МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТОНИМДЕР

Кошкон | 15.09.2017
МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТОНИМДЕР — карама-каршы маанидеги сөздөр. Мисалы, жакшы-жаман, узун- кыска, чоңкичине, дос-кас жана башкалар Көркөм сөз каражаты катары А. лексикалык кубулуштардын ичинде өзгөчө орунга ээ экендиги алардын стилдик функциясынын ар түрдүүлүгү менен шартталат. А-дин стилдик максатта колдонулушуна эки нерсе өбөлгө түзөт: 1) А-дин семантикалык табияты; 2) ар кандай синтаксистик түзүлүштө колдонулгандыгы. А-дин семантикалык негизи карама-каршылык болгондуктан алар көркөм чыгармада контраст түзүүдөгү негизги каражат болуп саналат. Муну менен катар А. кепте каршы гана коюлбастан, биригүүгө, бейтараптанууга чейинки жагдайларды туюнтууга да кызмат кылат. Мындай кырдаалда кубулуштардын, алардын касиет- сапаттарынын ар кандай абалын (туруктуулук, үзгүлтүксүздүк, кадыреселик жана башкалар) элестүү берүү менен, күчөтүүчүлүк, толуктоочулук жана башкалар функцияны аткарат. Ошентип, А-дин негизинде антитеза, бөлүнүү, биригүү, кезмектешүү, өтүү, окшошуу, каршылык, оксюморон өңдүү стилдик фигуралар жаралып, ошого ылайык А. ар кандай стилдик максатта колдонулат. Бул фигуралардын дээрлик бардыгы «Манас» эпосунда кеңири жолугат. Мисалы, А. антитезада предметтин, кубулуштун өзүндөгү жана ар кандай предметтердин, кубулуштардын ортосундагы карама-каршылыкты, айырмачылыкты элестүү берүүдө пайдаланылат:

Эркелеткен балаң жок,

Эрмек болор адам жок,

Же сүйөрүңө балаң жок,

Же сүйүнүшөр адам жок.

Ушундайды эстесем,

Сүлдөрүм бар, дарман жок (Сагымбай Орозбаков).

Кээде ач болсун кээде ток,

Кэби тийсе, ур да сок,

Катыксын деп баламды

Кан Жакыптын талабы (Сагымбай Орозбаков, 1.93). Карама-каршы кубулуштарды, абалдарды, көрүнүштөрдү тең камтуу менен алардагы туруктуулукту, үзгүлтүксүздүктү, ар дайым болуучулукту, жалпылыкты, баарын камтыгандыкты жана бүтүндүктү элестүү, таамай ачып берүүчү биригүү стилдик фигурасын түзүүдө да А. колдонулат. «Ар дайым», «баары» деген өңдүү сөздөр менен синонимдик мааниде болуп, алардын экспрессиялуулугун арттырат. Эпосто:

Арам-адал түк билбейт,

Ар бир түрдүү иш кылат,

Ага-инисин көзгө илбейт.

Астындагы көк тулпар

Олбуй-солбуй камчы уруп,

Оң-тетири теминип,

Колундагы сыр найза

Оңго-солго булгалап,

Ойрондук жайын билгизип (Саякбай Каралаев),— деп сүрөттөлөт.

Турмуш диалектикасынын бир өңүртүн, башкача айтканда карама-каршы кубулуштар, касиет-сапаттардын бири экинчисине өтүүсүн, айлануусун таасын чагылдырууда өтүү стилдик фигурасы да А-дин жардамы менен түзүлөт:

Манасым саа келгени,

Арык элек — семирдик,

Ачыккан элек — тоюндук.

Кеңелип пейил чечилдик,

Кетилип келип жетилдик.

Аз болсо көптөй көрүнгөн

Өнөрүн көрдүм кыргыздын.

Бөлүнүү стилдик каражаты карама-каршы кубулуштардын, касиет-сапаттардын жана башкалар белгилүү бир кырдаалда жанаша (бирге) жашоого мүмкүн эместигин, экөөнүн бирөө гана өкүм сүрүүгө тийиш экендигин элестүү ачып берүүдөгү каражаттардын бири:

Бээжин түгүл ар жагы

Кен тооңо кирип кетсе да

Артынан Манас жетем деп,

Же өлтүрбөй же өлбөй

Кантип кайра кетем деп (Сагымбай Орозбаков, 1.210).

 

Бала жерде туйлады,

Бар-бар этип ыйлады

Эркек бекен, кыз бекен,

Мага качан айтат деп,

Байбиче жашын тыйбады (Сагымбай Орозбаков, 1.59).

Карама-каршы кубулуштардын, касиет-сапаттардын кезмектешип кайталанып турушун берүүдө кезмектешүү стилдик фигурасында да А. колдонулат:

Кызматта жүргөн кырк чилтен

Каткырып күлүп калганы

Бир силкинип бирөөбү

Көк бөрү боло калганы

Бирде бөрү, бирде адам

Анык сонун экен деп

Көөнүнө бала алганы (Сагымбай Орозбаков, 1.97). А-дердин негизинде пайда болгон эң оригиналдуу көркөм ыкма-оксюморон. Ал А- дин, деги эле карама-каршы маанидеги сөздөрдүн айкашышынан, биригишинен жаралат. Мисалы, далилсиз далил, эскинин жаңысы, тилдүү дудук, арбын туруп аз болуу жана башкалар Турмуштагы кубулуштарды так, даана сүрөттөп, ойду элестүү курч берүүдө оксюморондордун ролу зор. Оксюморон аркылуу автор сүрөттөп жаткан кубулушка карата өзүнүн жекече мамилесин, пикирин билдирип, окурмандарды таңдандырат, ойлонууга аргасыз кылат. Анткени оксюморон аркылуу бирикпегендер биригип, сыйышпагандар сыйышкандыктан, сүрөттөлүп жаткан кубулуш таптакыр жаңы, адаттан тышкары көрсөтүлөт. «Манас» эпосунда түгөнгөн сайын түтөө, жумса көзүн ачкандай, күндүз күнү түн болуу, көрбөгөндү көрүү, тирүү өлүк жана башкалар оксюморондор колдонулган:

Ал сөздү айтып Алооке

Калкынын көөнүн басыптыр,

Тирүү өлүк болбойм деп,

Түн киргенде качыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2.236).

 

Түгөнгөн сайын түтөгөн

Тиги, дүмбөкүнүн тукуму,

Өлгөн сайын өөрчүгөн

Өрттөнгүрдүн тукуму (Саякбай Каралаев, «Семетей»).

Б. Усубалиев

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *