АКШУМКАР

Кошкон | 11.09.2017
АКШУМКАР — Манастын, кийин атадан калган мурас катары Семетейдин укмуштуу аңчылык кушу. Багыш Сазановдун варианты боюнча «Арканын кара тоосунан, Адам жүрбөс зоосунан, Капкактуу таштын астында, Курбулуу тоонун боорунда, Жети аркан салса жетпеген, Адамзаат баласы. Алып муну кетпеген». А. темир канат кезинде уясынын кырында олтуруп, учуп бараткан кузгунду алам деп умтулуп кулап келе жатканда Алмамбет тосуп алып, кан баласы Каныкейге алып келип берет. Ал «тумшугу менен эт берип» багат (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 1253—1257-6.). ТМВда Арпанын башы жайыктагы Чырамыштын тоосунда А-ды саятчы Төлөн тор жайып кармап алып, Кошойго көрсөтөт. Ал «дөөлөт кушу ушул, Манаска тартуу кыл» — дейт. Манас тартуусуна көп мал берип А-ды алат (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 90 — 94-б.). Башка варианттарда да Манастын А-га ээ болушу аталган айтымдарга жакын баяндалып, анын сын-сыпаты кеңири сүрөттөлөт:

Шумкардын сыны мына бу:

Көзү кара, көк шаал бут.

Көргөндөн кайра тартпаган,

Көнөктөй жемден артпаган.

Боору кара, сырты көк,

Көсөө куйрук, үнү ачуу.

Куш сыпаты мына бу:

Кукулуктап үн чыкса

Куштан ачуу үнү бар.

Култуя түшүп качырса,

Каманды серпип кан кылчу,

Кайратына келгенде,

Качыра түшүп күркүрөп,

Кара чаар жолборсту

Капталдан серпип жай кылчу (АЫВ, Кол жазмалар фондусу, 184-инв., 149-б.). «Манаска» арналган айрым изилдөөлөрдө А. менен Кумайыктын образы тарыхта кыргыздардын куш салып, тайган агытып аңчылык кылып келишкен чарбачылык кесиби менен байланыштырылат. Чындыгында «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүндө алардын аңчылыкка пайдаланылгандыгын учуратпайбыз. А. сөөлөт үчүн алынып жүргөндөй айтылганы менен иш жүзүндө колдоочу мифтик жаныбардын милдетин аткарат. Андыктан анын образынын пайда болушун алда канча кенен планда кароо керек. Эпосто А. Кумайык менен катар айтылат, экөө бири-бирине жакын иш аткарышат. Бул бекеринен эмес, алар алгачкы учурда бир образды түзүшкөн. Иран элдеринин эң байыркы диндик китеби «Ригведе» жору түспөлдөш Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Хомайдын Симург менен биригишкен образы маданий таасир катары түрк элдеринин оозеки чыгармаларына өтүп Кумайыктын образын түзөт. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту А-га, иттин атрибуту Кумайыкка (кыраан итке) айланган. Бул экиге ажыраган образдар өз-өз алдынча өзгөрүүгө, жаңыланууга туш болгон. Айрыкча А-дын образы жергиликтүү ишенимдердеги түшүнүктөрдөгү куштун мурдатан келе жаткан образындагы көп элементтерди өзүнө сиңирип жаңы белгилер менен байыган. А. бийликтин символу катары Манас тууларда ата- энесинин түшүнө кирет. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты боюнча Семетей Таласка алгач келгенде А. асманда айланып учуп Семетейдин башына конгондо Манасты колдогон укмуштуу жаныбарлар Семетейди тегеректешип, ага атасыныкындай сүр-айбат пайда болот (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 563-инв., 196-212-6.). ТМВда А. дөөлөт кушу катары баяндалса, Багыш Сазановдун вариантында сыймык кушу деп көрсөтүлөт. Бул вариантта А. дифференцияланып, экиге бөлүнүп, аңчылыктын кушу өзүнчө, бийликтин символ кушу өзүнчө образга айланган. Каныкей Семетейди Таласка алгач жөнөтүп, артынан дүрбү салып карап отуруп, Семетейге атасынын бардык колдоочулары, анын ичинде шумкар да келгенин төмөнкүчө көрөт:

Балага кудай бериптир

Куйругунда куту бар,

Боорунда жалгыз буту бар,

Башында жалгыз көзү бар,

Адам көргүз өзү бар,

Ошо күндө бир шумкар

Оң ийнине конуптур

Олутту султан болгонун

Ошондо долу көрүптүр

Көңүлү мындан тыныптыр (Багыш Сазановдун варианты).

