ӨРҮМ, ӨРМӨ

Кошкон | 16.09.2017

(ӨРҮМ, ӨРМӨ) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Кайышты жана көктү тилүү аркылуу ат жабдыктарын жүзөгө ашыруу.

Өрүм экиге бөлүнөт: 1-жөнөкөй өрүм: Ага: «үч өрүм» («жон өрүм», «жом өрүм»), «жарым өрүм», «калмак өрүм», «ал даяр өрүм», «нокору өрүм», «жети кашка өрүм», «беш кашка өрүм», «мурунтук өрүм», «жөрмөм өрүм» өңдүүлөр кирет да, өрүм жалаң кайыш аркылуу өрүлөт 2- «Терме өрүм», «музоо тиш өрүм», «суйсал өрүм», «бугу өрүм» жана башка өрүмдөр үчүн көк жасалат.

«Беш башка өрүм» үчүн беш тал кайыш жоонураак тилинет. Ал «беш өрүм» деп да аталат. Ал эми «жети кашка өрүмдү» «жети өрүм» деп коет. Мунун кайышы саал ичкерээк тилинет. Тигиндей тилинсе, жоон көрүнүп калат. Эки өрүмдө тең бир тал кайыш аркак болуп, өтө сыйда да, жөнөкөйрөөк да көрүнөт. «Он өрүмдү» «куран төш» деп да айтат. Анын төбөсүндө саал жал сымал кыры болот. Айрымдар аны «жон өрүм» — «жом өрүм» деп да жүрүшөт. «Жал өрүм» десек да болот. Он тал кайыш тилингендиктен «он өрүм» дейбиз. Ал сууга тийсе эле аралары алжайып, жалы ырсыйып, өрүмдүн баштапкы сыйда абалы сакталбайт. Ансыз деле заводдон чыккан кайыш буржуюп, катуу да, калың да келип, өрүм өнөрүнүн касиетин ойдогудай сактай албайт. Мындан да татаалыраак он бир тал аркылуу өрүм жаратылса, «котур өрүм» же «он бир өрүм» дейбиз. Өрүм талдары тигинден кичирээк тилинет. Талдын ага жоондугу «жети кашка өрүмүнүн» жарымындай келет да, талдар экиге бөлүнүп, бир жагы бештен, бир жагы алтыдан болуп, алты талдын бирөө бешөөнү карай өтүп турат. Ошентип, бир талы аркак болуп түшөт. Демек, мында кайыштын тартымдуулугу эске алынат. Кайыш калың да, жука да болбошу керек. Калың тал томпоюп, бири-бирине кыналышпайт, жука тал ичке көрүнүп калат. Демек, тилүүчү кайыктын калың-жукасы, бирдейлиги эске алынат. Өрүмгө байланыштуу кайыштын да, көктүн да, тасманын да жердигин абалы тандап, тегиз тилип алуу зарыл. Он бир талдан кармалса, «нокору өрүм» деп айтылат. Мунун кайыштын тандоосу, тилүүсү «он бир өрүм» сыяктуу келет. Өрүмчү ченеп алып, канча карыш тал өргөндөн кийин канча болот, муну билип алат. Өрүм он бир өрүмгө окшошот. Мунун талдары да экиге бөлүнүп, бирөө аркак катары оңдон солго, солдон оңго өтүп турат. Мисалы, жүгөн бир нече бөлүккө бөлүнөт. Анын узун жаагына чебердин колу менен алты карыш, кыска жагына беш карыш, тумшугуна төрт карыш, сагалдырыгына беш карыш тал тилинет. «Жети кашка өрүм» алты карыш тилинип, өргөндө беш карыш болот. Өрүлбөй турган жери бир карыш келет.

Тизгинди тилип, бир жагына бурап, бирдемеге катуу керип, анын учун «чаян түйүш» — «окуроо түйүш» кылынат. «Он беш өрүмдө» бир жагы жети, экинчи жагы сегиз тал кайыштар өрүм учурунда сегиз жагы жетиге айланып, эки тал сыртына калып, алдынан жети тал жаагына өтүп турат. Кайра да сегиз жагы жети жагына айланат. Өрүм алды тегиз түшүп, токулганда аттын жонун өйкөбөйт.

Союлган серкенин терисин дароо тасма кылыш үчүн үзөңгүнүн көзүнөн сабы жумуру ыргайдын учун өткөрүп, бир адам кармайт. Экинчиси, эки элиден тилинген терини кичине калган үзөңгү жылчыктан өткөрүп, чирене тартат. Ошондо теридеги чели да, суусу да, майы да сыгылып чыгып, жалаң тасмасы калат. Мына ошол камчы өрүмүнүн жердиги болот. «Тартканда тасмадай» деген сөз бар. Ал мындайынан таза да, сыйда да көрүнүп, жаралган өрүм кооз түшөт. Ачык айтканда, көк жыдытылса, тасма жылытылбай да, мал союлаары менен, ушинтип, үзөңгү көзүнөн өткөрүлөт.

Камчыларга тасма тилим керектелет. «Жылаан боор өрүм» үчүн узундугу үч карыш тасма тилинсе, ал өрүлгөндө эки карыш болуп калат. Камчынын түшкүнүн бекитиште өрүмдөн бөлөк өзүнчө тасма тилинип, шибеге менен ичиндеги өзөккө каттай тартыла сайыла бекитилет.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *