АЖЫДААР

Кошкон | 11.09.2017

АЖЫДААР (арабча аждаха) — мифологиялык жаныбар, көпчүлүк элдик жомоктордо адамды да, айбанды да оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан, көп баштуу, өлчөмсүз чоң, укмуштуу жылан. Фольклордо. оң образ катарында да, терс образ катарында да кеңири белгилүү. А-дын элесинин мындай карама-каршы сүрөттөлүшү ал образдын эволюциясынын стадиялык баскычтары менен байланышкан. А-дын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жамандык да кылуучу мифтик жаныбар катары пайда болгон. Кийин элдик оозеки чыгармачылыкта анын жогоркудай касиеттери эки ажырым болуп, эки образды түзүп калган. «Манас» эпосунда бул образдын эки тиби тең жолугат. А-дын эпикалык образы толугураак чагылган Саякбай Каралаевдин вариантында адамга жакшылык да, жамандык да кылуучу, башкача айтканда алгачкы ишенимдеги А-дын образы суунун жана жаан- чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат. Эпосто табияттын стихиялуу күчүн элестеткен, бир жаккы башын көтөрсө жамгырдай жайнап от чыккан, бир жаккы башын көтөрсө каптап жалын чок чыккан алтымыш баштуу А.— өз алдынча жаткан фантастикалык жаныбар. Алмамбет алты жашка чыкканда Азизкан «Коңурбайдан өчүмдү алып бер, тартып алган жеримди бөлүп бер», — деп А-га окууга жиберет.

Төмөнкү жалгыз көздүн элинде,

Суук-Төр деген төрүндө,

Аверден деген көлүндө,

Алтымыш баштуу Ажыдаар

Андан барып окуп кел.

Күндүзү бүркөк, түнү ачык,

Бурганактап шыбыргак,

Кубултуп күндү бузуучу

Жайдын жайын окутат,

Атышка кирсең алдырбас

Октун жайын окутат,

Адамды өрттөп жиберер

Чоктун жайын окутат (Саякбай Каралаев).

Элдик оозеки чыгармачылыкта окуунун кандай процессте жүргөнү жөнүндө ачык кабар берилбейт. Жөн гана кандайдыр бир сыйкырдуу, касиеттүү адам (карыя, аяр, акылман жана башкалар) же А. сабак бергени айтылат. Бала устатынан сыйкырчылык, аярлык, көбүнесе ар түрдүү жаныбарга айлануу өнөрүнө ээ болот. «Манаста» бир аз башкача, жумшартылган түрдө кездешет. Мында Алмамбет адегенде алты миң, анан жети миң дагы ушундай сыяктуу эпикалык сандардагы балдар менен бара берип, алар бүт кырылат. Алмамбет менен бирге барган балдар А-дын кастыгынан өлбөйт, анын фантастикалык көрүнүштөрүнөн коркуп же уусунун зардабын көтөрө албай кырылышат. Алмамбет менен Кожожаш (Саякбай Каралаевдин вариантында Кожожаш терс каарман Алмамбеттен үч ай ашык окуган, ашкан мерген болуп сүрөттөлөт) ошончо баланын ичинен аман калып, окуп чыгышы ал экөөнүн өзгөчөлүгү, ашкере баатырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы катары бааланат. А. бир эле учурда оң каарман Алмамбетти да, терс каарман Кожожашты да магиялык укмуштуу өнөр билимге үйрөтөт. Бул жагынан ал оңго да, терске да бирдей кызмат кылган орток мүнөзгө ээ. Бирок А- дын душман тарапка таандык жандык болушу анын образы терс жакка өтө баштаганын кабарлайт. «Манас» эпопеясында магиялык өнөр-билим берүүдөн башка учурда башкы баатырды колдоочу, коргоочу, жакшылык кылуучу симпатиялуу А-дын образы элестетилет. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас Чыйырдынын боюна бүтөрдө А. түшүнө кирет.

Алиги жеген ак алмам,

Курсагыма толуптур,

Артымдан чыкты ышкырып,

Ажыдаар болуптур,

Ачууланып оп тартса

Ай ааламды соруптур (Сагымбай Орозбаков).

Укмуштуу А. чексиз күч-кубаттын символу катары көрүнөт. Ал башка тотем жаныбарлар (бөрү, бугу, жолборс жана башкалар) менен бирге жоого кирген Манаска сүр-айбат, кайрат берет, колдоочулук касиетке ээ образ маанисинде элестетилет. Фольклорчу окумуштуулар белгилегендей «Манаста» чагылдырылган фантастикалык А-дын образы дүйнөлүк мифологиядагы А-дын классикалык үлгүсүнө (жакшылык кылуу, символ, кубаттуулук жана башкалар) өтө жакын сүрөттөлөт.

С. Алиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)