АКЫЛ-ЭС

Кошкон | 11.09.2017
АКЫЛ-ЭС — адамдын түшүнүү, ой-жүгүртүү, таанып билүү жөндөмдүүлүгү. Таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнүн мүнөздөмөсү катары А.-э. «Манас» эпосунда философиялык, психологиялык, тарыхый жана башкалар жагдайларда чагылдырылып жана адамдардын ойлоо аракеттерине, эй жүгүртүү өрүшүнө байланыштуу көрүнөт. Муну «Манас» эпосунун энциклопедиялык өзгөчөлүгү, башкача айтканда эпосто элдин көп кылымдык тарыхы ичиндеги дүйнө түшүнүктөрүнүн кеңири камтылып турушу, аалам, коом, жаратылыш тууралуу түрдүү деңгээлдеги билимдердин, маалыматтардын топтолушу толук ырастайт. Ушул жагдайда «Манас» А. э-тин (память) сандыгы катары бөтөнчө мааниге ээ. Себеп дегенде ал, асыресе ата-бабалардын өткөндөгү тажрыйбасы болуп, узак мезгилдер бою А. э-тин терең түпкүрүндө сакталуу менен учурдагы жана келечектеги муундар үчүн ченемсиз кызмат кыла турган касиетке жетише алган. Бул касиет бөтөнчө эпосто социалдык А. э-тин чагылдырылышынан даана байкалат. Эпосто эмгек куралдары, социалдык мамилелер, салттар, жүрүш-туруш нормалары өңдүү элдин материалдык, рухий маданиятына байланышкан маанилүү маалыматтар өтө көп. Эпостогу элдин эркиндик, келечек турмушу үчүн күрөш-аракеттери, тажрыйбалары, осуяттары көңүлдү өзүнө айрыкча бурат. Эпос боюнча кытай-калмактар кыргыздар менен эзелтен жоолашып келишкен. Улам бири жеңип, жеңилгени көз каранды болуп турган. Эпостогу Манастын атасы Жакыптын кырк үйлүү кыргыз менен Алтайга айдалып барышы буга мисал. Бөтөн эл, бөтөн жерде, кара калмак, манжуу журттан запкы жеп, «кордук менен күн өткөрсө, кейиш менен суу ичсе» да, Жакып абдан байыйт. Элдин турмушу да оңолот. Бирок, кырк үйлүү кыргызды, кантсе да, бул абал эч канааттандыра албайт:

Алтайды айттың жерим деп,

Сен калмакты жүрдүң элим деп,

Бул Алтай бизге жер эмес,

Бул калмак бизге эл эмес (Саякбай Каралаев, 1. 69). Кырк үйлүү кыргыздын көздөгөн түпкү максаты, тилеген тилеги — ата-бабасы мекендеп өткөн Ала-Тоого кайра кетүү. Манас эр жетип элди душмандан коргой ала турган баатыр болуп, катылгандын катыгын колуна бере баштаганда:

Жыйгандын баарын чачалы,

Бул алтайдан качалы,

Ала-Тоо артык жерине

Кетели кыргыз элине (Саякбай Каралаев, 1. 84) деген тыянакка келишет. Бул мисалдардан кыргыздардын аң-сезиминдеги мекен жөнүндөгү түшүнүктүн башатын байкоо кыйын эмес. Алтай канчалык берекелүү келип, малга, данга, дүйнөгө карк кылса да, кыргыздар үчүн бөтөн жерде, бөтөн элдеги жашоо турмушу туулуп өскөн жерисиз, ата журтусуз эч нерсеге арзыбай тургандыгы көз алдыга айкын тартылат. Тарыхтын көп кырдуу коогалуу окуяларына, трагедиялуу кагылыштарына карабастан, кыргыздар өз жерин, өз элин сүйүү сыяктуу түшүнүктү А.-э-ине бекем сактап келди. Маселен, патриоттук ыйык, күчтүү сезимден ажыратуу үчүн кытайлар, калмактар кыргыздарды туш тарапка таратып гана тим болгон эмес. Алардын айрымдарын (мисалы, Көзкамандарды) эрксиз күң, денекул кылышып, ал түгүл башына шири кийгизип, маңкурт кылып, өзүнүн түпкү тамырынан ажыратып, тегин, элин, ата-энесин, өзүнүн ким экенин, кайдан келгенин аңдай албай, ээсинин айтканынан чыкпаган абалга жеткиришкен. Өткөндүн мындай коркунучтуу көрүнүштөрүн эске алуу бүгүнкү күндө адамдарды А.-э-ти жоготпоого, аны бекем сактоого үндөйт. Дегеле А.-э-те сакталган маалыматты жаңы маалымат менен салыштыруу объективдүү чындыкты улам тереңирээк аңдап билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Улуу эпос «Манас» көптөгөн муундардын А.-э-инин жыйындысы катары ченемсиз маалыматтарды камтып тургандыгы менен улуттук жана рухани маданиятыбыздын зор кенчи, кыргыз элинин көркөм ойлоосунун көөнөрбөс мурасы, көп кылымдык тарыхынын көркөм эстелиги болуп турат.

О. Исмаилов

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)