АЛЛЕГОРИЯ

Кошкон | 11.09.2017
АЛЛЕГОРИЯ (гр. allegoria — кыйытып айтуу каймана айтуу) — оозеки элдик чыгармачылыкта, жазма адабиятта кеңири колдонулуп келаткан стилистикалык ыкма, көркөм сөз каражаттарынын бири. А. аралашкан сүрөттөөлөрдүн, баяндоолордун көркөмдүгү, кооздугу күчө менен кызыктуулугу да артып отурат. Адатта, А-да каймана түрдөгү кыйытып айтылуучу мазмун, ой-пикир ар кыл мүнөздөгү көркөм элестер, сүрөттөөлөр аркылуу ишке ашат. Кыргыз эл оозеки чыгармаларында, жомоктордо Күкүк менен Зейнептин — бири-бирине жетпей калган эки жаштын А-лык символдуу образдары жашап келатат. Элдик ашыктык ырларында жигит булбулдун, кыз гүлдүн образдары аркылуу берилет. «Манас» эпосунда да А-лык сүрөттөөлөр, баяндоолор мол учурайт. Мисалы, Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөттүн Манас төрөлөрдө көргөн түштөрүнүн А-лык сүрөттөлүшү:

Аяктай болгон ак алма,

Азелден ширин бал алма.

Алда буюруган алма деп,

Напсиң өлсүн жалма деп,

Кызыл алма кыз деди,

Кызматкербиз биз деди.

Алтымыш кулач ажыдаар.

Ат ордуна мин деди.

Алиги жеген ак алмам

Курсагыма толуптур,

Артымдан чыкты ышкырып,

Ажыдаар болуптур,

Ачууланып оп тартса

Ай ааламды соруптур (Сагымбай Орозбаков, 1. 29). Демек, кызыл алма кыздын, алтымыш кулач ажыдаар — Манастын А-лык образдары. Манастын жана башка баатырлардан А-лык образдары айрым учурларда шумкар, тунжур сыяктуу алгыр куштарга салыштырып сүрөттөө аркылуу берилет. Келечекте төрөлчү бала атагы ааламга кеткен баатыр теңдешсиз эр боло тургандыгы төмөнкүдөй А-лык сүрөттөө менен баяндалат:

Кукулуктап үн чыкса

Куштан башка үнү бар.

Куйрук башы жаркылдайт

Куудан аппак жүнү бар,

Айбат менен караса

Алп кара куш сүрү бар,

Саңоорлору сары алтын

Таканак жүнү баары алтын

Тумшугу болот тунжур — дейт,

Туяк болот канжар дейт.

Асмандагы канаттуу

Айбатынан уча албайт,

Жердеги жүргөн аяктуу

Желип чыгып кача албайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 29). Эпосто ошондой эле жаманчылык, алдыда болуучу коркунучтар да А-лык ыкма менен сүрөттөлгөн, баяндалган учурлар арбын кездешет. Манас Коңурбайдан жарадар болордогу Каныкейдин көргөн түшү А-лык ыкма менен сүрөттөлүп, акылман Каныкей бул жамандыктын жышааны экенин сезет: «Таңга жакын түш көрдүм, Кең-Колду өрт алды. Жердин баарын сел алды, багың тамыры менен суурулду. Алтын-күмүшүң ылайга батты, төрөм, эрдигиң бар, эсиң жок эч нерсе менен ишиң жок» (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 1073-инв., 509-б.),— дейт Манаска кайрылып.

Ж. Төлөев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *