АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ

Кошкон | 12.09.2017
АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ (1887, Ысык-Көлдүн чыгышындагы Ой-Булак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Атасы Тойчубек (1853—90) да, агасы Дыйканбай (1873— 1923) да эл арасында «Манастан» үзүндү, негизинен «Семетейди» мыкты айткан адамдар катары белгилүү болушкан. А. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясында иштеген жылдары эл арасына чыгып, «Манастан» үзүндүлөр айтып жүргөн. 1945—47, 1962 — 63, 1968-ж. «Манас», «Семетей», «Сейтектен» үзүндүлөр (63556 сап ыр) жазылып алынган. Бул үзүндүлөрдүн көпчүлүгү «Семетейден». Алар: Манас өлгөндө, Каныкейдин Семетейди Букарга алып качканынан тартып, эрезеге жеткен Семетей Таласка келип Жакып, Көбөш, кырк чорону өлтүрүп, атасынын ордосун ээлешине чейинки жана Айчүрөккө үйлөнүшү, Коңурбайдан кун куушу сыяктуу окуялардан, ошондой эле «Сейтек» бөлүмүндөгү Семетейдин кайып болушунан тартып, Күлчоро, Сейтектер Канчоро, Кыястан өч алышып, Сейтектин Таласка көчүп келишинен турат.

Бул вариант элге кеңири тараган туруктуу сюжеттүү варианттардан айрым бир деталдык жактан гана айырмачылыгы болбосо, негизинен аларга окшош. Манас өлгөндө Жакып өзүнүн балдары менен Каныкейге кордук көрсөтөт. Семетейдин балалыгы Букардагы таякеси Ысмайылдын колунда өтөт. Бул жерде Тайторунун чабылышы, Каныкейдин жомогу айтылат. Башка варианттардагыдай эле Семетей алгач Таласка келгенде Жакып жамандык менен каршы алат. Акыры бузуку туугандарын эсине келтирген Семетейге кырк чоро, Чынкожо, Толтойлор менен кармашууга туура келет. Семетей Коңурбайдан атасынын өчүн алат, бирок, өзү Канчорого алдатып коёт. Анын Канчоро, Кыяс менен болгон урушу жазылбаганы менен окуянын өнүгүшүнөн улам Семетейдин дайынсыз жоголгонуна Канчоро, Кыяс себепчи болгондугу билинип турат. Семетейди Күлчоро (Гүлчоро) издеп таппай коюп, аш берүүгө камынат. Андан ары Семетейдин үй-бүлөсүнүн Кыяска олжо болушу, Күлчоронун далысы кесилип кордолушу, Сейтектин кооптуу чөйрөдө Айчүрөктүн аркасы менен аман-эсен чоңоюп, эли-жерин таап, атасынын өчүн алышы айтылат. А. Тойчубек уулунан жазылып алынган «Манастын» үзүндүлөрү Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 191 —198а, 199, 199″-инв.).

А. Жайнакова

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *