КЫЛ КЫЯК

Кошкон | 15.09.2017

КЫЛ КЫЯК — элдик үндүү аспаптардын бир түрү. Бул муң-зарды өзүнө батырып, өткөн доордун музасын топтоп турат. Аспаптын узуну үч карыш, эки эли болот. Анын эки кулагы бар. Кыл кыяктын кулагынын мындай чоң болушунун себеби, аттын туу куйругунан тандалма токсон талын буроо учун ал, албетте, токтомдуу болушу керек. Кыяктын арты томпок көрүнүп, маңдайы айыш-өңкөгөйрөөк келет. Эгер мунун бетин түз кылса, аспап уй мөөрөгөндөй үн берип калат. Бул аспаптын тепкеги комуздун тепкегиндей болсо үн чыкпай калат. Натыйжада, чеберлер ачакей бутактарды алат. Анын чолок буту тик туруп, кыяктын орто капкактуу жерин басуу зарыл. Тепкектин тайтайыңкы буту аспаптын четин басып турганда гана үн ойдогудай чыгат.

Усталардын жана кыяк тартуучулардын айтымында, кыл кыяктын бетинин төө териси менен капталышынын мааниси бар. Анткени, аспап жайкы чилдеде укмуштай какшайт да, укмуштуудай үн чыгат («ботосу өлгөн ингендей боздойт»), Тумандуу күндөрдө, жаанда, кыскасы, аба ырайы бузулган чакта бир аз нымдашып, кыл кыяктын үнү анча чыкпай калат. Ошондуктан, аны кургак жайда сактообуз зарыл.

Кыяктын жаасынын узундугу 65—70 см келип, көркөм жана бышык келгендиктен мунун жыгачы бир гана табылгыдан тандалат. Жаанын кармай турган жагына булгаары капталат. Колдун төрт талаасы ага баткандайучун тешип, буга кылдын учун түйүп коет. Кыяк кылына ат, айгырдын туу куйругунан 120—130 талды жулуп алуу керек. Тал кылдар бири-бирине буралтып, чырмалтып текши төгүү зарыл.

Бул үндүү аспаптын авазын талаптагыдай көтөрүү үчүн карагай менен куурайдын чайыры керектелет. Аны кылга өлчөмүнөн көбүрөөк сүртсө, аспап кыркырап калат. Андай учурда мокок бычак аркылуу кайра кырып, таза чүпүрөк менен сүртүп таштоо тийиш. Абалы чайырды сууга кайнатып алса, анын даты кетип, тазасы калат. Аспап кылдарына мына ошону этиеттеп сүртүп турат.

Кыяктын кылына май тийсе, үн бербей калат. («Бууранын терисинен капкагым болсо, сүйкөнгөнүм карагайдын чайыры болсо, жайдын саратанында тартса боздоор элем» — деп, кыяк айтыптыр деген уламыш эл ичинде бар.) Бул аспапты кыякчы алгыр куштардай бөпөлөп асырап турат.

Мында айрым усталардын жекече байкоолорун да эскере кетебиз. Ал кыякты жасоо комуздун ыкмасына үндөшүп кетет. Андан анын айырмасы кыл кыяктын капкагы төө териден болору белгилүү. Мында теринин челин тазартуубуз зарыл. Анан ал теринин белгилүү өлчөмдө тептекши жукартабыз.

Төө терисинин бардык жери бирдей эмес. Мүмкүн катар теринин текши жеринен кесип алынат. Ал комуздай кайкайыңкы эмес, ошончо 10—7 мм дей бүкүрөйүңкү болот. Ошондо моюн менен чаранын бириккен жеринин ийилүү тереңдиги 2,5 см, же 25 мм болот. Мында тепкектин капкакты басуу күчү азаят да, демек, капкактын эркин термелүүсүнө ойдогудай шарт түзөт.

Кылды талдап тагып жатканда баарынын жоон-ичкелиги бирдей болушу керек. Мунун алтымыш талы астына, сексен эки талы үстүңкү кулакка тагылат. Ошондо астыңкы кыл жогорку нотаны (ичке үндү), төмөнкүсү темөнкү нотаны (жоон үндү) берет. Кылдарын бирдей тандап алгандан кийин аны (илгери шакар, эми «Айна») таптаза жуушубуз тийиш. Азыр төө терисин табуу, албетте, кыйын. Кыргыздын классикалык чыгармаларын ойноону жеңилдетүү үчүн чеберлер кыл кыяктын капкагын карагайдан тандоодо. Ал түз эмес скрипка сыяктуу томпок келет. Мунун кылы мурункудай эле болуп, тээги скрипканыкына окшош көрүнөт.

Кыл кыяктын көңдөйүнө, тепкектин алдына тирөөч коюлат. Аспап скрипкадай кайкалак болот. Демек, жалпысынан алганда бул скрипкага окшошуп, улуу композиторлордун даанышман чыгармаларын ойноого укмуштай мүмкүнчүлүк берет. Ал комуздун тембрине да даана жакындашат. Мындай музыкалык касиеттерди биз, төтөн, бир тууган казак элиндеги домбра менен кыл кыягындагы шайма-шай окшоштуктардан да байкайбыз. Ошондуктан, алардын ансамблдери «Сары арка» өңдүү жүрөк-жүлүндү титиретип, шамалдай жорткон күүлөрдү ойноп жатканда эки аспап бири-бири менен укмуштай эриш-аркак айкалышат. Кыл кыяктын жаасына 120 тал кыл тандалат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *