АКЫН

Кошкон | 11.09.2017

АКЫН — кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. Б. В. Радлов, В. Бартольд, А. Маргулан, И. А. Батманов өңдүү илимпоздордун болжолунда А. «ак» (течь, струя) деген сөздөн жасалган. К. К. Юдахиндин пикири боюнча окумал, акылман, билимдүү, урматтуу адамды туюнтуучу уйгурча «ахунд» деген сөздүн кыргыз тилине кирип, адегенде чыгарган ырын жаза билген бирин- экин сабаттуу ырчыларга карата айтылып, кийинчерээк гана төкмө ырчылар да А. атала баштаган. Өткөн кылымдын орто ченинде В. Радлов кыргыз жергесине келгенинде ошол кездеги көп эл катышкан жыйындарда өз оюн ыргактуу баяндоого жөндөмдүү, өнөргө маш, таланттуу адамдар ырдап чыгарын айтып, аларды эл ардактуу наам менен «акын» (ырчы) деп атап, алардын көбү атак- даңкка, урматка ээ экенин белгилейт. «Манас» эпосунда да «акын» жана «ырчы» деген терминдер бир эле мааниде колдонулат, мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Ажы бий болду атагы,

(Ажыбай деп атаган

Акындар билбес чатагы) (Сагымбай Орозбаков)

Жайсаң ырчы дегени

Жалаң үйдүн борумун

Жарым күнү ырдаган (Сагымбай Орозбаков, 2. 11). Акындык өнөр элдин рухий байлыгынын бир салаасы болуп, кылымдарды карытып, улам өнүгүп олтурган. А-дардын ырлары бизге белгисиз бойдон калганы менен «Манас» эпосунун бизге жетиши — акындык өнөрдүн өнүккөндүгүнүн белгиси. Кыргыз акындарынын чыгармачылыгына карай легендарлык акындар, төкмө акындар, жазгыч акындар, жомокчу-манасчылар деп бөлүп карашат. А-дардын ичинен эң таланттуулары манасчы-акындар болуп саналат. Манасчылар «Манас» айткандан башка ар кандай тематикадагы ырлар да чыгарышкан, эл алдында төгүп ырдай да билишкен. Ал эми А-дын баары эле «Манас» айта алышпайт (к. Манасчы). Көптөгөн ырчы-акындардын чыгармалары бизге жетпей, айрымдарынын аттары да унут болгон. Кээ бирлери жөнүндө уламыш мүнөзүндөгү бирин-экин гана маалыматтар сакталган. Мисалы, Жайсаң ырчы, Кет бука, Токтогул ырчы, Асан кайгы. Кыргыз А-дарынын чыгармачылыгы көп жактуу болгон. Мисалы, Токтогул айтыш, нуска ырлары менен бирге кенже эпосторду да айткан. Ал эми Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу «Манасты» бүтүндөй айткан улуу манасчылар болуу менен бирге, нуска ырларды, тамсилдерди, поэмаларды да жараткан. Ошентип, ар бир А-дын жеке чыгармачылык өзгөчөлүгү болуп, бири лирикага ыктаса, экинчиси эпосторду аткарууга, башкасы насыят, нуска ыр чыгарса, дагы бири айтышка маш болгон. Адардын чыгармалары, кыргыз элинин тарыхы менен адабиятын үйрөнүү үчүн гана эмес, аларды философиялык, коомдук-саясий ой-пикирлерин изилдөө үчүн да зор мааниге ээ. Бири-биринин А-дык дараметин сындоодо жаш таланттарды өстүрүүдө А-дардын, манасчылардын айтыштарынын мааннси зор болгон (к. Айтыш). Элдик оозеки чыгармаларды сактап, өнүктүрүп, аларды мурас катары кийинки муунга жеткирүүдө жазгыч А-дардын салымы чоң, кыргыз адабиятынын тарыхында жазгыч акындардын туңгуч өкүлү катары Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Алдаш, Ысак, Абылкасым, Токторалы, Шамей, Абдыкалык жана башкалардын ысымдары белгилүү. Жазгыч А-дар ыр жаратууда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келе жаткан төкмө А-дардын ырчылык салтына таянышат. Чыгарма жаратуу менен гана чектелбестен А-дар элдин көркөм сөз казнасын жыйнап, кагазга түшүрүшкөн. Буга Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турган эпостун араб арибиндеги кол жазмалары далил (к. «Кысса Семетей бу-турур»), Азыр А. термининин мааниси кеңейип, ыр жазган, ыр жазууну кесип кылган адамдар да А. аталып калды.

Ы. Кадыров

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)