«КЫРГЫЗ ССРИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙЛОРУНУН АНТОЛОГИЯСЫ»

Кошкон | 15.09.2017
«АНТОЛОГИЯ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ МЫСЛИ КИРГИЗСКОЙ ССР» («Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясы»)—«СССР элдеринин педагогикалык ойлорунун антологиясы» сериясынан (М., 1988) орус тилинде чыккан китеп (көлөмү 968 б.). Антология Элдик педагогика, Эл акындарынын чыгармачылыгындагы педагогикалык ойлор, Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки Кыргызстандагы педагогикалык ойлор деген үч бөлүктөн турат.

Баш сөз ордуна Ч. Айтматовдун «Окурмандарга» жана педагогика илимдеринин доктору М. Р. Балтабаев менен педагогика илимдеринин кандидаты анын ичинде Акулованын «Кыргызстандагы педагогикалык ойлор жана эл агартуунун өнүгүшү» деген макалалары басылган. Аларда кыргыз элинин педагогикалык ойлорунун, көз караштарынын көп кылымдык өнүгүү процессине баяндама берилген. Педагогика кыргыз элинде революцияга чейин өз алдынча илимдин тармагы болуп бөлүнүп чыкпаса да бала өстүрүү, ага тарбия берүү, тукум улантуу маселелери жагдайында эл ичинде топтолгон турмуштук тажрыйба, практикалык иш-аракеттер, акылман ойлор катары көп кылымдар жашап жана өнүгүп келгендиги айтылат. Ошол баа жеткис педагогикалык казына эц биринчи иретте фольклордук чыгармаларда жана акындар поэзиясында топтолгон. Ал эми кийинки мезгилде педагогика республикада илимдин өз алдынча тармагы катары өнүгүп жаткандыгы белгиленген.

Китепте кыргыз элинин байыркы доорлордон азыркы күндөргө чейинки педагогикалык мурасынын мыкты үлгүлөрү топтолгон. Элдик педагогиканын эстеликтери катары макал-ылакаптар, терме, бешик, балдар, эмгек, санат — насыят, каада-салт, арман, кошок, каалоо, айтыш ырлары, калптар, табышмактар, жаңылмачтар, жөө жомоктор берилген. «Эр Төштүк», «Курманбек» кенже эпостору жана «Манас» эпосунан («Манас», «Семетей», «Сейтек») үзүндүлөр сунуш кылынган (29—57-б.). Чыгармада сүрөттөлгөн доордогу кыргыз элинин бала жөнүндөгү, ага тарбия берүү, турмушка үйрөтүү жагдайындагы түшүнүктөрүн, көз караштарын кең-кесири чагылдыра алгандай жана көркөмдүгү жогору, зор тарбиялык касиетке эгедер үзүндүлөр тандалган. «Манас» бөлүмүнөн эпостун башкы каарманынын төрөлүшү, атасы аны Ошпурга койчулукка бериши, тогуз жашар баланын калмактарга биринчи жолу каршылык көрсөтүшү, Манастын жана Бакайдын эр жигиттин эл алдындагы ыйык милдети, ынтымак, элдин биримдиги жөнүндөгү ойлору баяндалган эпизоддор алынган.

«Семетей» бөлүмүнөн өзгөчө көркөмдүккө, терең психологизмге ширетилген эпизод — Каныкейдин Тайторуну чапканы, «Сейтек» бөлүмүнөн душман арасында чоңойгон Сейтектин ата-бабалары өскөн жер — Таласка келгендеги кыргыз жеринин ажайып кооздугу, элинин баатырдыгы, меймандостугу сүрөттөлгөн үзүндүлөр берилген.

Антологияга ошондой эле атактуу эл акындарынын жана профессионал акын- жазуучулардын чыгармаларынан, кыргызстандык көрүнүктүү окумуштуулардын, эл агартуу ишмерлеринин педагогикалык көз-караштарын чагылткан эмгектеринен да үзүндүлөр киргизилген. Белгилүү окумуштуу Б. М. Юнусалиевдин ««Манас» эпосунун чыгыш доору жана жаралуу себептери жөнүндө», «Кыргыз баатырдык эпосу «Манас» деген эмгектеринен үзүндүлөр басылган.

Д.Саалиева

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)