КӨӨКӨР

Кошкон | 11.09.2017

«Көөкөрүм кооз болсун — деп,
Көп жубанга бычтырган,
Көк жибек менен тиктирген» (Жеңижок).

Бул — шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан. Калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан. Көөкөр кармоодо аймактык айырмачылыктар бар. Мисалы, жаңы сыйрылган уйдун терисинин жүнүн кырып алып, аны шилтеге салат. (Шилтеге салуу — комуз кактын түбү менен чиенин карагандын бир түрү түбүн казып келип, аны казанга кайнатып, ошого терини салуу.) Ал үч-төрт күндөн кийин аябай былпылдап жумшап калат. Аны казандан чыгаргандан кийин ошол жумшак боюнча бычып тигет. Ичине кум салып, анан тоборсуп калаар чакта ага өзүнүн мүйүз сындырыгы аркылуу (чийим шибеси) көркөм оюм-чийим келтирилет. Тери ичиндеги куму боюнча кургайт. Көөкөрдүн ийинин, моюнун жана түбүн көркүнө келтирүү үчүн шиши болот. Демек, кептөөдө шиш, кум зарыл. Ал буюмдун кебин ойдогудай келтирет. Ага оюм-чийим батырыла түшөт. Кумду төгөөрү менен ал дандайган көөкөр болуп калат.

Төө тери калың болот. Жибитүүдөн чыккандан кийин муну негизинен кол күрөк менен челдейт. Көөкөр болуп бычылган теринин сырткы кыртышын өзүнчө, ички эт жагын өзүнчө шибеге-темене менен тигет. Ал көөкөр кейпин бергенден кийин теринин ичине топуракты, кумду, көбүнчө кум аралаш топуракты шыкайт. Көпчүлүк

көөкөрлөрдүн формасы — оозу кууш, моюну узун, түбү кенен, жалпак жана ийиндүү келет.

Чеберлер көөкөрдүн көлөмүн ар кандай жасашат. Анын чоңунда алты-сегиз литр суюктук сыят. Идиштин бир, бир жарым литрдик эң кичинеси да тигилет. Көөкөрдүн ийинин, моюнун, булуң-бурчтарын атайын ийри шиш аркылуу көркүнө келтирип, шыкалган топурак тоборсуур менен ага көркөм «чийме сынпос» түшүрүлөт.

Буга түшкөн оюм-чийимдердин же көркөм көчөттөрдүн элементтери негизинен «ийрекке», «мүйүзгө», («кочкор мүйүзгө») «кыял», «жарым кыял» оюмдарына окшошот. Ушундай эле кымыз куя турган шири кумарага (чайдөш түзбөлүндөгү чорголуу идиш) да «кыйма», «карга тырмак» мүнөздүү келет.

Тери кийимге — көн тердикте «кыял», «мүйүз» оюмдары шарттуудай сезилгени менен булардагы кооздуктарды жаратуу ыкмалары окшош болгондуктан бири- бирине өтүшүп отурат. Орточо көөкөргө төрт-беш литр суюктук куюлат.

Зергерлер көөкөрдүн булун-бурчтарына, ийинине, моюнуна күмүш, мис, жез, коло, калай өңдүүлөрдү да чөгөргөн. Ал түшкөн шөкөттөрдүн формасы ар кандай көркөмдүктө болот. Көөкөрдүн кепкегине да түстүү металлдарды чөгөрүп, адатта, жезден чагарак салынган. Анын кайыш боосу болгон.

Көөкөрлөр ар кандай формада жасалып, кыз-келиндерге арналган көөкөрлөр андан бетер сыйдаланат да, «чийме сынпос» менен аруу кооздолот. «Токту берип ыштаткан, Торко менен тыштаткан» — деп, идиш ышталып турган. Көөкөрдү тыштап да коюшкан. Ал көчтүн сынын чыгарган. Тарых жана этнографиялык музейлерде көөкөрдүн ондон ашуун түрү бар. Андагы түшкөн «чийме сынпостор» бири-биринен айырмаланат.

Эки ийинсиз эле узун тал моюндуу, тегерек келип, ийин ордуна боо тагылган көөкөр да жасалган. Буга түшкөн көркөм оюм-чийимдер жалпы алганда «байчечекей» өңдөнүп, чийим ичинен кайра «чийим сынпос» чыгып, ортолору «тоок көздөнүп» кетет.

Адатта, көөкөр кош ийиндүү болот. Моюну узунураак келип, койкоюп турса, ошол көркөм көрүнөт. Мунун муунак-муунак сызыктардан туруп берилген «табак- табакча» оюм-чийимдер үч бурчтукту түзүп, алар чийим шибеге аркылуу «ийректелсе» анда да . буюм кооз болот.

«Көк шибери жайкалган, Көөкөрдө кымыз чайкалган» (Т. Үмөталиев) — деп сүрөттөлөт. Көөкөрдүн мейман дастарконунун четинде койкоюп турушу, андан таңдайды тарткан ынак кымыздын куюлушу элибиздин сыйкордугунун күбөсү болгон. Демек, элдик кол өнөрчүлүктүн салтында түркүн буюмдун бетине көөкөрдү элестеткен көркөм оюмду берүү жөрөлгөлөрүн чечмелей келгенде ал токчулуктун символун туюндурат.

Желини булактаган бээни «көөкөр эмчек» деген турмуштук салыштыруулар бар.

Ыштоо менен шири идишке айланып, дайыма катуу абалын сактайт. Шири идишти жылына бир-эки жолу ыштообуз зарыл. Зергерлер мындай көөкөрлөрдүн булуң-бурчтарына, ийини жана мойнуна да күмүш, жез, мис, коло, өңдүү асыл заттарды чаап, көрчөгөлөрдү чегелей турган. Андай көөкөргө чөгөрүлгөн шөкөттөргө да элдик оюм-чийим беришкен.

Мыкты көөкөрлөр көлөмүнө карата кош ийини «кочкор мүйүздөнүп» түшкөн оюмдары таза жана так, моюну койкоюп узун да, кыска да болуп, жалпы көрүнүшү жыйнактуу келип, көргөндүн көөнүнө толгон.

Албетте, мал чарбачылыгы бар жерде көөкөр сөзсүз керек. «Көөкөрдөн куюп кымызды, Көк бөрү тартып жаткан эл» (Манас) деп айтылат. Андан ардактуу меймандарыбызга кымыз куюп сунуп, кыргыздын каада-салтын туюндуруп туруубуз тийиш.

Сыйымдуулугу төрт-беш литр көөкөр жасоодо уйдун терисин жибитип, жүнүн кырып, ички челдерин алып, эки бөлүктөн турган кеп жасап, ошону жатак алдырып, көөкөр түспөлүн берүүгө болот. Мында эки беттүү жыгач калыпты алганда тери кургаары менен көөкөр формасын сактап калат, ыштоо үчүн карагайдын таарындысын пайдаланса жарайт. Мунун кепкеги чөйчөктүк да, кепкектик да милдет аткаргандай кармалса болот.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *