АК МАРАЛ

Кошкон | 11.09.2017

АК МАРАЛ — байыркы түрк-моңгол элдеринин көпчүлүгүндө тотем жаныбар. «Манас» үчилтигинде каармандарды түрдүү кырсыктардан сактоочу, колдоочу дух катарында милдет аткарат. «Семетей» эпосу боюнча Абыке, Көбөштөн кордук көргөн каралуу Каныкей балтыр бешик Семетейди, кары Чыйырдыны алып качып, Кайыпчынын кара үңкүрүнө жетип жашынат. Алар үңкүрдүн жанында өскөн касиеттүү Байтеректен сырдуу чыккан сүттү ичип, кубат алып уктап калышат. Ошол учурда:

Күндүз эмес, түн экен,

Атасынан баласын

Колдоп эле жүргөн пир экен,

Ошондо он эки айры Ак Бугу,

Чуркап жетип келди эле,

Бешиктеги беренин,—

Семетейди көрдү эле.

Оозу башын каккылап,

Туяк менен баланын

Ошондо кундагын кирди чапкылап.

Үч айланып балага

Эне болуп калды эле…

Алты мүйүз Ак марал

Туура тартып баланы

Эмизип турган көрүнөт.

Эне кылып Маралды

Билип турган кези экен,

Бир эмчегин эмгиче

Бир эмчеги Маралдын

Ийип турган кези экен.

Көлпүгүп тердеп жетимиң

Болуп турган кези экен (Саякбай Каралаев, «Семетей»).

Семетей бугуну ээмп укмуштуу касиетке ээ болгон. Ак бугу (марал) түрк элдеринин фольклорундагы зооморфтук образ. Анын образы уруулук коом үчүн мүнөздүү тотемдик түшүнүктөрдөн пайда болгон. Кыргыздын уруулары өздөрүнүн ушул тотем жаныбарынын атын алып жүрүшөт (багыш, кара багыш, чоң багыш, сары багыш, бугу). Ак бугу (марал) Семетейди багат, ага баатырдык, сүр, кайрат, күч берет. Семетейдин башына кыйынчылык түшкөндө колдоп жардам берген бугу Манастын да тотемдик колдоочусу болуп саналат. Бирок ал Манас баатыр жоого кирерде сүр, айбат, кайрат берип, курчап турган жырткыч айбандар менен бирге жүрүп колдоо көрсөтпөйт. Бугунун бул топко кирбей калышынын себеби анын табиятында тигил жырткыч жаныбарларга таандык тартынбастыкка, эр жүрөктүүлүккө символ болуучу касиеттин жоктугу менен мүнөздөлөт. Ал жай турмуш мезгилдеринде Манас жана анын жакын адамдарына колдоо көрсөтөт.

С. Алиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)