АЗИЗКАН

Кошкон | 11.09.2017
АЗИЗКАН — эпизоддук кейипкер, кытайдын башкы кандарынын бири, Алмамбеттин атасы (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча). Эпосто А. негизинен Алмамбеттин төрөлүшүнө жана кытайдан кетишине байланыштуу окуяларда эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча А-дын алтымыш аялы болсо да жетимишке чыкканча балалуу болбойт. Бир туугандары Эсенкан, Алоокелердин уулдары Бөрүкөз, Коңурбайлар ага көп кысым көрсөтүшөт. Коңурбай Кан-Жайлак жайлоосун ээлеп алат. Ыза болгон А. кытайдын башкы каны Карыканга Коңурбайдан өткөн баатыр уул төрөй турган аял алып берсин деген талап менен кат жиберет. Ал элиндеги бүт кыздарды чубатып, сынчы аярларына сындатып, Соорондүктүн кызы Алтынайды алып берет. Алтынай А-га келгенге чейин эле керемет менен нурдан бүткөн үч айлык боюнда болот жана ал төрөгөндө түрдүү сырдуу белгилер берилет. Баласын атасы Соорондүккө бактырып, келгени тогуз айга толгондо А-га алып келет. А. баласына ат койдурганы Карыканга алпарат. Баланы колуна алганда эле касташып кетерин туйган Карыкан түпсүз кудукка салып сынайт. Алмамбет алтыга чыкканда А. ажыдаардан окутуп, баласын кытай элин билген кан болууга даярдайт. Алмамбет эрезеге жеткенде ата-баланын ортосунда дин маселеси боюнча чатак чыгып, А. баласы колдуу каза болот. А-дын баласы менен дин үчүн чырдашуусу мусулман идеологиясынын таасири менен эпоско кийин кирген мотив. Анын алгачкы башталышында энелик доор ыдырап, анын ордуна аталык доор орной баштаган мезгилдеги коомдук кагылыштардын издери жатат. Энелик доордун мезгилинде баланын атасы ким экенине кайдыгер мамиле жасалса, аталык доордо баланын сөзсүз никелүү атасынан туулушу талап кылынган. Тескерисинче болгондо ортодо каршылык келип чыккан. Ушул социалдык конфликтинин таасиринде дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларында, ата менен баланын касташуусу деген салттык сюжет пайда болгон. А-дын баласы менен кагылышка барышы ошол салттык сюжеттин «Манас» эпосунан орун алгандыгын көрсөтөт. А-дын атынын этимологиясы тарыхый жагынан өзүнө кызыгууну туудурат. Изилдөөчүлөрдүн тобу Алмамбеттин прототиби 9-кылымда кыргыз тарыхында көрүнүктүү роль ойногон уйгур кол башчысы Күлү Бага деп болжошот. Күлү Баганын уруусу — эдиздер уйгур кагандыгын түзгөн 15 уруунун бири болгон. «Манас» эпосунда А., кийин аяын баласы Алмамбет туугандары — кытай кандары Алооке, Эсенкан, Коңурбай жана башкалар менен каршылашып келгендей эле, тарыхый эдиздер да башка уруулар менен бийлик талашып келген. Күлү Бага да өз элинен кетип, алардын күчтүү жоосу кыргыздар тарабына өтүп кетет. Эдиздер уруусу менен Алмамбеттин атасы А-дын аттарынын үндөштүгү жана алардын айрым окуяларынын окшоштугу А-дын аты «эдиз» деген сөздөн алынып, эпоско кирген деген божомолду айтууга түрткү берет. Эпосто каармандын уруусу атасынын аты катары берилиши типтүү көрүнүш. Мисалы, Аргынкандын Ажыбай, Жедигердин Багышы, Эштектердин Жамгырчы. Мындагы аргын, жедигер, эштек кыргыз урууларынын кийинки күндөргө чейин сакталган аттары. А. Алмамбеттин атасынын өз аты эмес, урусунун аты экендиги жөнүндөгү кандайдыр бир кабарлар кийинки манасчыларга чейин сакталып келген болуу керек. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Соорондүк Алмамбекттин атасынынөз аты ал эми А. анын ылакап аты (псевдоними) делип айтылат. Байыркы түрк тилиндеги «д» фонемасы кийин бир катар тилдерде «з» тыбышына алмашылып калган. Азыркы кыргыз тилинде байыркы «эдиз» деген сөз «эзиз», «азиз» болуп өзгөрүп кеткен.

Р. Сарыпбеков

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *