АЛГАРА

Кошкон | 11.09.2017

АЛГАРА — Коңурбайдын тулпары. Эпостун бардык варианттарында кытайдын башкы баатыры, кол башчынын тулпары катары кеңири сыпатталат. Жусуп Мамайдын вариантында А., Манастын Аккуласы, Жолойдун Ачбууданы Чыңгыш аттуу какандын менчик бээсинен туулат. Коңурбай эпикалык душмандардын айла-амалдуусу жана эң коркунучтуусу. Эпостогу негизги оң, терс кейипкерлердей эле ал да согуштук тулпары менен баатыр, ансыз анын эрдик сапаттары толук ачылмак эмес. Коңурбайдын согуш майданындагы тагдыры да түздөн-түз А-нын тулпардык касиетинин күчтүүлүгү менен байланышкан. А-ны мингенде жоого алдырбайт. А.— артыкча күлүк тулпар. Кууганына жетет, качса ага «төрт аяктуу мал жетпейт».

 

Ал чуркаган сайын кызып сынына келет. Манасчылар да А-нын сын-сыпатына өзгөчө көңүл бөлүшөт. А-га төмөнкүдөй эпикалык мүнөздөмө берилет:

Астындагы Алгара

Ач маралдай шаңкайып,

Кайып түрдүү көркү бар,

Казандай соору даңкайып,

Кумдак жерге оонаткан,

Кудуктуу жерге сугарган,

Куланды кууса куткарбас,

Жалы саяң, куйругу аз,

Салышкан жоого болгон маш,

Туранын сөөгү көпкөк таш (Сагымбай Орозбаков)

А-нын адамча сүйлөп, ээсине жардам бериш үчүн өз алдынча акыл-эстүүлүк менен жасаган табияттан тышкары магиялык жосундары жок. Кээ бир баатырдык эпостордогу укмуштуу тулпарларга салыштырганда А-нын образы кийинки жоокерчилик доорлордун шартындагы күлүк аттарды элестетет. Анын өзгөчө күлүктүгү, тулпардык касиетинин күчтүүлүгү, арыбастыгы эпикалык арымда апыртыла сыпатталса да, кадимки аттын табигый чегинен чыгып кеткен эмес. Негизги варианттарда А-нын образына ар түрдүү кырдаалдарда (Коңурбай минип жүргөндө, душман менен жекеме-жеке кармашып жаткан учурда, душмандан качканда жана башкалар) эпикалык мүнөздөмө берилүү аркылуу анын жекече өзүнө таандык касиеттери көрүнөт:

Коңурбайдын Кара аты,

Кара атынын бар болчу

Капталында канаты.

Качан болсо куугунга

Жеткирбеген адаты.

Алгара чындап чуркаса

Закым түгүл чаң жетпейт,

Канаттуу куш болбосо

Мындан башка жан жетпейт (Саякбай Каралаев, 2. 116).

Кыргыздардын, ага канатташ жашаган элдердин эпикалык чыгармаларында канаттуу тулпарлар жөнүндө айтылат, бирок «Манастан» башка дастандарда — Кожожаштын Куубайталы, Чынкожонун Кара аты сыяктуу асмандап учкан канаттуу тулпарлар учурабайт. «Капталында канаты бар» А-нын эпикалык образы байыркы мифтик-фантастикалык аттардан башталганын жана коомдук аң-сезимдин өнүгүшү, көз караш түшүнүктөрдүн өсүшү менен акырындап кадимки атка айланганын көрсөтөт. Ошондой эле анын жекече сапаттары жомоктук-фантастикалык ыкмада канчалык апыртылып айтылбасын, эпос чагылдырган доор менен шартталган, жердеги жашоого ылайыкташкан күлүк аттардай сүрөттөлөт. А-нын негизги өзгөчөлүгү чаалыкпас, күлүктүк касиети менен байланышкан. А. өзүнүн укмуштуудай учкаяктыгы менен Коңурбайды көп жолу өлүмдөн куткарып кетет. А. ал турсун Аккулага да жеткирбей кеткен учурлары болгон. А. эпостун «Семетей» бөлүгүндө Коңурбай менен бир учурда өлөт.

М. Мукасов

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)