АК ҮЙЛҮҮ

Кошкон | 11.09.2017
АК ҮЙЛҮҮ — бийлик ээлери тарабынан көз каранды элдин көрүнүктүү, кадырлуу, өкүлдөрүн (баласын же өзүн) барымтага алуу. Үстөмдүк кылуучу бийлик ээси буйругун эки кылбай аткарып туруш үчүн А. ү. ыкмасын колдонушкан. Эпостун негизги варианттарындагы согуштук окуяларда эскерилет. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишкен кыргыздарды коркутуу максатында Алооке кан:

Өкмөттөн айрылып,

Өкүнбөс боло турсун деп,

Улуктуктан айрылып

Урушпас боло турсун деп,

Манас алам ак үйлүү,

Мага моюн сунсун деп (Сагымбай Орозбаков, 2. 178) Манастын өзүн А. ү-гө алмак болот. Алоокенин зордукчул өкүмүнө каршы турган Манас анын өзүн багындырып:

Башкы балаң Боокени

Мага жалдап бериңиз!

Ак үйлүүгө алганым,

Ал сөзүмө көнбөсөң

Азыр бүгүн башыңа

Акыр заман салганым! (Сагымбай Орозбаков),— деп айтат.

Манас баатыр багынып берген Алоокеден балдары Бооке менен Кошабыштарды А. ү-гө алат. Кийин Бооке менен Кошабыш Манастын чоролору болуп калат. А. ү. экинчи мааниде байлыктын жана бийликтин символу маанисин да билдирет. АКЧАБАК — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Миңбайдын кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоо салтында аты жыйырма тогузунчу келген Ырчыуул тагдырына буюрган А-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 426).

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *