СЕП

Кошкон | 19.09.2017

«Кымкаптын өөнүн эп кылган,
Кыздарына сеп кылган,
Баркуттун өөнүн эп кылган,
Балдарына сеп кылган» (Калык).

Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм- кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз, шалча, ала кийиз, килем, сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чачкан, кеп такыя, билерик, шакек, оймок, бой тумар, төөнөгүч, сыяктуу өздүк буюмдары, ат жабдыктары, жууркан-төшөктөрү, кийим-кечектери жана башкалар кирет. Атайын көтөрүлүп берилген ак өргөө кыз себинин ата башын түзгөн. Кыз тестиер чагынан тартып эне менен эженин, же айылдаш чеберлердин нускоолору аркасында узчулуктун учугун саптап, узданууга максаттанган. Ошентип, өзүнө таандык себин өзү баса отуруп, аруу колдон даярдап чыккан. Ал кыздын асем жасалгаларына, ат жабдыктарына усталар узанышкан. Ага атайын үй көтөрүп, көмүрүн өчүрүүгө, көрүгүн басууга, күжүсүн күйгүзүүгө адам шайланган. Устанын узануу акысы күн мурунтан бычылган. Өрмөк согууда, килем токууда, шырдак шырууда, кийиз уютууда, чий чырмоодо, кийим- кечектерин бычып-тигүүдө биргелешип узануунун салттары болгон. Үй ээси аларды мыкты күтүнүп алган. Бул элдик өнөрдүн жагымдуу жагдайлары кийинкиге дейре Ош тарапта үймө-үй өнүгүп келген. Кыз бала он-он төрт жаштардан баштап эле ал өзү өрмөк согуунун, килем токуунун, сайма саюунун, курак куроонун, шырдак шыруунун, түймө түйүүнүн, чий чырмактоонун түйшүктөрүнө адистешкен. Мындай аракеттер менен сеп даяр болуп, узчулуктун мектебин көрсөткөн.

Өнөрүбүздүн өсүү жактарына назар ташталып, бир жоголсо табылгыс муну кайрадан жандантууга басым бар. Ошондо сеп даярдоо жөнүндө да сөз болгондо «Азыр кыздар учук саптай алышабы? Узчулуктун кайсылары алардын колдорунан келе алат? Бош убактыларын кыздар кандай пайдаланат? Жар күтүүчү жигиттер ушул жагына назар ташташабы? Ага ата-энелер, ага-туугандар, жерге жээк да муну баамдаса». Кыз балдары үчүн эне чоң жоопкерчиликте болгон. Кыз эс тартканы жүк маанектечү. Куурчак ойноо узчулуктун башаты эле. Кыз ошол учурунан тартып эле бирдемеге тетиктелген. Жүк маанектөө — узданууга отуруучу, абалы сайма саюучу. Кызынын чоркок болуп калышы энесинин намысына камчы чапкан. «Кызыңдын эчтекелерге эби жок» — деген сөздү мен укпайын — деп аталар алдыртан сөз таштап коюучу. Түштүк кыргыздарда Ата-энеден ийбаа кылуу наркы бар. Алар азыр килем токушат. Өрмөк согушат, үйдүн ичин «илме дос», «терс кайык», «чыраш», «басма» саймалары аркылуу жасалгалашат. Демек, узчулук сылыктыкка, сыпайычылыкка үйрөтөт. «Баланчанын келини укмуштуудай уз», «Түкүнчөнүн кызы иштүү экен» сымал жышаандар айыл аралап кетүүдө. «Сеп калыңына жараша» дешет. Байыркы көчмөн убакта сепке боз үйдөн сырткары саанына уй, минерине ат, жук артарына төө же өгүз, үй ичинде күнүмдүк турмушунда уруна турган буюмдары туткучуна дейре даярдалган. Ар убак шартына, мүмкүнчүлүгүнө карата келген. Кээде себи бир төшөк, бир жууркан, эки жаздык, алдына салар ала кийиз, же ашык бирдемени деле кылышпай, ата-энелер эки жаштын бактылуу өмүр сүрүшө берүүсүнө ыраазы болушкан учурлары көп болуп келген.

Күйөөнүн атасы эмне бере алганына карап бүгүнкү барчылык мезгилде себине эки жаштын күнүмдүк тирилигине зарыл төшөк-буюм кылып берип жатат. Кээде муну көптөп бүтүрөт. Бирок, көп көңүл жумшалган буюм, кийим, эмерек эки жаштын купулуна толобу, алардын рухий, маданий деңгээлине шайкеш болобу — алардын каалоосун, зарылчылыгын эсепке алуу абзел.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *