АЛГЫР КУШТАР

Кошкон | 11.09.2017

АЛГЫР КУШТАР, кыраан куштар — аң (карышкыр, түлкү, сүлөөсүн, коён жана башкалар), илбээсин (кыргоол, кекилик, чил, тоодак, өрдөк, каз, көгүчкөн жана башкалар), боз куштарды (чымчык, таранчы, торгой, чакчыгай жана башкалар.) алуучу жана аларды уулоо үчүн атайын тапталуучу жырткыч куштар. Аларга: буудайык, бүркүт, ителги, куш, ылаачын, турумтай, жагалмай, борбаш, кыргый өңдүүлөр кирет. Булардын ичинен бүркүт, куш, жагалмай, турумтай, кыргый шыпырып алуучулар-кармоочулар, ителги, ылаачын тебүүчүлөр болуп саналышат. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү аң, илбээсинге шамдагай тийип, тумшук матырып жибергендиги аркылуу башка куштардан айырмаланат. Куш төрөсү буудайыкты жана кыргыйды жети кесептин (качырганын куткарбас) бири дешкен. Кыргый турпатынын кичинекейлигине карабастан жебедей тез учуп, өзүнөн чоң кекилик, чилге чейин кол салат. Уусун алары менен мууздап жиберет. Үндөктөөгө кеч көнөт. Алп кыраандардын бири бүркүттүн кырктан ашык түрү айтылат: чөл бүркүтү, сары бүркүт, төө комдой (олжосу төөгө сылай жүк болот), оролмо тоонун ак ийин, калбыр канат, муз мурут, ак канжыга, тынар, куу чегир, ур токмок, жылан көз (башы жыландын башына окшоп кетет), канжыгалуу кара кер, керегендүү кер көз жана башкалар Кыраандыгына карата түлкүлүк бүркүт, карышкырдык бүркүт болуп бааланат. Ителгинин он-он беш уясынан бир шумкар чыгат, ылаачындын он-он беш уясынан бир шумпай чыгат. Ителгинин буту жоон, кыскараак келип, өңү көгүш болот. Ылаачындын арышы узун, шыйрагы бир аз ничке, буту менен тумшугу сары болот. А. к. жаш өзгөчөлүгүнө карай бозум, туйгун, тунжур деп бөлүнөт. Ителги, ылаачын, илбээсин, куштарга, коён өңдүү айбанаттарды алууга чабыттайт. Жагалмайдын чоңдугу кыргыйдай, бирок, канаттары учтуу, ичкерээк, карлыгачтын канаты сымалданып кетет. Турумтайдын чалгындары анча узун эмес, тегерек тартып кичирээк, буттары кыска болот. Жагалмай менен турумтай, таранчы, торгой, чакчыгай сыяктууларга өтө тап келет. Боз чымчыктын кырааны — борбаш таранчыдан анча чоң эмес. А. к-ды жалпы сыпаттоочу «кыраан» деген эпитет Манастан баштап (Кырааным Манас, өзүң ук; Сагымбай Орозбаков, 4.171), Алмамбет (Кыраан эр кырга чыкканы; Сагымбай Орозбаков, 4. 213), Чубак, Сыргак жана башкалар чоролорго, жалпы эле баатырларга карата колдонулат (Манас кандын кырк кыраан; Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 210). Ал эми бүркүттүн кырктан ашык түрүнүн бири, абдан кырааны сыргак делет. Манастын кырк чоросунун кырааны, өз аты Бердибек болсо да, сыны, баатырлыгы ошол кыраан бүркүткө окшоштурулуп Сыргак атка конгон. Чалгынга барарда Алмамбет:

Сыны Сыргак, ашык эр,

Атышкан жоону көргөндө

Ажал өлүм кайда дээр

Өлүмдү билбес өзү бар,

Өрт жалындай көзү бар.

Өчөшкөн жоону көргөндө

Өкүмат өткүр сөзү бар (Сагымбай Орозбаков, 4. 174) Сыргакты тандайт. А. к-дын абдан тез учушу баатырлардын шамдагайлыгын, аңга, илбээсинге токтолбой кол салышы каармандардын көрсөткөн эрдигин белгилөө үчүн, айрыкча согуштук көрүнүштөрдү, баатырлардын согушка киришин сүрөттөөдө пайдаланылат:

Жагалмайдай эр Чубак

Көкөтөйдүн Бокмурун

Жерден эңип кетти эле,

Мааникерге мингизип

Аман алып өттү эми (Саякбай Каралаев, 2. 150), же Берен Сыргак кырааның Ылаачын тийген таандай Ар жагына бир чыгып,

Бер жагынан качырып Калың кытай сан колду

Сүрүп кетип баратат (Саякбай Каралаев, 2. 152). Эпосто ошондой эле каармандардын жаш өзгөчөлүгүн белгилөөдө да А. к-га байланыштуу айтылган учурлар кездешет. Жаралуу болуп казаттан кайтып келаткан Манас баласын алып алдынан тосуп чыккан Каныкейге төмөнкүчө кайрылат:

Алып келчи бер жакка

Өлгөндө көргөн баламды!

Боз ала туйгун болпоңду,

Алып келчи бер жакка

Боз карчыга чолпонду! (Саякбай Каралаев, 2. 223). Көкөтөйдүн ашында түктүү таман Түкүбай менен күрөшүүгө Агыштын жарай турганын айтып келип Каныкей:

Оролмо тоонун ак ийиндей бүркүттү

Балдагы жок кондуруп,

Салып чыгып келаткан

Агыштай эрди көргөмүн (Саякбай Каралаев, 2. 52),— дейт. Карышкыр алчу алп бүркүттү балдагы жок кондуруп жүргөндүгүн айтуу менен Агыштын балбандыгы белгиленип жатат. Кыраандардан ителги, ылаачын, куш, жагалмай, турумтай өңдүүлөргө томого катпайт. Мүнүшкөрлөр алгырларды таптоодо аларды кармоо (куш күйүү), үндөктөө (колго коңдуруу), түлөккө отургузуу (түлөтүү), таптоо (аңга даярдоо), аңга салуу (алдыруу) өңдүү жолдорду басып өтөт.

Иленин суусун бойлошуп,

Ителги салып ойношуп,

Чүйдүн суусун бойлошуп

Чүйлү салып ойношуп,— деп сүрөттөлгөндөй элдик таң-тамашалардын бир түрү болгон алгыр куштарды салуу эпостон айрыкча анын «Семетей» бөлүмүндө айтылат. Мисалы, Күлешендин Гүл-Токойдо шумкарына илбээсин алдырып жүргөн Семетей Сарытазга жолугуп, андан ата-тегин угат. Адатынча тапка келген Акшумкарды алып салбырынга чыккан Семетей аккуу болуп кубулган Айчүрөккө шумкарын алдырып жиберет жана башкалар Кыраан куштар күлүк ат, сулуу кыз, алгыр тайган, жамбы өңдөнүп илгертен баркканаркка өткөн. Бул эпосто Акшумкардын жогору бааланышынан да көрүнөт. Акшумкар Манастан Семетейге мурас болуп калат; Айчүрөк Семетей шумкары үчүн болсо да келет деп, атайылап Акшумкарды алып кетет; Үргөнчтүн боюнда Акшумкарды сурап Айчүрөккө кайрылган Күлчоро: Жоготуп койсоң шумкарды Сен өңдөнгөн кыздардан Токсон бир кыздын доосу бар (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 54)— дейт. Азыр улуттук спорттун бир түрү катары бааланып, ири салтанаттарда куш салуу тамашасынын өткөрүлүшү байыркы өнөрдүн туура бааланышы болуп саналат.

А. Акматалиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)