ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Кошкон | 11.09.2017
Жазуучунун «Жамийла» повестинен «Кыямат» романына чейинки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун стихиясы каармандардын мүнөзү, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын «жүлүнүнөн» өтүп тургандыгы байкалат. А. «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөткөн. А-дун эпосту пропагандалоо багыты ар түрдүү. Ал «Манас» эпосу кайталангыс жана катасыз көркөм тажрыйба аркылуу адабияттын бардык проблемаларына, тематикаларына ой жүгүртүп, анын бийик гуманизмин даңазалаган эркиндик, көз каранды эместик идеясын, терең философиясын, имандык сабагын, укмуштуу фантазиясын, оптимисттик трагедиялуулугун, поэтикалык көркөмдүгүн, пафосун, структуралык табиятын, стилдик чен-өлчөмдөрүн, сөздөрдүн тактыгын, образдардын ички дүйнөсүнүн кылдат ачылышын, жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарынын сүрөттөлүшүн талдайт: «Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Кеп, кылымдар бою өз ичине камтыган көп катмарлуу эпостун мазмунга, адам турмушунун ар түрдүү жактарын,              социалдык-турмуш,       сүйүү-лирикалык,         моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрүн бүтүндөй камтыган эпостук мазмунга, бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форманын бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөнүндө».

Жазуучу уникалдуу «Манасты» жараткан элдин акылмандыгына, даанышмандыгына, укумдан-тукумга жеткирген Сагымбай Орозбак уулунун, Саякбай Карала уулу сыяктуу «легендарлуу эпик», «азыркынын Гомери», «XX гасырдын рапсоду » деп аталган индивидуалдуу залкар көркөм сүрөткерлердин ролуна чоң баа берет. Сагымбай Орозбак уулу жөнүндө мындай дейт: «Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. «Манас» — «Манас» болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет». Сагымбай Орозбаковдун вариантына башкы редакторлук кызмат аткарып, «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген баш сөз жазды. Ал эми Саякбай Карала уулунан «Манасты» угуп, өзү менен кошо жүргөнү баарыга белгилүү. А. «Ал океан сымал «Манастын» миллион сабын жат билген» деген макаласында улуу манасчылардын эң акыркысы Саякбайдын портретин жандуу тартат. Манасчынын фантазиясына, артисттик талантына, ашкан өнөрүнө тен берет: «Каралаев «Манас» айтып жатканда андан көзүңдү тартып ала албай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсалышына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр таштай чанда бир кезиге турган шыбаганы даарыган бул адамдын абазына кулак төшөп, муюп олтуруп, анын жасат-жаны эпикалык уюткунун өзүнөн бүткөнбү деп ойлой кетесиң». Саякбай Карала уулунун сөөгүн коюу зыйнатында жазуучунун кабыргасы кайышып, «дүйнө жүзүндө өзүнчө жалгыз гана болгон улуу талант асмандан кулаган жылдыздай жарк этип өчтү» деп улутунуп турбадыбы!

А. «Манасты» оозго алганда казак элинин улуу жазуучусу жана окумуштуусу Мухтар Ауэзовдун ысмын бирге эскерет. 1950-жылдары М. Ауэзов эпостун элдүүлүгүнө шек келтиришкендерге каршы туруп, бул чыгарма кыргыз элинин гана эмес, бүткүл совет элинин сыймыктана турган зор эпопеясы экендигин көрсөтүп, 1952-ж. «Манас» эпосуна байланыштуу бүткүл союздук илимий конференцияда «Манас» эпосунун элдик вариантын түзүү керек» деген темада доклад жасаган. Ошондогу казак жазуучусунун кара жанын карч уруп энциклопедиялык билимге таянып «Манасты» обу жок айыптоолордон коргогонун А. өтө жогору баалайт. «Ауэзовдун атуулдук азаматтыгын, жазуучулук эрдигин биздин эл эч качан унутпайт» — дейт ал. А. менен «Манасты», Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу менен «Манасты» бөлүп караганга болбогон сыяктуу эле, Ауэзов менен «Манасты». ажырым кароого болбойт. А. чет өлкөлүк окурмандардын «кай жерликсиз» — деген суроосуна «Манас» жаралган жана Ауэзов туулган жерденмин», — деп сыймык менен жооп берет.

А. «Манас» эпосун дүйнө, совет элдердин арасына пропагандалап, эпостун которулушуна дайыма камкордук кылып келет. «Манас» эпосун өзбек тилине белгилүү акын Миртемир которгондо А. да баалуу кеңештерди берген. Котормочуга эл алдында жылуу пикир айткан: «Ал бул чоң жана татаал ишке канчалык жан дили менен берилип мамиле жасагандыгын мен азыр толкундабай эскере албайм. Эпостун өзбекче котормосу «Манастын» өзүнүн гениалдуу оригиналына тете монолиттүү, колориттүү чыкты». Азыр болсо белгилүү орус акыны В. Солоухин «Манастын» орусчасын калың элге жеткирүү үчүн А-дун тапшырмасы менен иштеп жатат. «Өз элинин тарыхына жана чыгармачылыгына сыймыктанбаган жан болбос, ошентсе да «Манас» эпосун ойлой калсам, аны минтип жалпы совет элинин орток маданий байлыгына айланып отурганын эстеп, мартабам артып, байманам ташыгандай өзүмчө эле кудуңдап, териме батпай кетем» — дейт ал.

 

Муну анын эпостун жалпы дүйнөгө тароого жасаган камкордугунун күбөсү катары баалоого болот.

  1. Коркиндин «Манас» эпосун укканда ыйлаганыңыз барбы? — деген суроосуна жазуучу ««Манасты» укканда ыйлабаган кыргыз болбойт», — деп жооп бериши эпостун ар бир кыргыз баласы үчүн өтө ыйыктыгын, асылдыгын, улуулугун, касиеттүүлүгүн билдирет. «Манастын» улуттук аң-сезимге сиңиши эне сүтүнө, эне тилине барабар, аны менен бирге чогуу келген табигый көрүнүш. ««Манасты» билбеген адам өз элин, тилин, жерин билбегендик» — деген сөздүн афоризмге

айланып кетиши бекеринен эмес. Ошондон улам азыркы учурда дагы бир жаңы учкул сөз жаңырып калат: «Кыргыз адабияты «Манас» эпосунан Чыңгыз Айтматовдун эпосуна чейинки доорду басып өттү». Ооба, кыргыз эли дүйнөгө ушул эки көркөм маданияттын бийик үлгүсү катары, эки эстетикалык дүйнөнүн эриш-аркак далма-дал келиши, тогошуусу менен сыймыктана алат. Дүйнө менен алакада болуп, аралашып, дүйнөнү көрүп туруу үчүн «Манас», А. сыяктуу түбөлүктүү, муундан-муунга аңыз болуп жашай турган улуу бийиктиктер керек. Биздин көркөм дөөлөттөрдүн кыл чокусунда кечээ да, бүгүн да, эртең да туу катары кармаганыбыз да, карманганыбыз да дал ушул — «Манас» менен А. экендигин эч ким тана албайт.

А. Акматалиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *