АКЫРЕТТИК ЖАР

Кошкон | 11.09.2017
АКЫРЕТТИК ЖАР, кыяматтык жар — диний ишенимдерде эркек адамдын өлгөндөн кийин «чыныгы» дүйнөдө (тиги дүйнөдө) алуучу аялы, жары. Баатырлык үйлөнүү темасынын салттык сюжети белгилүү даражада Манас менен Кыз Сайкалдын жекеме-жеке кармашуусунда сакталган. Экөөнүн жекеме-жеке кармашуусу эпостун негизги варианттарынын бардыгында айтылат. Бирок, ар бир вариантта ар башка турмуштук кырдаалда, ар башка мүнөздө мотивдештирилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас Текес канды жеңип, ордуна Текестин иниси Тейишти кан көтөрөт. Тейиш кан болгондугуна чоң той өткөрүп, ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш болот. Эр сайышка бир тараптан Кыз Сайкал чыгат. Экинчи тараптан ага эч ким даап чыга албай, акырында Манасты чыгарышат. Манас адегенде алдырып коё жаздап барып, анан гана мөрөйдү алат. Себеби, аялдыкка алууну ойлоп Сайкалды аяп кармашат. Багыш Сазановдун вариантында Текеликтин сеңиринен нойгут элинин кызы Сайкалдын жылкысын Манас менен Чубак тийип баратканда, ал аркасынан кууп жетип Манас менен чабышат. Экөө алыша албай жатканда Чубактын жардамы менен Манас мөрөйгө ээ болот. Ошондо Сайкал: «Каныкейге күнү болуп барганым уят, акыреттик аялың болоюн» (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1080-инв., 280—281-б.),— деп ант берет.

Эпостун башка варианттарында да ушул сыяктуу эле эки негизги учур туруктуу сакталган. Биринчи учур — Манас менен Кыз Сайкалдын жекеме-жеке кармашы жана бардык учурда Сайкалдын жеңилиши. Экинчи — жеңилген соң Кыз Сайкалдын акыреттик жар болууга Манаска убада бериши. Бул жекеме-жеке кармашта мөрөйгө ээ болгондон кийин баатырлардын алп кыздарга үйлөнгөндүгү жөнүндөгү эң байыркы эпикалык салттык сюжеттин көрүнүшү. Салттык сюжеттерде алп кыздар баатырлардан жеңилген соң ага чыгууга макул болсо, «Манас» эпосунда Кыз Сайкал мөрөйдү алдырган соң бул дүйнөлүк эмес, А. ж. болууга убада берет.

Эпостогу Манас менен Сайкалдын жекеме-жеке кармашуусу жана А. ж. болушу жөнүндөгү салттык сюжет байыркы көөнө эпостун бир кыйла өзгөрүлгөн формада сакталгандыгын көрсөтүп турат. Анткени коомдук мамилелердин өнүгүшү, өзгөрүшү менен бүлөлүк салттар да өзгөргөндүктөн, мурунку бүлөлүк салттарды улам кийинки муундар унутуп, салттык сюжеттер да улам кийинки доорлордогу бүлөлүк мамилелердин салтына, нормасына ылайыктала берген. Сайкалдын «Каныкейге күнү болуп баруу уят» деп «акыреттик» аял болууга убада бериши да ушуну менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле «акыреттик үйлөнүү» жөнүндөгү түшүнүктү ачыгыраак берүү максатында манасчылар айрым толуктоочу мотивдерди да киргизген. Мисалы, Манас дүйнөдөн кайтканда Кыз Сайкал келип жоктойт (Саякбай Каралаевдин варианты , Сагымбай Орозбаковдун варианты жана башкалар). Манастын сөөгүн Бакай, Кошой, Кыз Сайкал үчөө гана алып барып жайына коюшат (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты). Себеби Манастын кайда коюлганын өтө ишенимдүү гана адамдары билүүгө тийиш. Кыз Сайкал Манас өлгөндөн көп узабай дайынсыз кайып болуп кетет (Саякбай Каралаевдин варианты). Бул Манас өлгөн соң Кыз Сайкал убадасы боюнча анын акыреттик аялы болуш үчүн кетти деген түшүнүктү билдирет. Ар бир адамдын адилет, ак жашаган аялы тиги дүйнөдө да бирге жашайт деген түшүнүк байыркы убактагы чыгыш элдеринин көпчүлүгүндө айрыкча, түрк, моңгол элдеринде да салттык түрдө өкүм сүргөн. Айрым чыгыш элдеринде өлгөн адамдын аялын кошо көмүү салты кийинки Моңгол доорунда да сакталгандыгын тарыхый фактылар далилдеп турат. 13-кылымда саякатчы Г. Рубрук: «моңголдордо жесир аял эч качан башка күйөөгө чыкпайт, анткени тиги дүйнөгө барганда (өлгөндө) ал өзүнүн күйөөсү менен кайра кошулуп бирге жашарына ишенет» (Путешествия в Восточные страны Плано Карпини и Рубрука. — М., 1957.),— деп жазган.

Кыз Сайкалдын Манастан жеңилип, ага А. ж. болушу, Сайкалдын күйөөсү бар экени айтылбагандыгы, Манас өлгөндөн кийин берген анты боюнча кайып болуп кеткендиги баатырдык эпосторго таандык салттык баатырдык үйлөнүү сюжетинин  «Манас» эпосунда   аталык-феодалдык коомдун бүлөлүк мамилелеринин жана түшүнүктөрүнүн нормаларына ылайыкталып өзгөртүлгөн түрдө да сакталгандыгын көрсөтүп турат.

С. Алиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *