АРЫП

Кошкон | 17.09.2017
АРЫП (арабча тамга) — сыйкырлап дуба окуп көз байлоо, кубултуу. Арабдардын диний жана көбүн эсе элдик оозеки чыгармалары (мисалы, «Миң бир түн» тибиндеги жомоктору) аркылуу кирген термин. Ал байыркы кыргыздардын магиялык көз карашындагы кубулуучулук жөнүндөгү түшүнүгү менен контаминацияланган. Ушуга байланыштуу «Манас» эпосунда А. окуу менен аракет кылуучу каармандардын эки тиби жолугат. Биринчи типке Алмамбет, Кошой, Айчүрөк, Көкмончок жана башкалар эпостун өзүнүн байыркы каармандары жатат. Мисалы, А. окуп Алмамбет күндү жаадырат, Кошой Кашкарга аттанган жортуулунда көптөгөн сыйкырдуу эрдиктерди жасайт, Көкмончок Семетей Кыястан жараланганда кайыпка айлантып алып кетет, Айчүрөк уулу Сейтекке жардам бериш үчүн Кыястын сыйкырдуу аты Тооторунун тилин байлайт. Экинчи типке араб, фарсы жомокторунун таасири менен эпоско кийин кошулган «аяр» деген жалпы аталыш менен белгилүү кейипкерлер кирет. Булар көбүнчө Сагымбай сыяктуу байыркы чыгыштын жазма адабиятынын Орто Азия элдеринин арасына тараган үлгүлөрү менен тааныш манасчылардын варианттарында кеңири кездешет. Манас ата конушу Ала-Тоону душмандардан бошотуу үчүн жүргүзгөн согушта Үч-Турпандын каны Текестин аяры Куястын А. окуп жасаган укмуштуу сыйкырлыгы жөнүндө:

Арып дуба салыптыр,

Жерден чыккан киеси

Адам болуп калыптыр.

Мейли камыш, мейли чий,

(Баатыр болсоң барып тий),

Мейли куурай, мейли чөп

Аскер болду сансыз көп,

Адам кылып жыгачтан

Аңгемелүү кандай кеп,

Карагайы, кайыңы,

Каптап барган аскердин

 

Чыгар эмес дайыны,

Өйүз менен бүйүзүн

Аскер кылды баарыны,

Суунун үстүн өрт кылды

Туу көтөргөн ар жерде

Султандарын көп кылды.

Ат минбеген жөө болду,

Ар бир чынар теректер

Адам эмес дөө болду.

Мылтык, кылыч бар жарак

Бутагынан бөлүндү

Найза кылыч көтөргөн

Айбаттары көрүндү (Сагымбай Орозбаков, 2. 36—

37),— деп сүрөттөлөт.

Р. Сарыпбеков

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *