АЛАЙ

Кошкон | 11.09.2017
АЛАЙ — топоним. «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарында кыргыз уруулары байыртан мекендеп келе жаткан белгилүү жерлердин бири катары: «Орозду деген агаң бар, жайлайт деп угам Алайды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), «Кең-Алайды жердеген, андагы нойгут эл деген» (Саякбай Каралаев, 1. 218),— деп эскерилет. Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, алгач ушул А. аймагында жашайт. Эпостун бир катар белгилүү окуялары А-да өтөт: Манас Шоорук менен согушуп, аны жеңип кызы Акылайга үйлөнөт, Чоң казаттын астында Манаска каршы чыкмак болгон кыргыздын уруу кандары Төштүктүн тоюна келишип кеңеш курушат, Көкөтөйдүн ашын өткөрүү жөнүндө аксакалдар кеңеш куруп, жер тандашканда белгилүү көп аймактардын ичинде А. эскерилет:

Жайдардын уулу эр Акбай:

Кеңдиги кыйла далай бар,

Кара-Тегин башында

Атактуу жайлоо Алай бар

Суусу тунук, чөп деди,

Арбын жери көп деди,

Анда Мамбет кеп айтат,

Алайың болбойт деп айтат:

Арбын түшөр бизге топ,

Көпчүлүк иши тарткан ок

Сындырып жагар жыгач жок

Отундан жутап аларбыз

Осол болуп каларбыз (Сагымбай Орозбаков, 3. 76)… Алай конуп аш берсек Милдет кылып келген жан,

Тойгузгун деп чалкалаар,

Кызматчынын баарысы

Тезек терип аркалаар,

Алай — артык отун жок

Анысы болор чоң мүшкүл (Саякбай Каралаев, 2. 10). Ошентип, негизги варианттарда А. жайлоосунда токой жок экендиги туура берилген. Географиялык реалияда азыркы Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоолуу өрөөн жана жайлоо.

Э. Абдылдаев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *