АЛЛИТЕРАЦИЯ

Кошкон | 12.09.2017
АЛЛИТЕРАЦИЯ (лат. а1 — кошо, карай, littera — тамга) — ырда (айрым учурда кара сөздө да) сөз башында же сап башында бирдей үнсүз тыбыштардын айтылышы. А. дүйнө элдеринин көркөм сөз өнөрүндө кеңири тараган. Айрыкча түрк элдеринин поэзиясында жана желдирме, жорго сөз («ыргактуу проза») формасындагы чыгармачылыгында көп колдонулат. Кыргыз элдик оозеки эпикалык, лирикалык чыгармалардан тартып, макал-лакаптарга чейин А. өтө өнүккөн Түрдө жолугат. Түрк поэзиясынын эзелки формаларында (б. з. 5—8-к.), Орхон-Эне-Сай таш жазмаларындагы материалдарда А-нын калыптанган, өнүккөн үлгүлөрү бар экендиги Ф. Корш, С. Малов, В. Радлов, И. Стеблева жана башкалар тарабынан далилденген. «Манас» эпосунда ыр саптарын баш-аяк тепчип өткөн ички А-дан тартып («Кагышмакка канкорго Каргышты катуу кылыптыр»; Сагымбай Орозбаков, 3. 235), сап башындагы А. («Күмүш кемер курчанып, Күркүрөгөн эрендин Күндөй бетин нур чалып»; Сагымбай Орозбаков, 1. 157) сап аягындагы ыргактуулук менен айкалыша келген А.

(Каканчындын калкы бар,

Канча түрлүү алпы бар

Катылгандын баарысын

Канын ичкен салты бар/

кеңири колдонулат.

С. Бегалиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *