КӨӨР (Каухар, көөкар)

Кошкон | 11.09.2017

«Андаштын уулу Сары эле,
Айдалып барган а деле,
Колунан көөрү төгүлгөн,
Усталыгы бар эле» (Токтогул).

Ал — ар кандай асем буюмдардын жүзүн ачуучу асыл зат. Демек, чебердин колунан жараткан аруу нускалар «көө хардай жанып турат» деген түшүнүктү берет. Айлакер чеберлерге, иш билги зергерлерге карата даңктала айтылат.

Көркөм кол өнөрчүлүк — усталардын, уздардын, зергерлердин асем буюмдарды жаратуучу кесиби. Ал улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, элибиздин тарыхый эстелиги, калк казнасы, атадан — балага, энеден — кызга өткөн мурас. Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн башаты тереңден башталып, буюмдардын кандай жердиктен жасалгасына, жасоо ыкмаларына жараша бир нечеге бөлүнүп кетет. Анын оймочулук, саймачылык, килем токуучулук, өрмөк согуучулук, бычып-тигүүчүлүк, чий чырмоочулук, ат жабдыктары үчүн өрмөчүлүк менен кайыкчылык, териге ар кандай наар түшүрүүчүлүк, зергерчилик, мүйүзчүлүк, жыгаччылык өңдүү түрлөрү бар. Андан тышкары жип-шуу эшүүчүлүк, түймөчүлүк, метилеп таш чегип, тегирмен, жаргылчак жасоочулук жана боекчулук да элибизде аябай күчтүү өнүккөн. Өнөрлөрдүн башка түрлөрүндөй эле көркөм кол өнөрчүлүк да партия менен өкмөтүбүздүн аталык камкордугуна бөлөнгөн. Көркөм мурастын кечээкиден бүгүнкүсү кызык, азыркыдан эртеңкиси укмуш. Анткени, анын ар тараптан өсүп- өнүгүшүнө, кеңири кулач жайышына, арымдуу кадам шилтешине шарт түзүлүүдө. Азыркы кезде элдик өнөрпоздордун чыгармачылыгы мурун болуп көрбөгөндөй өсүүдө.

Бүгүн кыргыз элдик кол өнөрчүлүгү эки багытта өсүп-өнүгүүдө. Биринчиден, ар бир айылда, үйдө кооз буюмдар жасалууда. Чеберлер адатта илгертеден келе жаткан элдик ыкмаларды колдоп, андан ары өнүктүрүүгө өз үлүштөрүн кошууда. Экинчиден, эл ичиндеги ошондой чеберлерди топтоштуруунун негизинде жер- жерлерде бирикмелер уюшулууда. Мисалы, Бишкек шаарында «Кыял», Ошто «Мурас», Таласта «Шумкар» бирикмелери иштеп, алардын Тоңдо, Балыкчыда, Кочкордо, Нарында, Өзгөндө, Кара-Кулжада, Кадамжайда, Алайда ири филиалдары бар. Аталган көркөм өнөрканалардан кооз буюмдар, сувенирлер элге тартууланууда.

Азыркы кезде колунан көөрү төгүлгөн усталар суюлуп баратат. Алардын шакирттери да аз. Биз алардын калтырган издерин айыл ичинде сакталып калган аруу буюмдарын гана көрүп: «Баланча зергердин колунан чыккан тура!» — деп тааныйбыз. Ошондуктан үзүлбөй келе жаткан бул жөрөлгөлөрдү жаш муундар андан ары улап кетүүлөрү керек.

1973-жылы июнда элдик кол өнөрчүлүгүн жакшыртуу боюнча Бүткүл союздук координациялык Совет Кыргызстандын борборунда өттү. Анда илимий көз караштагы пикирлер айтылып, тажрыйбалар алмашылды. Оң натыйжалар жалпыга тиешелүү өрнөк катары белгиленди, элдик өнөрдү улантуучулар камкордукка алынып, алар жараткан буюмдарды чыгармачылык талдоого алуу каралды.

КПСС Борбордук Комитетинин «Элдик кооз буюм промыселдери жөнүндө» токтому (февраль, 1976-жыл) советтик социалисттик маданияттын ажырагыс бир бөлүгү болгон элдик өнөрдүн андан аркы гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзүп, күндөлүк иштердин айкын программасы болуп калды.

Кыргызстан КП Борбордук Комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Совети «Элдик көркөм кол өнөрчүлүгү жөнүндө» (30-июль, 1975-жылы) токтомунда элдик көркөм кол өнөрчүлүктү андан ары өнүктүрүү, иликтөө-изилдөө жана пропаганда иштерин жүргүзүү үчүн Атайын Көркөм Эксперимент Лабораториясынын милдетин аныктады. Анын негизги милдети — көркөм кол өнөрчүлүктүн ыкмаларын үйрөнүү, элдик чеберлерди табуу жана үйдө иштөөчүлөргө практикалык жардамдарды берүү, ишканалар үчүн атайын үлгүлөрдү жаратуу.

Ал эми Кыргызстан Республикасынын Министрлер Советинин 1979-жылдын 10- апрелиндеги токтому боюнча Орто Азия республикаларында биринчи болуп атайын окуу жайы ачылган. Бул окуу жайы жергебиздеги элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелерине чыгармачыл кадрларды даярдап жатат.

Кыргыздын элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндө аймактык айырмачылыктар бар. Маселен, Нарын тараптагы уздарда жана усталарда боз үй жасоо салтка айланган. Мына ошондуктан боз үйгө байланыштуу чий чырмоо жана согуу, шырдак шыруу, ала кийиз уютуу, туш кийиз саюу жана ат жабдыктарына узануу кеңири өнүккөн. Аларда улуттук кийимдерди жарашыктуу бычып тигүүнүн эң сонун үлгүлөрү бар.

Көл өрөөнүндө сайма саюу, кийизчилик, өрмөчүлүк жасоо мыкты өнүккөн.

Ал эми Талас өрөөнүндө жашагандарда көркөм көчөт түшүрүлгөн терме таарларды согуу өзгөчө өнүккөн.

Ош жергесиндеги элдик чеберлеринин кармаган көркөм буюмдарынын өзүнчө жүзү бар. Аларда килем токуучулук, өрмөк согуучулук, саймачылык өзгөчө бааланат. Түштүк килеми өңүнүн ачыктыгы, жалаң кылчык койдун жүнүнөн токулганы, эндүүлүгү менен илгертеден белгилүү.

Көркөм кол өнөрчүлүктүн айрым түрлөрү улам барган сайын суюлуп баратат. Аларга таш чегүүчүлүк, жыгаччылык, көн (шири), сөөк, мүйүз буюмдары кирет.

1982-жылы СССРдин 60-жылдыгына карата элдик чеберлердин республикалык кароо-конкурсу эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөлөрүнүн павильондорунда уюштурулду. Анда кыз-келиндерибиздин өздүк кооз буюмдарын кармоо, жүгөн-куюшкан, басмайыл, көмөлдүрүк өрүп жана кайыш кармоо, жыгач идиштерин кыруу боз үйдүн уук-керегесин матоо, түндүктү ийүү, ээр чабуу, ала кийиз уютуу, кайыш ийлөө, мүйүз буюмдарын жасоо, шырдак оюп шыруу, туш кийиз саюу, килем токуу, терме, беш кеште кажары согуу, чыгдан кармоо, тор чачык чалуу, жип-шуу эшүү, элдик кийимдерди бычуу-тигүү өңдүү көркөм кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө узануунун жана уздануунун чеберчилик ыкмалары толук көрсөтүлдү. Анда өнөр жай ишканаларында элге керектүү буюм катары көп нускада чыгаруу үчүн көркөм үлгүлөрдү тандады. Өзгөчө кооз буюмдар Бүткүл союздук көргөзмөгө, музейлерге экспонат катары жөнөтүлдү.

Андан кийин элдик чеберлердин республикалык I слету болду. Анын катышуучулары элдик чеберлерге жана уздарга элдик көркөм кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнү жандандыруу боюнча үндөө кабыл алышты.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)