АКЫЛМАН

Кошкон | 11.09.2017
АКЫЛМАН — акылга дыйкан, көптү билген, көптү көргөн, даанышман, кеменгер адам. Эзелтен эле кыргыз эли акылмандыкты, эл ичинен чыккан А. адамдарды кастарлап, алардын накыл кептерин көңүлгө тутуп келген. Элдеги, жамааттагы абийир, адеп, жалпы эле ымандык нормалардын сакталышын А. карыялар, аксакалдар көзөмөлдөп, багыттап турган. Ушуну менен катар журт башына кыйынчылык түшкөндө, кысталыш учурларда туура жол таба билген.

Жаңжалдарды, чатактарды тыюуда жана башкалар оорчулуктан чыгууда чоң роль ойношкон. А-дар калыстык, адилеттик менен катар мамлекетти башкарууга да түздөн-түз катышкан. Бийлик ээлери өтө маанилүү чечимдерди акылчысы менен кеңешкенден кийин гана кабыл алышкан. Мындай көрүнүштөрдү «Манас» эпосунан өтө кеңири байкоого болот. Манасты Манас кылган Каныкей, Кошой, Бакай А. каармандар катары сүрөттөлөт. Элдин камын ойлогон даанышман адамдар эпосто көп жолугат. Алтайга айдалып барган кырк үйлүү кыргыз кыйын абалда калганда Акбалтанын кеңеши менен алтындын кенин казып, эгин эгип жан аябай эмгектенип эл байып, бакыбат турмушка жетишет (Саякбай Каралаев, 1. 36—37). Бул жагдай акыры келип элди материалдык көз карандылыктан бошотуп, тууган жер, эркиндик жөнүндөгү сезимдеринин ойгонушун шарттайт. Ушул жагдайда Кошойдун образы да кыйла барандуу образ:

Катагандын кан Кошой

Байгамбар чалыш карыя,

Адамдан артык тууган олуя.

Батасы эрди байыткан,

Дубасы жанды жарыткан,

Беделин көргөн чоочуган,

Он эки пирге кол берип,

Абаң Кошой кайран эр

Даанышман Кошой атанган (Саякбай Каралаев).

Кошой элге кадырлуу, кыраакы, кеменгер адам. Ал туш-тушка чилдей тарап кеткен кыргыздардын кимиси кай жакта экенин иликтеп биле жүргөн. Азган- тозгон элдин калганын эптеп жүрүп эл кылып, Чеч-Дөбөнү жер кылып, баскынчыларга моюн бербей турган. Элдин муң-зарын түшүнүп, келечегин терең ойлогон. Ошондуктан Акбалта карыя Манаска эң оболу «акылга дыйкан, кеменгер» Кошойго барып жолугууга кеңеш берет. Манас Кошойго жолуккандан баштап аны пирим деп эсептейт. Элдин камын, эркиндигин ойлоо керектигин, чачылган элди бириктирүү, элдик баатырдын иши экендигин Манаска Кошой туюнтат. Ошондой эле Каныкей менен Бакай да айрыкча А. адамдар катары сүрөттөлөт. Бакай Манаска келип кошулган күндөн анын А. кеңешчиси гана эмес, «жоону бирге жоолашкан, доону бирге доолашкан» жакын досу да болуп калат. «Калк энеси» атанган Каныкей Кошой Жолой менен күрөшкөндө кийген кандагайды жасоодон баштап, Манасты бир канча жолу өлүмдөн да алып калат. Көрөгөчтүгүнө, билгичтигине шайкеш келген А-дыгынын натыйжасында Манастын сөөгүн жашырып, күмбөз салат, Манастан калган жалгыз туяк Семетейди багып, чоңойтуп элине, жерине ээ кылат, ички-тышкы душмандардын баш айланткан чатактарында уулунун туура багыт алышына көмөктөшөт. Баатырлар коркунучтуу абалда калган учурларда да жол таба билет. Каныкей А- дыгы, чыдамкайлыгы, кайраты, сарамжалдуулугу менен катар камкор боорукер эне дагы. Эпосто Акбалта, Кошой, Каныкей, Бакайдан башка А-дын деңгээлине көтөрүлө албаса да, элге, журтка баш көз болуп, акыл айткан, жол баштаган, зарыл насааттарын аябаган көп каармандарды кездештирүүгө болот. Бирок, баары эле накта А. боло албайт. А-дык — эл тарабынан бааланган, ага коомчулук ыйгарган өзгөчө статус. Турмушта буга жалаң эле көп жашаган, көптү көргөн карыялар гана эмес, акылы жетик, түшүнүгү терең, татаал маселелерди калыс чече билген жаш адамдар да ээ болушу ыктымал. «Манас» эпосунда А-дарга «олуя», «олуят» деген эпитеттердин колдонулушу өтө маанилүү. Аны жөнөкөй түрдө колдонгондо ар нерсени алдын ала билген, философ деген маанини туюнтат. Алсак: «Акыл айтат Акбалта Олуя заада жан экен» (Саякбай Каралаев, 1.

37). «Катаган кандын кан Кошой

Пайгамбар чалыш карыя,

Адамдан артык тууган олуя» (Саякбай Каралаев, 1. 108).

Билбегенди билдирген

Билгич Бакай карыя.

Туйбаганды туйгузган.

Туйгун Бакай олуя (Саякбай Каралаев, 1. 187).

Эпосто А-ды сыпаттоодо карыя, аксакал, кызыр, касиеттүү, даанышман, кеменгер, көсөм деген сыяктуу сөздөр арбын пайдаланылат. Бул А. жөнүндөгү элдик түшүнүктүн тереңдигин, кенендигин айгинелейт. Жыйынтыктап айтканда А-дык эпосто элдик рухий дарамети, коомдун алга өнүгүшүнүн зор таянычы, прогресстин өзүнчө бир шам чырагы катары кеңири камтылып көрсөтүлүүсү менен көңүлдү өзүнө бурат.

О. Исмаилов

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *