АКМАТ РЫСМЕНДЕ УУЛУ

Кошкон | 11.09.2017
АКМАТ Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй районунундагы Шамшы айлы — 1966, ошол эле жер) — семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакирти. Октябрь революциясына чейин жалчы, Совет бийлиги орногондон кийин колхозчу. 1930- ждардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары Чүй районунундагы «Шамшы» совхозунда иштеген. А. өзүнүн «Семетей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен байланыштырат. Бул окуя ал Суусамырда кой кайтарып жүрүп ээн талаада уктап калганда болот. Кереметтүү түшүндө бир жигит келип, эпостун каармандарынын атынан ага кур берип кетет. Ошол күндөн тартып «Манас» айта баштайт, кийин курбуларына жана кесиптештеринин алдына айтып чыккан. 1915-ж. Токмоктогу Мыктыбек деген кишиникине чакырылып, көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. Ошондон тартып манасчы катары таанылып, эл алдында «Семетей» айта баштаган. Бара-бара чыгармачылык жактан такшалат. Ал өз учурунда аш-тойлордо жарчы да болуп ырдап жүргөн. 1938-ж. май айында акындардын слётуна чакырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жогору бааланган. А-тын айтуусунда «Манас» эпосунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жамандыгы» (5500 сап ыр), «Чоң казат» (3663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган жана Сагымбай Орозбак уулунун варианты менен үндөшүп турат. Сагымбай Орозбак уулунан үйрөнүүдө А. «Манастын» байыртадан бери айтылып келген туруктуу өзөгүн бузбастан сактап калгандыгын байкоого болот. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көзкамандардын балдарынан ууланганда кырк чилтендин жана Бозуулдун жардамы менен качып чыккан Манас Сыргак менен Серекке кездешип, аларды Айганга жиберип, өзү аты менен кошо кубулуп кетет. Манастын кубулуп кетишин Каныкейге Сыргак айтып түшүндүрөт. Ал эми А-тын эпизодунда бул Серектин баяны аркылуу берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантындагу салттык окуяларды А. сөзмө-сөз жаттап алган эмес. Бирок, «Манас» эпосунун сюжет курулушу менен образ системасын бузбай сактоого аракеттенген. А-тын айтуусунда байыртадан бери айтылып келе жаткан сюжеттик композиция өзгөрүүгө учураган эмес. «Семетей» эпосунун салттык эпизоддорун түзүүчү: Семетейдин балалык чагы, Чынкожо, Толтой Акунканды камап жаткан жери, Көкөтөйдүн ашы, Семетей менен Чынкожонун жоолашканы, Чынкожо, Толтойдун Семетейден жеңилген жери жана башкалар окуялар жазылып алынган. А-тын «Семетейи» көлдүк же тянь-шандык семетейчилердин варианттарынан айрым бир деталдары жана окуянын сүрөттөлүшү боюнча гана айырмаланбаса, сюжетинин түзүлүшү боюнча айырмаланбайт. Бирок, Каныкейдин Букарга качышы негизги варианттарга анча окшошпостон башкача чечилген. Эпостун башталышында Манас өлгөндөн үч ай өткөндөн кийин Көбөштүн Каныкейге жуучу жиберүүдөгү эпикалык баяндын кыскалыгы жана Манаска тиешелүү буюмдар менен жаныбарлардын аттарынын айырмачылыктары айтылат. А-тын варианттарындагы Манаска таандык Куу тайган, Кара лөк башка варианттарда Кумайык, Желмаян аталат. Калган варианттардын жана буюмдардын аттары өзгөргөн эмес. Семетейдин Таласка келишине Көбөштүн каршылык көрсөтүшү башка варианттардан өзгөчөлөнүп турат. Семетейдин көчү жайлуу конуш таап коно электе Көбөш кол курап, каршылык көрсөтөт. Семетей Көбөштү бир тууган агасы катары санап, анын каршылыгына нааразы болбостон алдына түшүп, кечирим сураганда агасынын каары басаңдагансып калат. Бул вариантта Көбөштүн аракети көч үстүндө болуп жаткан окуя катары сүрөттөлсө, Саякбай Карала уулунун айтуусунда Семетей конуш алып жайгашып калгандан кийин, аны Көбөш кырк жигит менен чаап алууга аттануусу баяндалат. Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты менен Шапак Рысмендеевдин вариантында Коңурбайдан өч алуу үчүн Семетей менен Чынкожонун ортосунда кеңеш болуп, анда Чынкожо Семетейге жардам берүүгө сөз берип, жакындашууга аракеттенет. Бирок, бул кеңеш кандайдыр себептер менен бузулуп, алар бири-бирине каршы жоо болуп калышат. Ал эми Акмат Рысмендеевдин варианты боюнча Семетей менен Чынкожонун жакындашуусу эскерилбейт, тескерисинче, Чынкожо Жедигердин Толтою менен туугандашып, экөө бирдей Семетейге каршы чыгышат. Семетейдин Акшумкарды издеп чыгып Үргөнч суусунун боюна келгени, Күлчоронун Тайбуурул менен Үргөнч суусун кечкендеги көрүнүш семетейчилерде ар башкача сүрөттөлөт. А-тын ушул эле Үргөнчтү сүрөттөө деталдары башкалардыкына окшош болгону менен баяндоо ыкмасы жагынан айырмаланып турат. Анткени, анын варианты Сагымбай Орозбак уулунун Оркон дайрасын сүрөттөөдөгү салыштыруу каражаттарына жакын. Эки манасчынын предметтик каражаттарды сүрөттөп берүү ыкмалары бирдей. Айрым бир эпизоддук майда окуялар, көрүнүштөрдү баяндоодо А. калыптанып калган жалпы үлгүнү сактоого аракеттенген. Жогоруда аталган окуяларды сүрөттөөдө башка семетейчилерге окшоп кеңири эпикалык планда эмес, ошолордун схемалык сүрөттөөсү түрүндө баяндаган. Бирок, эпизоддордогу айрым көрүнүштөр, элдин турмуш-тиричилиги, үрп-адаты, үй-эмеректери, пейзаждык сүрөттөөлөр эпикалык кайталоолор жана башкалар көркөм формалар Акмат Рысмендеевдин вариантында башка варианттардан айырмаланып турат. Ошентип, Акмат Рысменде уулу башка жомокчулар сыяктуу элдин улуу мурасы «Манасты» айтууда ага чыгармачылык менен мамиле жасап, кайра элдин өзүнө тартуулап келген. Өз учурунда ал белгилүү семетейчилерден болуп эпосту таратуучу жана эл арасында жайылтуучулардын бири катары жогору бааланган. А-тын айтуусунда «Үргөнч» (1941) деген ат менен «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн. «Семетей» боюнча жазылган материалдары «Манастын» курама вариантынын төрт томдугун (1958— 60) чыгарууда толук пайдаланылган.

К. Кырбашев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)