АРУУКЕ

Кошкон | 17.09.2017
АРУУКЕ — кейипкер, Алмамбеттин аялы. Анын теги кайып, периге байланыштырылып, Сагымбай Орозбаковдун вариантында кайберендердин каны Байыңдын кызы делсе, Саякбай Каралаевдин вариантында Агынай кызы А. Каныкейдин сиңдиси. Ал өзүнүн аярлыгы, сыйкырчылыгы менен Айчүрөктүн образына жакын. А. да — «Кожожаш» эпосундагы Суречкинин кызы Ашайран сыяктуу эле аңчылык доордогу мифологиялык түшүнүктөн, ишенимден келип чыккан байыркы образ. Манасчылар аны пери тукумуна байланыштырышат. А. колунан келбеген эч нерсеси жок (түрдүүчө кубула алат, жаратылышты каалаганындай тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар) көрсөтүлгөнүнө карабастан, ал кайыптар дүйнөсүн кечип, адамзатка ыктайт, Каныкейге жакындайт, жөнөкөй пендени артык көрөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А-ге таандык кайыптар чөйрөсү сырдуу, күчтүү, касиеттүү көрсөтүлөт:

Акылга дыйкан, өзү уз

Ааламга келбейт мындай кыз.

Айтканы түркү, сөзү түз,

Адамча багып күлбөгөн

Атасы кайып өзү суз (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581-инв., 204-б.).

А. жалпы түрк элдеринин байыркы түшүнүгүнөн жаратылган кейипкер катары көбүрөөк айтылат да, бара-бара:

Кайсы күнү жатаарда

Кай кеткенин жан билбей,

Кайып болуп калат деп,

Кайсы күнү катарлаш

Кыздар менен кысылып,

Кошо жатып алат деп (Сагымбай Орозбаков, 4. 94), кайып да, адам да болуп көрсөтүлөт. А. Алмамбетке турмушка чыгарда бир топ сыр көргөзүп, түрүн бузуп, тилин чайнаган тантык кара кыз болуп, болочок күйөөсүнүн кыраакылыгын, акылын сындан өткөрөт. Минтип Алмамбетке өзүн таап алууга түрдүү шарт коюшу да байыркы энелик доор мамилелеринин көркөм чагылдырылышынын бир үзүмү катары анын образынын түпкү тамырын тереңдетет. Күйөө алдына түрдүү шарт коюп убаралантышын манасчылар кийинки көз карашка ылайыктап чечмелеген учурлар кезигет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А-нин Алмамбеттен минтип качыңкырап турушу кайыпты чанып, тентиген бирөөгө тийди деген айыңдан корккондугу менен негизделет. Алмамбетке кошулгандан баштап анын образы камкор, уз аял катары өнүгөт. Кошой кийип намыс алган кандагайды тиккенге катышып, ага жалпы элдин, Кошойдун ак батасы тиет. Чоң казатта жоо кийимдерди даярдоодо да ал маанилүү милдет аткарган. А. Алмамбетке жуп келип, ашкан касиеттүү, эл үчүн талыкпаган, анын оор жүгүн теңдешкен эмгекчи аял катары көрсөтүлөт.

Алмамбет баатырдын ак ниет жары А. — Күлчородой элдик баатырдын энеси. Анын бүт жашоосу Манас менен Алмамбеттин достугу, алардын ишинин ийгилиги, ар-намысы үчүн арналган.

А.Жайнакова

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *