АЛП

Кошкон | 12.09.2017
АЛП — эң зор, алибеттүү, күчтүү адам, дөө, ашкере кажырдуу баатыр. А. элдик эпикалык чыгармаларда баатырлардын туруктуу эпитети жана мифтик каармандардын (дөөлөрдүн) энчилүү атынын курамында (Чоюн алп, Кутан алп) колдонулат. Бул сөз байыркы түрк элдеринин Орхон-Енисей жазууларында кадимки эле адамдардын атынын компонентинде учурайт. Мисалы, Йигин Алп Туран, Ынанчу Алп. Ал эми А-ка синонимдеш бөкө, баатыр, дөө жана башкалар сөздөр аталган учурдагы адам аттарынын компонентинде кезикпейт. Демек, аларга караганда А. өтө байыркы сөз. Ошондуктан адам аттарынын бул түрдө жасалышы азыр түрк тилинде сүйлөгөн элдердин көөнө типке жатуучу чыгармаларында кеңири учурап, салттык мүнөзгө ээ. Мисалы, алтай эпосунун башкы каарманы Алып-Манаш жана өзбектердин Алпамыш жана башкалар А. «Манас» эпосунун поэтикалык стилинде да жомоктун каармандарынын образынын байыркылыгын айкындап турган көркөм сөз каражаттарынан. Мисалы, А. Манас, А. Кошой делип, бул эпитет оң каармандардын ичинен жалгыз ушул экөөнө колдонулуп, алардын образдарынын башкаларга салыштырганда өтө байыркылыгын кабарлап турат. Бул эпитет Кошойго салыштырганда Манастын образына карата сейрек колдонулат. Анткени, Манас эрдикти кара күчкө таянган балбан күрөштө эмес, ат үстүндө көргөзгөн атчан жоокерлердин өкүлү болсо, Кошой мифология өтө күч алып турган алгачкы уруулук коомдун чыгармасынын каарманына көбүрөөк жакын.

С. Алиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *