СИРКЕЛЕТҮҮ (СИРКЕ ТӨГҮҮ)

Кошкон | 19.09.2017

СИРКЕЛЕТҮҮ (СИРКЕ ТӨГҮҮ) — Элдик зергерчиликте буюмду кооздоонун бир ыкмасы. Мында зергер күмүш зымды үшкүгө ченеп кесет. Жыгач көмүрдүн бетин кестик менен этият жонуп, тептегиз жалпактап, үшкүлүү шибеге (учу тоголок) аркылуу жалпак көмүрдүн бетин сыйда оюп, аны кыдырата коет. Үшкүгө ченеп кесип алган майда күмүштү көмүрдүн ошол чуңкурчаларына чымчуур аркылуу салып, анын үстүнө ошондой жалпак көмүрдү капкактайт. Ошол тапта эриген күмүштүн өңү жашыл түскө өзгөргөн чакта үстүндөгү көмүрдү шилеп, күмүштү жалпак темирдин үстүнө төккөндө, топтоголок «кызыл таруулар» мөлт эте түшөт. Ошентип, мында күмүштөн майда «сиркелер», («таруулар») пайда болот.

Куткундап чыгарган буюмдардын оюмуна ошол майда күмүштү данакерге малып тизип чыгат да, аны көмүр табына коет. Күмүш күйүп кетпесин үчүн тутанган чокту жез түтүкчөсү менен үйлөйт. Ошондо күмүшкө аралашкан данакер жалтырап эрип, ал чыбырчыктаган «таруудай күмүштү» чап кармайт. Кыз-келиндердин кооз буюмдары: билерик, сөйкө, шакек, желбирөөч, оймок, топчу жана башкаларга мына ушундай ыкма арбын колдонулат.

Мельхиорду, же жезди бир өлчөмдө кесип, аны «бурага» сугарып, ошону кадимки эле бышкан кыштын үстүнө коюп, белгилүү өлчөмдөгү жалында эриткенде ал топтоголок болуп калат. Мунун тоголокторунун көлөмү ар башка кетилиши ыктымал. Анткени, мында буюмдун көлөмүнө жана мүнөздүү белгилерине карата ага берилүүчү «сиркелетүүчү» кооздук аныкталат. Ал улам майда болгон

сайын, буюмга жыш түшкөн ал үлгүнүн ажары ачылып, зердик касиети жүзүн кубултуп, зергердин чеберчилиги артылып барат.

Сиркелетүү — өтө тыкыр ыкма. Мөлт эткен таруудай «сымаптар» көзгө ойноктоп турат. Мындан буюм кармоого зерикпеген зергерлердин колунан гана келет. Майда тоголок (сиркелер) жасалып жаткан буюмга ширетүүдө аны кайрадан бурага чылап, от коюп, анан данакер тийгизет. Ошондо данакер эрип, тоголокту чап кармап калат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *