АККУЛА

Добавил | 11.09.2017

АККУЛА, Каккула, Ак сур ат — эпостун бардык варианттарында Манастын жанга өлчөлүү негизги тулпары. Байыркы жоокерчилик салттын талабын чагылдыруусуна ылайык А-нын эпикалык биографиясы, өзүнө мүнөздүү сын- сыпаты, энчилүү ысымы (кличка), баатырга эш өзгөчөлүктөрү бар. Манас да башка эпикалык каармандардай эле урунган куралы, кийген кийими, жоого минчү жакшы аты менен гана баатыр, ансыз анын даңкы чыкпайт, эрдик сапаттары көрүнбөйт. Анын эрдиги жана жеңишке ээ болушу А-га да байланыштуу. Эпостогу каармандарды идеалдаштырууда эпикалык тулпарларга байланыштуу мифтик фантастикалык элементтердин көрүнүштөрү А-нын образынан орун алган. Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Багыш Сазановдун вариантында Манас менен А. бири-бирине атайы арналып жаралган, тагдырлаштар катары бир күндө туулат. Манас төрөлгөн учурда Камбарбоздун үйрүнөн кара жалдуу Кула бээ ак сур кулун тууйт. Саякбай Каралаевдин вариантында А-ны нойгуттун каны Карачадан буудайга сатып алат. Манасчы А- ны кайыптан туулган Куу байталдын Кула кулуну деп сыпаттайт. Буга чейин «бул Куланын ээси жок» болуп жүргөн А-нын тагдырлаш, идеялаш ээси Манас экени, анын өз ээсине сырткары күчтүн колдоосу менен келген аксакал карыя бербестен, салттык мотив трансформацияланып Карачанын образына алмаштырылып берилген. Жусуп Мамайдын варианты боюнча Манастын атасы Жакып Чыңгыш аттуу какандан А-ны жонунан даакысы түшө элек кулун кезинде сатып алат. Мында А. Коңурбайдын Алгарасы, Жолойдун Ачбууданы менен бир тууган катары айтылат. Башкы каарманга тагдырлаш болочок тулпардын адегенде минтип көзгө комсоо көрүнүшү байыркы салттык мотив катарында бардык түрк элдеринин фольклорунда кеңири кездешет. Эпосто А-нын сын-сыпаты:

Өңү кула, кара жал,

Өзгөчө сонун бу бир мал.

Чаткаягы чаткалдай,

Жүрүп кетсе чатына

Жүктүү төө баткандай,

Желип кетсе жүрүшү

Жебенин огун аткандай,

Куюшкандын кошконго

Он бир карыш казанды

Ойноп-күлүп аскандай.

Болжолу жок чоңдугу,

Бооруна карандын

Момолой ийин казгандай.

Таноосуна-мурдуна

Кирер болсо жөргөлөп

Азыркы жүргөн адамдар

Кийими менен баткандай.

Камыш кулак, сом туяк,

Балтыры өгүз белиндей,

Басканы сырттын желиндей (Сагымбай Орозбаков, 1. 20),— деп сүрөттөлөт. А-га берилген мүнөздөмөлөрдө манасчылар негизинен анын күлүктүгүн, талбастыгын даңазалашат. А-нын өзгөчө күлүктүгү, тулпардык касиетинин күчтүүлүгү, арыбас чыдамдуулугу «айтайын десе тили жок, адамдан эстүүлүгү» канчалык апыртылбасын, аттын табигый чегинен чыгып кеткен эмес.

Кээ бир баатырдык эпостордогу укмуштуу аттарга салыштырганда А. кийинки жоокерчилик доордун шартындагы күлүк аттарды элестетет. Анын адамча сүйлөгөн, ээсине жардам берүү үчүн өз алдынча акылдуулук менен жасаган табияттан тышкары жосундары жок. Бирок, мунун өзү А-нын образы дайыма ушул калыбында болгон дегендикке жатпайт. Анын образында магиялык касиеттеги белгилер да сакталган: А-нын Манас менен бир учурда туулушу; «Чоң казаттын» башталышында Манас Айбанбозду минип, майданга кирип Коңурбайдын колунун курчоосунда калат. Айбанбоз жүрбөй Манас коркунучтуу абалда калган учурда оорукта (тылда) Ажыбайга таштап кеткен А. эч оттобой, окуранып тынчсызданат (Багыш Сазановдун варианты); Көзкамандар Манасты карасанатайлык менен ууландырган учурда мамыда байланып турган А. жер чапчып отуруп айланасын казып жиберет (Сагымбай Орозбаковдун варианты); Алмамбет Көкчөдөн чыгып келатканда Манас түш көрөт да, А. болсо көл-шал түшүп тердеп калат (Сагымбай Орозбаковдун варианты); караңгыда жол жүрсө А- нын эки кулагынан шам күйүп, Манастын жүрөр жолун жарык кылып турушу (Сагымбай Орозбаковдун варианты) сыяктуу мотивдер апыртмалуу ыкмада сүрөттөлөт. Ч. Валиханов жазып алган вариантта А-нын «бир жагында жыйырма бир, бир жагында жыйырма канаты бар, аркасында ажыдаар түгү бар». Түштүктөн жазылып алынган айрым бир варианттарда душмандан жарадар болгон Манасты канаты бар А. ала качып куткарып, айыктырганы айтылат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча А. чуркап кызыганда капталынан канат өсүп чыгары эскерилет. Мына ушулар А-нын образы өтө байыркы мифтик фантастикалык аттардан башталганын жана коомдук аң-сезимдин өсүшү, көз караш, түшүнүктөрдүн өзгөрүшү менен акырындап кадимки атка айланганын көрсөтөт. «Манас» эпосунун турмуштук жана согуштук окуяларында, тактап айтканда, Манастын алгачкы айкаштарында, «Көкөтөйдүн ашында», «Чоң казатта» жана башкалар учурларда А-га таандык касиеттер өтө чеберчиликте, жогорку көркөмдүктө баяндалат. Манас А-сы менен гана эрдиги ого бетер артып, күчүнө күч кошулуп, жоого алдырбайт. «Чоң казаттын» башталышында Манас Айбанбозду минип согушка киргенде аты жүрбөй, курчоодо калат. «Кичи казатта» А. окко учат. Андан көп узабай баатыр оор жарадар болуп келип өлөт. А-нын окко учушу Манастын ажалы жакындаганын көрсөткөн белги катары сүрөттөлөт.

Мунун өзү тулпар аттын тагдырлаш ээси менен бир күндө төрөлүшү жана аттан ажыроо менен каармандын ажалынын жетиши сыяктуу атайы адабияттарда «симпатиялуу магия» деп аталган көрүнүш «Манас» эпосунда чагылдырылган А- нын образынан да орун алгандыгын көрсөтөт.