Варианттын башка жерлеринде бул башта Манастын сыймык кушу экени айтылат. Келтирилген мисалдагы шумкар бир жагынан башка варианттардагы Семетей Таласка кайтканда А-дын ага жолугушун толук эске түшүрсө, экинчи жагынан анын өзү эмес башка шумкар, өзүнчө жаңы образ. Байыркы учурда түрк элдери да адамдын жанын дал ошондой куш түрүндө элестетишкенин элдик оозеки чыгармачылыктын көптөгөн үлгүлөрү ачык далилдейт. Бир катар түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарга кеңири белгилүү «Кет-Бука» деген күүнүн текстинде ырчы канга «Алтын боолуу акшумкар, Алтын боосун тытыптыр, Айды карап сызыптыр, Ал эмине болуучу», — деп табышмактатып айтса, кан баласынын өлгөнүн дароо түшүнүп: «Алтын боолуу акшумкар, Алтын боосун тытканы, Айды карай сызганы, Ал кулунум ботом болгону» — дейт. Бул саптар Манас өлгөндө Каныкей кошкон кошогу менен түздөн-түз үндөшүп кетет: «Күмүш жагоо, жез чынжыр, Тынар эле падышам, Тынарым колдон учарбы? (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 421-б.). Бүгүнкү айтуучулардын баяндоосунда мындагы шумкар (тынар) адам жанынын аллегориялык маанисинде же салыштыруу иретиндеги көркөм каражат катарында берилет. Манас, Семетейлер өлгөндө А. аллегориялык мааниде эмес, түздөн-түз өзү учуп кеткени ачык көрсөтүлөт:

Тегеренип калкактап,

Тескери учуп чалкактап,

Сасык жемдин баарысын

Чачып кетти Акшумкар,

Кайып болуп көрүнбөй

Качып кетти Акшумкар (Саякбай Каралаев).

Байыркы грек мифологиясындагы жогорудагы мисалдарга типологиялаш көрүнүштөрдү изилдеп келип, А. Ф. Лосев минтип жазат: «Адам жанын куш түрүндө элестетүүнү бул жерде өтө байыркы деп эсептөө керек. Ырас, бул элестетүү көпчүлүк учурда куш менен салыштыруу иретинде берилет. Бирок, мифтеги ар кандай салыштыруу бир кездеги анын так өзү болгонун көрсөтөт» (Лосев А. Ф., Античная мифология в её историческом развитии. — М., 1957, 24-б.). Семетей Кыяс тарабынан жараланып, талаада калганда анын денесин А. Кумайык менен бирдикте душмандан сактап, эч кимди жолотпойт. Байыркы Египет мифиндеги кудай Осиристи иниси Сет өлтүргөндө анын куш түрүндөгү жаны шумкар денесин душманга бербей үстүнөн учуп кайтарып турат. Типологиялаш бул мисалга салыштырганда Семетейдин денесин кайтарган А. да качандыр бир кездерде анын жаны катары элестетилген. А. адамдын жаны (куту) катары сүрөттөлүшү Айчүрөктүн аны ала качышынан да байкалат. Кыргыз элинин эпосторунун ичинен мифология образдарды, түшүнүктөрдү көбүрөк ачык сактап калган. «Төштүктө» башкы каарман өзүнүн жаны болуп эсептелген болот өгөөнү уурдатып жиберип, аны издеп чыгып, жер алдындагы Көкдөөнүн кызы Күлайымга үйлөнөт (типологиялаш эпостордо жер астындагы дүйнөнүн өкүмдарынын кызы жер үстүндөгү баатырга ашык болуп калып, ага турмушка чыгышы үчүн анын жанын (кутун) же өзүн амал менен атайы алдырат). Буга салыштырганда кереметтүү Айчүрөк Семетейдин жөнөкөй эле аңчылык кушун эмес, анын жанын (кутун) ала качат. Ошондуктан А. жоголгондо Семетей энеси Каныкей өлгөндөй абдан кайгыга батып издеп чыгат жана сыйкырдуу канаттуу ат минген душманын жеңүү менен Айчүрөккө үйлөнөт.

Р. Сарыпбеков

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)