «тогуз дөбөгө» окшошуп кетет.

Килем бетиндеги «тай туяк» көчөтү таар буюмдарына түшкөн ушул түрдөн айырмаланбайт. Бирок, көркөмдүктүн аяк-башы «карга тырмак» өңдөнүп кетет. Килем бетине сегиз элементтен «тогуз дөбө көчөтү» берилет. «Тай-

лак таманда» сегиз үч бурчтук тайлактын кадимки таманы сымал төрт тарабынан чыгат.

Адатта, уздар көчөттү айлана-чөйрөдөн алаары түшүнүктүү. Мында «чыт көчөтүн» кездеме бетине түшүргөнү белгилүү. Анткени, анда чыттарга түшкөн ирээтсиз кооздуктар орун алат. Анын аяк-башында «кош мүйүз көчөтү» бар. «Орус көчөтү» да кайдан келгенинин өзү эле айтууда. Көчөт элементтери жоонураак берилгени болбосо элдик «кайкалак көчөтүнө» окшошуп кетет. Кийинчерээк таасирленүү аркылуу бул орус элинин туштук (панно) сайма, түймө өңдүү буюмдарынан алынганы туюлат. Мында төрт бурчтуктан төрт кайкалак орун алат. «Кыңыр моюн көчөт» четтери «араа тиш» (бычак учу) болуп көрүнөт. «Пашайы көчөт» болсо төрт бурчтуктун ичи-сыртынан «араа тиш» (бычак учу) сымалданган түрлөр түшөт. Ал болжолдо буюмдун борборуна: ортолугуна табакча табакчаланып кетет. Анын минтип, төрт чарчы келип, эки капталында сөйкөнүкүндөй иймеги бар көчөт элементи түшкөн түрү да кездешет. «Калкан көчөтү» килемчиликке мүнөздүү келет. Бул төрт чарчы келип, анын ичинде төрт жеринде «ала мончогу» болот. Ичи такта-такта болуп көрүнөт. «Чаян» — «чаян куйрук» көчөттөрү кудум «беш кештедегидей» сезилет.

Татаал көчөттөрдүн бири килемчиликке «Кытай шак» болуп саналат. Болжолдо, уздар Кытай элдик оюм-чийимдеринен көчүргөнү баамдалат. Оң жана сол жагында ар кыл, анча деле көркөмдүгү жок сегизден он алты элемент бутактанып турат. «Кош мүйүз», адатта, мунун төрт бурчтукка берилүүчү төрт элементтери бүкүрөйүп кетет да, өрмөк буюмдарында да мына ушул түр арбын кездешет. Кош мүйүздүн бири-бирине түшкөн бөлөк түрлөрү бар.

«Пашайы көчөтүн» — бүгүн килемчилер буюмдарына арбын пайдаланышат. Анын эки түрү бар. Биринчиси, төрт чарчы крест формасында түшөт да, ичтери тегерекчелер аркылуу толтурулат. Анын ортолорунан төрт үч бурчтук бөлүп турат. Көчөттүн экинчи түрү жыбырчык көрүнөт. Мунун биринчи түрүн уздар арбын колдонууда. Мындан сырткары килем буюмдарынын бетинде «кара калпак көчөтү» (коңшулаш элдин үлгүлөрүнөн алынган), «туткуч» кадимки эле туткучтун өзүн көчүрүү сыяктуу көчөттөрдү түшүрүү салттары азыр кенен жайылып баратат. Кажары (букары) таарындагы «багжай» көчөтү так ошондой эле килемде да четтик көчөт катары килемчилер таасын түшүрүүдө. Мындан сырткары «кабырга көчөтү» кездешет. Ал төрт чарчы элементтен үч бурч курактай түшөт. Төө өркөчтөнүп, «толкун» болуп көрүнөт да, бул «арабы килемде» негизги көчөт болуп, курактай билинет. Мындай бөтөнчөлүктөрдү биз Түштүк Кыргызстандын килем токууга аябай куштар аймактары: Лейлек, Баткен, Ноокат, Алай, Өзгөн тараптарынан даана баамдай алабыз.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)