АЙ ТУТУЛУУ

Кошкон | 11.09.2017
АЙ ТУТУЛУУ — Ай толук бойдон же жарым-жартылай жердин көлөкөсүнө кирип калган кездеги көрүнүш. Айдын тутулушу элдик ишеним боюнча жамандыктын белгиси. Бул «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас дүйнөдөн кайтканда «калайык ыйлап, кан ыйлап, калың журттун баары ыйлап» аза күтөт. Ал гана эмес «кайың ыйлап, тал ыйлап, таш да ыйлайт». Манаска таандык жаныбарлар (Тайбуурул, Акшумкар, Желмаян, Кумайык) кайып болушат. Жаратылыш кубулуштарына бүлүк түшүп жер титирейт, Ай тутулат. Ал көрүнүш эпосто «Алты күнү ай чыкпай, Ой тобо-ой, ай караңгы түн болду» (Саякбай Каралаев, 2. 249),— деп сүрөттөлөт. Күн менен айдын тутулганын байыркы элдер падышалардын, кандардын өлө тургандыгы, согуш, ачарчылык, кургакчылык, жут болорун алдын-ала билдирген кереметтүү белги катары карашкан. А. т. чындыгында ай, күндүн тутулушу менен стихиялык ар кандай кырсыктын, трагедиянын ортосунда эч кандай деле байланыш жок. Ал эми Манастын «Кичи казатта» жарадар болуп келип өлүп, эл өзүнүн башкы идеал баатырынан, сырткы баскынчы душмандан коргоочусунан айрылган учурда айдын тутулгандыгы элдин трагедиясынын оордугун эң жогорку көркөмдүктө чагылдыруу болуп саналат

М. Мукасов

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)