АЙКОЖО

Кошкон | 11.09.2017

АЙКОЖО (өз аты — Абунасир Самани) — каарман. А-нун эпостун ар башка варианттарында сүрөттөлгөн образында айырмачылык бар. Сагымбай Орозбаковдун вариантында ак пайгамбар Мустапанын (Мухаммеддин) сабаларынын (диний жанжөкөрлөрүнүн) бири. Мустапа бир күндөрү сабаларынын ортосунда олтуруп: биздин көзүбүз өткөндөн 400 жылдан кийин (башка бир жерлерде 250 жыл) «Түркстанда туулган, түмөн кытай журтуна сала турган чуулган, түрк уругу кыргыздан» Манас баатыр тууларын айтат. Жанындагылардын өтүнүчү боюнча пайгамбар «Минген аты баары чаар, Кийген тону баары таар, Кийиз калпак башында, Найза, күрсү колунда, Аккелте мылтык жонунда, Айбалтасы белинде» Манастын жана анын кырк чоросунун ороюн (сырткы элесин) көз алдыга тартып, мына ушул адамга калтыра турган аманатым кылыч (Ачалбарс), мылтыгым (Аккелте) бар, кимиң тирүү калып тапшырасың? — дейт. Сабалардын ичинен А. (Абунасир Самани) бул милдетти мойнуна алат. Манас эрезеге жетип, душманына каршы аттанганда, атайы издеп келип, Алтайдан жолугуп пайгамбардын аманаттарын (кылыч, мылтык) тапшырат, мусулман болууга жана дин үчүн күрөшүүгө үндөйт да, өзү кайра Арабстанга кетет. Манас кийин Абдылданы (Ажыбай) жиберип чакыртып алат. А. Манастан жеңилген элди мусулман динин тутууга үндөгөн насаатчы болуп, кээде керемет иштерди да жасайт. Мисалы, Манас ата конушу Ала-Тоону душмандан бошоткону Алтайдан аттанып чыкканда душмандын Куяс аяры жолдогу дарак, чөп-чарды куралдуу аскер кылып кубултуп, жол тостурат. Каршы келген жоосунан бет буруп, аркасын салып көрбөгөн Манас баатыр Аккелте менен атса, сыйкыр менен жасалган аскерлер жооп кылып мылтык атат. Сандаган мылтыктын атылышынан Манастын көзү көрбөй калып, А-нун дубасынан кийин гана ачылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында өз ысымы Абунасир Самани, кээде Бузурук Саба деп да айтылат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 574—576-инв.). Абунасир Самани тарыхый адам. 9—10-кылымда Орто Азияны жана Хорасанды башкарган, тажиктерден чыккан феодалдык сулаленин өкүлү, 864—892-ж. эмирлик кылган. Демек, ал Мухаммеддин сабасы эмес, андан кыйла кийин жашаган. Өз учурунда Орто Азияда жашаган көчмөн түрк элдеринде ислам дининин таралышында активдүү роль ойногон (Ч. Ч. Валиханов. Собрание сочинений, А.-А., 1985, т. 3, 126, 367-б.). Тарыхый булактарга таянганда диний насаатчы катары А-нун образынын калыптанышына жеке Абунасир Самани эмес, көптөгөн дин өкүлдөрүнүн иш-аракети түрткү болгон. Муну «Манас» жөнүндөгү жазма даректердин эң алгачкыларынын бири 16-кылымга таандык молдо Сейф ад-Дин ибн даммула Шах Аббас Аксыкенти калтырган «Мажму ат-таварихтеги» («Тарыхтар жыйнагы») маалыматтар да толук ырастайт. Кара кытай Гуркандан жеңилген Тули-кан, Дува-кандар Хорезм-шах Махмуд менен кеңешкенден кийин, Дува-кан элчиликке барып, Багдаддан пайгамбардын тукуму катары имам Ибрагимди алып келет. Ибрагим Коженттеги кыргыздарды оң канат, сол канатка бөлүп, алардан куралган кол менен Касандын жанында Гурканды талкалайт. Ширкенттик шайык Жалал-аддин Манастын Жолой менен күрөшүнө бир нече жолу көмөк көрсөтөт, Жолой жиберген чыккынчы Тубай ууландырган Манасты айыктырат. Бул Абдылданы (Ажыбай) жиберип, Манастын А-ну чакыртып алышын, көзү көрбөй калган Манасты А-нун айыктырышын эске түшүрөт. Эпостун ар кайсы варианттарын салыштырганда А-нун образы түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири тараган, түпкүлүгү тотемдик бабага барып такалуучу — укмуштуу колдоочу карыянын айрым милдетин өзүнө сиңирүү менен анын ордун ээлөөгө өткөнүн байкоого болот. Мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын кылычы укмуштуу жол менен асмандан түшүп, аны Сагымбай Орозбаковдун вариантындагудай А. эмес, дүйнө кезип жүргөн аксакал думана берет. Узак жашаган (250—500 жыл) акылман, көзү ачык карыянын баатырларды, кол башчыларды жандай жүрүп насаатчы болушу да түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында байыртан келе жаткан салттык көрүнүш. Огуз кандарынын бир нече муунунун жеке турмушундагы жана мамлекеттик саясий иштериндеги акылчы-насаатчы 500 жыл жашаган Коркут-ата жөнүндөгү аңыз сөздөрдүн үлгүсүндө муну даана көрүүгө болот. Саякбай Каралаевдин вариантында «Ала чапан Айкожо» анжыяндык кожо катары айтылат. Кытайларга колго түшүп калганда Кошой куткарып чыккан Билерик А- нун баласы делет (Сагымбай Орозбаковдун вариантында ал Жаангер кожонун баласы). Манас Таласка көчүп келгенден кийин Алоокеден кордук көрүп жаткан элдин камын ойлоп, А. Манаска келип:

Атышаарың Алооке,

Арбын кыргын салыңыз,

Ордолуу шайык, көк жөкөр.

Орчун Кокон, Маргалаң,

Эр экениң чын болсо,

Алоокенин колунан

Ажыратып алыңыз (Саякбай Каралаев),— дейт.
Саякбай Каралаевдин вариантында кожолорго, анын ичинде А-го ашкере баа берүүчүлүк жокко эсе, тескерисинче, эпостун башкы каармандары ачуусуна тийгенде кожо-молдолорду сабаган учурлары да эскерилет. «Чоң казаттагы» бир тыныгууда элди эсепке алганда Чубак менен Төштүк жок болуп чыгат. Нескараны баш кылып кытайдын кырк баатырын колго түшүрүп кечиккен Чубак, А. азан чакырып, эл намазга жыгылып жатканда келет. Чубактын келе жатканын көргөн Манас:

Аппак кожо, Айкожо,

Кереленип каласың,

Кечке окуу саласың,

Бейишиңди өзүң ал,

Береним Чубак келатат (Саякбай Каралаев, 2. 155),— деп тура жөнөит.

Р. Сарыпбеков

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)