МАТОО

Кошкон | 16.09.2017

«Уукчулардын», «керегечилердин», «түндүкчүлөрдүн» жалпы алганда боз үйдүн жыгачына узануусу. Демек, кереге саканактарынын башкы бөлүгүн кайкалата, уук-алакандарын бүкүрөйтө ийүү дегендик. Матоо үчүн «Тез» керек. Чеберлер маталган кереге-уукка атайын тарткы менен сай түшүрүшөт. Жерди ууктун билеги жана саканактын башы баткандай кылып казып да, ийилип даяр болгон ууктун билегин, саканактын башын ошол чуңкурчага салып, анын үстүнөн оор таш менен бастырган. Бул матоо деп аталат. Матоодон ойдогудай чыккан жыгачтын ийилгени көп убакытка чейин жанбайт. Үй формасын жоготпой, кептүү турат. Ошондуктан, кыргыздар матоосу жанбас үчүн боз үйдү дайым тигип жана жыйып турушат. Үй көпкө чейин тигилбей калса, үйдүн матоосу жанып, көрүнүшү бузулат.

Матоодо таңгак жыгачтардын чекесинен чечип туруп, сууга салып, нымдашкан чакта чокко (кор кылуу — «кордоо») салат. Тал кызыйт. Кол күйөр-күйбөс болгондо алганда ал жибектей жумшарат да, матоого коюлат. Ал жерге ташталбай, түркүк кылып коюлат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *