СӨЙКӨ (СЫРГА)

Кошкон | 19.09.2017

СӨЙКӨ (СЫРГА) — «Кулагыңа тагылган, Сыргаң болуп калсамчы» (Эл ыры). Бул — кыз-келиндерибиздин кулакка тага турган зер буюму. Анын кулакка илүүчү иймеги, ичке моюну жана сүйрү, тегерек, жумуру, жүрөкчөлөнгөн тоголок сыяктуу түрдүү формада алаканы (солоңдору). Сөйкө зергерчиликтин «сыялоо», «сирке төгүү», «тогуз төбөлөө», «Чапкылоо», «тордоо», «эшүү» «сомдоо» өңдүү негизги ыкмалары аркылуу жүзөгө ашат.

Сөйкөнүн бир түрү «иймек» деп аталат. Ал жаштарга ылайыкталып, күмүш зымдан иймекей формада жөнөкөйрөөк ийилип жасалып, кулактан өткөрүлөт. Ал иймекейден кийин күбөк өткөрүүгө болот. Тоголок томпоктуу кылып, ага «себетти» калыңыраак төккөн сөйкө сүйрү да, тегерек да, жүрөкчө кейипте да көрүнөт. Из түшүрүлүп кармалган сөйкө жука келет. Атайын калыпка салып, чыгарган сөйкө томпоктуу көрүнүп, мунун ортосу жазыраак болуп, ага өзүнчө кооздук түшөт да, анын аяк-башы бирдей көрүнөт.

«Чапкылоо» ыкмасы аркылуу бүткөн сөйкөлөр ичке, узун келип, ага түшүрүүчү түр «тап бердирме» (чөп башыланып, кооздук жөнөкөй түшүп, сейрек из түшүрүлөт) гана болот. Мына ушундай формадагы сөйкөнүн бир аз жазыраак кылып, анын бетине чеке-белине «сирке төгүлөт».

Желбирөөч, сөйкө, бой тумар, шакек, билерик, топчу, кыргак, чолпу күйөөгө аттануучу кыздын зер буюмдарынын жалпы бир бүтүмүн түзөт да алар кыз себинин ичине кирет.

Зергер бир эле сөйкө желбирөөчкө узанууда элдик зергерчиликтин («сыя төгүү», «сиркелетүү», «тогуз төбөлөтүү», «тордоо», «эшүү», «чыйратуу») кылдат ыкмаларын бүтүндөй колдонот.

Сөйкө желбирөөчтүн бир нече түрү кездешет. Сөйкө катары кулакка тагылуучу чакан сөйкө желбирөөчтүн иймеги берки сөйкөлөрдөй келип, дайыма кулакка жүрүүгө шартташкан. Ал эми желбирөөч жалаң асыл жердиктен көлөмдүү жасалып, көп машакаттар менен бүтүп, салмактуу келгендиктен төшкө тагылып, моюнга илинет.

Сөйкө желбирөөч — жалпы алганда конус формасындагы зым торчолору бар эки кулакка салына турган чачыктай төгүлгөн кош шөкөт. Мунун иймеги күмүштөн тандалат. Мында майда чыйратылган күмүш зымчалар иймектин алдындагы конус (тегерек сүйрү) темирдин сыртынан кылдат оролот. Анан анын этегине майда чыны шурулар, көз мончоктор, асыл таштар жана түрдүү түстөгү айнектер кылдат «тогуз төбөлөнүп» куткундалат. Зым торчолору төмөнкү түшкүнүн көздөй ортолору учуна чейин жыш мончоктолуп шурулантып, зергерленет. Албетте, желбирөөчкө мына ушундай узануу үлгүлөрү айыл ичинде жолугат. Биз этнографиялык жана тарыхый музейлерден да арбын сакталып турганын көрөбүз.

Желбирөөчтө зым торчолордун кооздукту жаратуу мааниси зор. Муну элдик зергерчиликте «тордоо», «эшүү» деп айтат. Кыздын төшүн жаркырата турган анын эки канатынын көрүнүктүү бөлүгү «тумарча» жасалат. Анын торчолонгон жана эшилген күмүш зымчалары ошо тумарчадан төрт бурчтук болуп чыгат. Желбирөөч учтары сөйкө желбирөөчтөн калакча өңдөнгөн майда-майда зер аркылуу сеңселе төкмө чачыланат. Мында буюмду «тумарча», «төрт бурчтук» бөлүмүнө түшкөн оюмга «сыя төгүүгө», жөн гана «сирке төгүп») (таруулантып, «көз мончоктотуп» таштоого да мүмкүн.

Сөйкөнү айчык формасына кейиптентип, майда зымчаларды коюп, же эшип, зергерлер ага кол жеткистей түр-көчөт түшүрүп, алардын арасына бермет коюп, кооздоп да келишкен. Муну өтө көркөмдөлгөн бир түрү желбирөөчкө өтө окшошот. Элибизде «кулагыңа сырга болсун» деген сөз бар. — Мында туруктуулукту, сөздү тыңдай, талдай билүүчүлүк, сөздү тута билүү касиеттерин символдоштурушат.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *