КЫРМАЧЫЛЫК

Кошкон | 15.09.2017

КЫРМАЧЫЛЫК — Бул — челек, аяк, чөйчөк, табак, сузгу, кашык өңдүү ашкана идиштерди кырып жасоочулук жана кооздоочулук. Мында абалы жасалуучу буюмдун, же идиштин көлөмүнө жана ыңгайына карата жыгачы тандалат. Аларды жөнөкөй сомдошко керки менен балта керектелет.

Идиш-аякты жасоодогу кол дүкөнү — бир учу түркүккө такалып, экинчи учу кыруу жыгачка кагылган беш темир мыктан азуусу бар ок жыгач. Аны «кырма» (дүкөн) дейбиз. Кыруучу курал «ийги» — метрдей таяктын башына бекитилет. Кыруу учурунда таянычка ийгини басып турган жыгачты «туур» дейт. Кырманы (дүкөн) айлантып турган кош жыгачты «тепки» деп, эки бутун алмак-салмак эпилдетип тынбай баскан адамды «кырманын (дүкөндүн) тепкичи» дешет. Ал кырмачынын шекити болот. Кырма идиштерине түшкөн кооздук жалпысынан «кеште» деп аталат.

Кырмачылыкта байтеше көп колдонулат. Кырылып бүткөн буюм илгери өз кырындысы менен жымсаланган. Мындай буюмдар кыргыз жергесинин ашкере чырайлуулугун, түгөнгүс түптүү байлыгын, ал эч бир жайда кайталангыс экендигин, мындай жыгачтардан уникалдуу нерсени көп жасоого ойдогудай жагдай түзүлгөнү даана баамдалат.

Азыр жаңгак токойлорунда иштетилип, чет өлкөлөргө дейре жөнөтүлүп жаткан көркөм нускалар арбын. Элдик чеберлер өз дүкөндөрүндө электрлешкен техникалык прогрессти пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *